КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоду

Социал-демократтар партиясы кезектеги съезддин өткөрүп, президенттик кызматка премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды.

Партиянын төрага орун басары Фарид Ниязов Жээнбековдун талапкерлиги социологиялык сурамжылоонун негизинде 12 адамдын арасынан тандалганын, аны саясий кеңеш бир добуштан колдогонун белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулат деп билдирди. Өкмөт башчынын белгилешинче, бул 5 жылдык өнүгүү программасынын алкагында ишке ашат.

Жээнбеков ипотекалык программа улантыларын, ал бюджеттик мекемелерде иштегендерге гана эмес, баарына жеткиликтүү болорун кошумчалады.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *