Жора СУЛАЙМАНОВ, “Ачык сөз” гезитинин башкы редактору: «Эркин, элдик гезиттен улуттун деми, мекенчил жыты буруксуп турушу кажет»

Кыргыз өлкөсү маалымат каражаттарына абдан бай болгону балким жакшыдыр. Анткени ар түркүн пикирдеги маалыматтарды окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Гезиттердин азыркы жашоосу тууралуу өзүнчө сөз кылсак болот. Бүгүнкү гезитчилердин абалын, оң-терс жактарын билүү максатында “Ачык сөз” гезитинин башкы редактору менен аңгеме-дүкөн курдук. Анда эмесе чогуу-чаран көңүлүбүздү төшөп окуп коёлу.

– Мен билгенден жаш кезде Токтогул райондук “Учкун” гезитинде иштеп жүрдүң. Андан кийинки эмгек жолуң тууралуу учкай айта кетпейсиңби?

– Журналисттик диплом колго тийген соң оболу райондук “Учкун” гезитинде иштедим. Мага раматылык болуп кетишкен атамдын теңтуштары Карыпбай Өмүкеев, Жообасар Сүйөркуловдор өз баласындай мамиле кылышып көп кеңештерин беришти. Кийин Бекмамат Осмонов Жалал-Абадга губернатор болуп дайындалып, райондук гезиттерди жоюп жибергенде чөлкөмдүк “Нарын нуру” деген гезиттин баш редакторунун орун басары болуп үч жылга жакын эмгектендим. Б.Осмонов иштен түшөр замат чөлкөмдүк гезиттер жабылды.

1993-жылы борборго сапар алууга туура келди. Бишкекте ошол кезде өкмөттүк гезиттерден сырткары “Асаба”, “Кыргыз Руху”, “Аалам” деген басылмалар окурмандын колуна тийип турган. Тагдыр буюруп Султан Раевдин “Кыргыз Руху” гезитине аралашып калуума жол ачылды. Үч кабинетте он бештен ашуун журналисттер жүргөнүн элестетип көрсөң. Раматылык Эгемберди Эрматов ошол кезде орун басарлык ишти алып барчу. Мамат Раимжанов, Калил Жамгырчиев да бул ааламды таштап кетишти. Муса Чечеев, Эрнис Мусаев, Закен Тулпарова, Жаркын Темирбаева, Турусбек Мадылбай сыяктуу кесиптештер менен “табакташ” болуп калганымды көбү билбейт. Бири-бирибизди айттырбай түшүнгөнүбүздөн редактор экөөбүз көбүрөөк командировкалап жүрдүк. Кийин гезитти Султан Урманаевге сатып жиберди.

– Ошондон кийин бир аз тыныгууда болуп калганыңды билебиз. Деги эмнеге чыгармачылыктан чегинүү жасап кеттиң эле?

– Капыстан ооруп калып, чыгармачылыкты убактылуу таштоого туура келди. Айтор, кыйлага чейин “антракт” кылууга туура келди. Антсе да баары бир көкүрөктү ээлеген чыгармачылыкка кайрадан кириштим. “Жаңы ордо”, “Чалкан” гезиттерине кол кабыш кылдым. Коомчулукка таанымал Мелис Айдаркулов менен бир кайыкты айдадык. Тилекке каршы кожоюн мырза “Чалкандын” эшигин бекитип салды. Андан кийин “Азат” гезитине баш редакторлук кызматка чакырышты. Албетте, каражат табууну да моюнга жүктөп койгондуктан кетүүгө аргасыз болдум. Ал ортодо “Мекен инфо” гезитине кайрадан баш редакторлукка сунуш түштү. Аны да келкелине келтирип койгондо сугун арткандар ээлеп алышып, түз бараткан жолунан адаштырышты. Учурда аты аталган гезиттер иш билги, камкор жетекчиси жок чыкпай турган кези.

– Кызык экен, анан “Ачык сөздү” качан жашоого алып келдиң? Каражат маселесин чечүү оор болсо керек? Анда эмесе ушулар тууралуу сөздү улантсаң?

– Жаш кезден бери гезиттин турмушуна аралашып жүргөн соң акылыңа келет экенсиң да. Жең түрүнүп үч жыл мурда ушул гезитимди башынан сылап телчиктирип алдым. Акырындык менен күүгө келтирип, жазмакер ага-инилерди, карындаштарды таап тегерегиме топтодум. Ошонун акы- бети кайтып азыр интеллигенция өкүлдөрүнүн чордонуна айланды. Мени менен азыр окумуштуулар, калемди барктап-баалаган чыгармачыл адамдар, мугалимдер, аймактагы белгилүү журналисттер байланышта турушат. Жалаң эле борбордун тегерегин тытмалай бербей, бүткүл республиканын жер-жерлериндеги орчундуу маалыматтарды камтуу башкы орунда. Ал тургай Тажикстандагы кыргыздар жашаган Жерге-Тал, Мургаб райондорунан мага кабар жөнөтүп турушат. Гезитибиз да ошол аймактардын окурмандарынын колуна тийип агитаторлук кызматын өтөп жатат. Негизи биздин активдүү кабарчыларыбыз барган сайын көбөйүп баратат.

Каражаттан кыйынчылык жок десем калп айткан болом. Биз жай турмуштагы мамилелеш адамдар менен эле жармакташып чыгып келе жатабыз. Бир дагы олигарх, мурдун көтөргөн саясатчы менен каражат маселесин талкуулаган эмеспиз. Анткени алардын көздөгөнүн илгиртпей сезүүгө анчалык акылдын зарылдыгы жок. Кандай болгон күндө да гезитке каражат аба менен суудай керектелет. Ошол оорчулуктун жолун таап башкалардан калышпай чыгып келе жатканыбызды эрдик деп койсом аша чаппайм.

– Биз билгенден былтыр журналисттер күнүндө өлкөбүздүн президентинин сыйлыгынын лауреаты болдуң. Мындай сый-урматка жетишүү оңой болбогондур?

– Бир жактуу эле материалдарды берүүнүн кесепети сөзсүз тиет. Ошондуктан калыстык менен чындыкка жакын орунтуктуу аналитикалык макалаларды берип туруу өз үзүрүн берет. Анын үстүнө менин аркамда “тигиндей кыл, минтип жаз” – деп буйрук берген кожоюн жок. Маселени мен жеке өзүм чечем. Көбүртүлүп-жабыртылып чаргытылган маалымат, же атайын бурмаланып жазылган материалдарга “жарык” берилбейт. Ошолордун баарын иликтеп чыккан президенттин саясат бөлүмү чамасы өзүнүн туура баасын бергендей. Мен эмгегимдин бааланганына ак дилден сүйүндүм.

– Жоке, мына сен экөөбүз өмүр бою ушул кесипти аркалап келе жатабыз. Бүгүнкү журналистиканын абалы сени ойго салбайбы?

– Азыр басылмалардын көптүгүнөн баш айланат. Бизден кийинки муундун журналисттери публицистика деген эмне экенин баамдагысы келбейт. Жеңил-желпи материалдардын, шоулардын артынан түшүп алышты. Кээ бир гезиттерди барактасаң колго илинер материалды табалбайсың. Айрымдары жалаң жетишпейт, бизде эркиндик жок деген менен оозанган материалдарды жазганына кумарланышат. Баарынан да буйрутма, бирөөлөрдү каралаган материалдарды жазган өзүнчө топ пайда болду. Алар өзүлөрүн пиар-журналистмин деп эсептейт. А бирок бизге өтө жооптуу милдет тагылган. Биринчи кезекте Кыргызстандын келечеги үчүн “оорушубуз” жүйөлүү. Биртке алган акчаң эртең эле түгөнөт. Ошондуктан кыргыздын ариетине, дөөлөттөрүнө, нарк-насилине доо келтирүүдөн алыс болушубуз кажет. Улуттар ортосуна от жагуу, майдаларды кемсинтүү деген жаман жоруктан алыс болушубуз абзел. Гезит деген мекенчилдикке, адилеттүүлүккө, таза абийирге, эмгекчилдикке тарбиялашы керек. Оболу “мен кыргыз өлкөсүнүн жаранымын, Ала-Тоом үчүн тикемен тик туруп берүүгө даярмын!” – деп жашоого багыт алганыбыз туура болот. Эркин, элдик гезиттен кыргыздын деми, мекенчилдиктин жыты буруксуп турганда гана биз бакубат өлкөдө бактылуу жашай алабыз.

Тойчубай СУБАНБЕКОВ, КР жазуучулар Союзунун мүчөсү, Журналист