Быйыл орто мектепти бүтүргөн 30 миң окуучунун аттестаттары жараксыз болуп калабы?

2017-жылдагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн орто билим тууралуу аттестаттарында “документ жараксыз” деп ката жазылган. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө талкууланууда.

Анда айтылгандай документтин кыргызча бөлүгүндө «орто билим тууралуу аттестат жараксыз» деп жазылган. Колдонуучулар бул документ жарактуубу же жараксызбы деген суроону коюшкан.

Экс-депутаты Каныбек Осмоналиев дагы «Быйыл орто мектепти бүтүргөн 30 миң окуучунун аттестаттары жараксыз болуп калабы?» деген суроону коюу менен Россиянын жогорку окуу жайлары бул документти кабыл албай жатканын айтат.

Тактай кетсек, социалдык тармактардан төмөндөгүдөй билдирүүнү жолуктурууга болот:

Zamira Aiym Назгул Джанекова‎ в АКЫРКЫ МААЛЫМАТТАР
14 июля в 23:01
Саламатсыздарбы урматтуу социалдык тармактын колдонуучулары. Мен сиздерге айткым келген нерсе Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим жонундогу аттестаты жараксызбы?
Себеби: табелдин кыргызча болугундо томондогучо жазылган «жалпы орто билими жонундогу аттестаты жараксыз»
Ал эми орусча болугундо «Без аттестата о среднем общем образовании не действителен» деп жазылган
Демек быйылкы 2016-2017- окуу жылындагы бардык бутуруучулордун аттестаты жараксыз деп эсептелеби? Билим беруу минстрлигинин бул тууралуу маалыматы барбы,эгер болсо быйылкы бутуруучулордун окууга тапшырууда документтерин башкача айтканда аттестатын кантип кабыл алат? Же катачылык кетти бизден деп камырабай ондоп беришеби? Айткандарымды далилдоо максатында суротунда корсотууну туура кордум. Комментарий жазып сиздерда ой болушуп кетуунуздорду суранам.

Фото Zamira Aiym.