Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныган мыйзамды Мамдума үчүнчү окууда кабыл алды

1-июндан тарта чет өлкөлүк жарандардын Орусияда улуттук (орусиялык эмес) айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоору күчүнө кирген болчу. 5-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун расмий түрдө колдоп, натыйжада Кыргызстандын жарандарынын айдоочулук күбөлүгүн тааныган мыйзамды РФ Мамдумасы үчүнчү окууда кабыл алды. Өзгөртүүлөр «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзамга жана Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске киргизилген. Эми Кыргызстандыктар Кыргызстанда алган документтери менен эле айдоочу борлуп иштей алышат.