“Түндүк электр” ААК Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын 4 123 абоненттеринин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрдү…

Бүгүн, 18-июлда, “Түндүк электр” ААК Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын “акылдуу” эсептегичтерге кошулган 4 123 абоненттеринин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрдү. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Бишкек шаары боюнча -2 334, Чүй облусу боюнча -1 475, Талас облусу боюнча — 314 абонентке электр берүү токтотулган.

«Керектөөчүлөрдүн өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат (серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт).

«Мобильник», «QIWI»  төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн  электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт»,- делет маалыматта.