Жумагүл ЭГАМБЕРДИЕВА: «Камсыздандырууга кайдыгер карабайлы»

Күн катуу ысыган сайын мөңгүлөр эрип, айрым аймактарда кайрадан сел жүрүп, элдин тынчын алууда. Андан турак үйлөр жабыркап, көйгөйлөр көбөйүп жатат. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААКнын төрайымы Жумагүл Эгамбердиева менен кабарчыбыздын маеги өлкөдөгү камсыздандыруу иштеринин оош-кыйыштары тууралуу болмокчу.

– Жумагүл Шариповна, быйылкы оор жаратылыш кырсыктарынан кийин айрыкча элеттик элибиз үйүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу зарылдыгын түшүнө баштадыбы?

– Мен ушул кызматка келер замат республиканын дээрлик бардык облустарын кыдырып, аймактык жетекчилер менен жолугуштум. Алардан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жардам берүүлөрүн өтүндүм. Буга чейин деле брошюралар чыгарылып, роликтерди тартып, жарандар менен жолугушуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген. Ошого карабай элди камсыздандыруу өнөктүгүнө жапырт тартуу абдан кыйын болууда. Айрыкча быйылкы Чоң-Алайдагы жер титирөө, Өзгөндөгү жер көчкү элибиз үчүн коңгуроо, айныксыз эскертүү болду. Өкмөттүн 2007-жылдын 8-майындагы №155 «Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу жабыр тарткан жарандарга ӨКМ тарабынан бериле турган 200,0 миң сом өлчөмүндөгү ссуда жана 50,0 миң сомдук бир жолку акысыз мамлекеттик субсидия берүү токтотулду. Токтомго байланыштуу жарандар табигый кырсыктардан жана өрттөн жабыр тарткан турак жайын ондоп түздөөгө каражат алуу үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан өз турак жайын камсыздандырып коюуга милдеттүү экенин калк арасына жайылтуу негизги маселе.

Ал эми элди коопсуз жайларга көчүрүү үчүн жер бөлүп берүү милдети жергиликтүү бийликтерге тагылган. Эсиңиздерде болсо керек, 2015-жылы Сузакта жер көчкү жүрүп, беш үйдү биротоло талкалап кеткен. Анын натыйжасында адам өмүрлөрү кыйылган. Иликтей келгенде, аларга тээ токсонунчу жылдардан баштап, 2000-жылдардын ичинде эле ссуда берилип, коопсуз жерден жер тилкеси бөлүнүптүр. Ошого карабай көчпөй отуруп алышкан. Андан тышкары, айрым жарандарыбыз мамлекет бөлүп берген коопсуз жерлерге балдарына там салып берип, а өздөрү болсо тоо түбүндөгү кооптуу деп эскертилген жерлерде кала бергендери бар. Белгилеп кетели, барган сайын элибиз камсыздандыруунун зарылдыгын аздан болсо да түшүнүп бара жаткандыгы байкалууда. Мисалы, былтыркы жылдын 1-февралынан баштап, 31-декабрына чейин жалпысынан 10 миң 813 жаран турак жай үчүн камсыздандыруу полисин алган. Бул сумма 8 млн. 640 миң 800 сомду түздү. Баарыбыз жаратылыш кырсыгынын бетин ары кылсын деп тилейбиз. Бирок, кырсык болуп кетсе камсыздандыруу компаниясы аларга 7 млрд. 401 млн. ашык сом төлөп берүүгө туура келет. Быйылкы май айында болгон Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн үйү жабыркап, мурда камсыздандыруу полисин алгандарга керектүү каражаттарды төлөп берип жатабыз. Андан тышкары, өлкө аймагындагы өрттөн, шамалдан, селден жабыр тарткан полиси бар жарандар да бизден жардам алышууда. Мына ушундай мисалдардан улам элде камсыздандыруу компаниясына туруктуу ишеним калыптанып бара жатат деп ойлойм. Анткени, 2017-жылдын январь айынан баштап, 30-июнга чейинки мөөнөттө 20 миң 275 жаран өз турак жайын камсыздандырышкан. Жогорудагы келтирилген сандарды салыштырсак, үйдү камсыздандыруу эки эсеге көбөйгөнү байкалууда. Азыркы күндө облустук, райондук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жардам берип жатышат. Биз алардын жардамына абдан эле муктаж экенибизди улам айтып жатабыз. Себеби, облустарда болгону үч эле штаттык кызматкерибиз бар. Ал үчөө ар бир түтүндү күнү-түнү кыдырса да камсыздандырууну пландагыдай жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт.

– Камсыздандыруу агенттеринин иши кантип жатат?

– Кызматкерлерибиз абдан тартыш болгондугуна байланыштуу камсыздандыруу агенттерин окутуп, даярдоонун, алар менен эки тараптуу келишим түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы камсыздандыруучу агенттер менен эки тараптуу келишим түзөт. Ал келишимде агент камсыздандырылган каражаттын жалпы суммасынын 10 пайызын эмгек акы катары алат. Республиканын түштүк аймагында жер көчкү, сел, жер титирөө көп катталууда. Ош облусундагы бир агентибиз 2017-жылдын 13-февралынан баштап, июль айына чейин 3946 үйдү камсыздандырган. Ал июнь айынын ичинде эле 1744 полисти жазып берди. Бул анын абдан жакшы ийгилиги. Бир жагынан ал элге да, ишибизди жеңилдетип бизге да жардам берип жатат. Ошол эле учурда өзү да абдан жакшы кошумча киреше таап, үй-бүлөсүн багууда. Дагы бир агентибиз июнь айында 368 жаранга полис жазып берди. Бул дагы жаман көрсөткүч эмес. Эгерде агент 1 млн. сомго камсыздандырса, 100 миң сом каражат таап алат. Мындай каражат айрыкча элет жеринде абдан жакшы киреше эмеспи. Бирок, окутуп, даярдаганыбызга карабай айрым агенттерибиздин тажрыйбасы жетишпей, ишти ката жүргүзүп койгондору да чыгып жатат. Ушундан улам биз жаңыча иштөө ыкмасын сунуштайлы деп жатабыз. Айыл элинин жагдайын ошол айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жакындан билип, абдан жакшы тааныйт эмеспи.

Ушуга байланыштуу айыл өкмөтүндө иштеген жооптуу катчы, социалдык кызматкер же салык адиси болобу, айтор, мына ушул контингент менен келишим түзсөк дейбиз. Алар биз менен пландуу, сабаттуу жана туруктуу кызматташып туруусу ишти илгерилетет деген тилек бар. Алар дагы камсыздандырылган полиске жараша 10 пайыздык кошумча каражат таап алышат.

– Жумагүл Шариповна, адатта элет жеринде үйдүн документин мыйзамдуу нукка салып коюуга шашылбагандар арбын эмеспи. Камсыздандырууда ушул маселе көйгөй жараткан жокпу?

– Туура айтасыз, ушул маселе такай көйгөй болуп келүүдө. Үйдү камсыздандыруу үчүн болгону эки гана документ керек. Ал – үй ээсинин паспорту жана турак жайга тиешелүү документтер. Жарандарыбыздын көбүндө мына ушул документтер толук болбогондуктан камсыздандыруу иштерине кедергисин тийгизүүдө. Бир жагынан караганда Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы социалдык долбоордун милдетин аткарып жатат. Мисалы, Улуу Ата Мекендик согуштун, Афганистан согушунун ардагерлерин, майыптарды, черноблчыларды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ж.б. бир нече категориялар боюнча жарандар бекер камсыздандырылып жатат. Элге жеңилдик болсун деп мындай социалдык багыттагы чечимди мамлекет башчысы, Өкмөт жана парламент биригип кабыл алышкан. Ал эми жарандарыбыздын өзүн жана автоунааларын камсыздандыруу иштери өтө жай жүрүүдө. Күн сайын жол кырсыктары катталып жатканына карабай, жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларды камсыздандырууда көйгөй көп. Буларга тиешелүү мыйзамдарда кайра карап чыгуучу жагдайлар бар. Өз өмүрүн камсыздандырууга мигранттарыбыз да көңүл бурушпайт. Бүгүнкү күндө биз Россия Федерациясынын “Росгосстрах”компаниясы менен кызматташууну жолго коюп жатабыз. Чет мамлекеттеги мигранттарыбыз дагы ар кандай кырсыктарга туш келген учурда коргоого муктаж.

2016- жылы үйлөрү түрдүү кырсыктардан жабыр тарткан 7 жаранга төлөм жүргүздүк. Ошондой эле 2017-жылдын башынан бери камсыздандыруу полиси бар 43 жаран бизден жардам алды. Өткөндө Чоң-Алайга барганымда, үйүн мурдараак камсыздандырып койгон жарандар бизден алган алгачкы каражаттарга курулушту дароо баштап жатышыптыр. Элет жеринде топурактан курулган сокмо үйлөр көп болот эмеспи. Учурда чоңалайлыктар жаңы үйлөрүн бышкан кирпичтен, сапат стандартынын бардык талаптарын сактап куруп жатышканын көрүп кубанып келдим. Ушундан улам биздин компаниянын ишинин баштапкы жыйынтыктары жаман эмес деп ойлойм. Эгерим жергебизде кырсык болбосун, эч кимдин үйү бузулбасын деп Жараткандан тилек кылабыз. Бирок, жаратылыш кырсыктары айттырбай келет экен. Жыл башынан бери республиканын түштүгүндөгү жер көчкүдөн отузга жакын адам шейит кетти. Жер титирөөдөн үйлөр жарактан чыкты. Чатырларда жашап калган жарандарыбыз үчүн жүрөк зыркырап кетет экен. Эгерде Кыргызстандын бардык жарандары үйлөрүн камсыздандырып коюшса, андан түшкөн каражат мына ушундай кыйналган журтташтарыбыз үчүн бери дегенде соопчулук болсо деле жаман эмес, туурабы?

– Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер титирөөдөн үйсүз калгандардын канчасы сиздерден жардам алды?

– Биздин компания алардын эч кимисине жардам бере алган жок. Тилекке каршы, ошол учурга карата алардын бири да үйүн камсыздандырып койбоптур. Бирок, бүгүнкү күндө Өзгөн району боюнча 4023 адам камсыздандыруу полисин алды. Эл барган сайын мунун канчалык керектүүлүгүн түшүнө баштаганы ушундан көрүнүп турат. Ал эми Чоң-Алайдын жер титирөөдөн жабыр тарткан элине камсыздандыруу сертификатын тапшырганы барып, мен мындай окуяга туш болдум. Былтыркы жылы бир айыл өкмөт башчысы “жогору жактан талап кылып жатат”, – деп, өз кызматкерлеринин үйлөрүн мажбурлап камсыздандырып коюптур. Май айындагы жер титирөөдөн үйлөрү жабыркаган ошол кызматкерлер алгачкылардан болуп бизден жардам алышты. Ушундан улам түшүндүрүү иштерин биз тынбай жүргүзө беребиз. Облустардагы кызматкерлерибизге: “кабинеттерде отуруп албагыла, жер-жерлерди кыдырып элге жолуккула, ал эми жумушу жоктордун, пенсионерлердин арасында өз ишине сабаттуу мамиле жасагандарды биздин агент болуп кызматташууга тарткыла”, – деп, тапшырма бердим.

– Камсыздандыруу иштери көйгөйсүз аткарылган мамлекеттерди мисал келтирсеңиз.

– Мен Белорусиянын камсыздандыруу тажрыйбасынан мисал келтирейин. Аларда совет мезгилинде системалуу жолго салынып калган камсыздандыруу ишмердүүлүгү ушул күнгө чейин токтобой иштеп келүүдө. Ал эми Кыргызстан ьэгемендүүлүк алып, союздук байланыштар үзүлгөндө бул иш токтоп калган болчу. Биздин Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы кайрадан түзүлгөнүнө 1,5 жылга гана аяк басты. Аларда МАИ токтоткондо машине үчүн же жаран ооруканага түшкөндө жарандын өзү үчүн камсыздандыруу полисин дароо сурайт. Үйдүн камсыздандыруу полиси жок болсо сатууга уруксат берилбейт. Үйүн күрөөгө коюп кредит алуучуларга дагы ушундай эле талап коюлат. Айтор, камсыздандыруу полиси милдеттүү документ болуп калыптанып калган. Андыктан, камсыздандырууга кайдыгер карабаганыбыз оң.

Маегиңизге рахмат.

 

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”