Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

(Башталышын бул жерден окуңуз)

 

– Кара башыңа көрүн! – деп жиберди бир убакта. – Жаман жорукту баштабай, бас жаагыңды!

Бала азга тынчый калып:

– Апа-а?! – деп ого бетер күчөп кетти.

Ошондо гана беркилер кептин чоо-жайын түшүнүштү.

– Ук, какмар! Каадалуу апасы бардан бетер, кара муну! Апаң калды тиякта! Апа керек болсо, чурка! Карга, кузгунга жем кылбай көөмп ал! –деди ансыз да туталанып, араң келе жаткан Абылай.

Калгандары унчуга алган жок. Касен сары гана бир нерсе айтчудай оозун таптап барып, унчукпай калды.

Бала Абылайдын сөзүнөн улам кадамын жайлатып, ал көрсөткөн тарапты карап, томсоруп туруп калды.

– Кичине токтой тургулачы, – деди аңгыча Абылай эсине бир нерсе түшүп кеткендей артындагыларды токтотуп. Баары Бектемирди жерге коюп, эс алып туруп калышты.

– Эй, бери кел?! – колун көкүрөк чөнтөгүнө сойлоткон Абылай жол боюнда турган баланы чакырды. –Кел, келе гой? Бирдеме берем? Ме?!

Чөнтөгүнөн сары тыйындарды алып чыгып: “Бир, эки… алты, жети”, – деп санады да

Тынар келгиче Бектемирдин башынан тегеретип:

– О, Кудай, айланайын, баламдын башы көзүнөн садага! Балама келген саат-кырсык, баламдын жанын жеген оору, жамандык ушул акча менен чыгып, барар жерине барсын! Баламдын башы-көзүнөн садага! – деп, дагы бир топко чейин ичинен күбүрөнүп бүтүп, тыйынга үч ирет: “Тфу, тфу!” – деп түкүрдү да, салпылдап жетип келген бечаранын колуна карматып:

– Ме! Бекем кат да, артыңды карабай чуркап кет! Тигине, апаң келе жатат! Бар! – деп өздөрү келген тарапты жаңсай көрсөтө салып, өзү да кеткенге шашкалактап калды.

Акыл-эси тайкы болгону менен энесин издеп чыгып, эми ошолор көрсөткөн тарапты карай дулдулуңдап чуркап бараткан баланы карап туруп, баятан бери ичинде ит өлүп араң келе жаткан Касен “тарс” жарылып, көрпөчөнүн бир учун коё берип, четке чыга берди:

– Тфу, сенин бетиңе! Кантип дитиң барды?! Өзүмчүл! Акмак! Көрсө, мен келесоолугумдан өз баламды талаага таштап салып, сенин балаңды көтөрүп келе жаткан турбаймынбы! Сенин балаң – бала, калганыбыздын балабыз бала эмес экен да?! Ушу… мен да акмак! Ушу кем акыл балача мээм жок!

Адегенде жакалашчудай кысаңдай түшкөн Абылай кайра өзүн кармап, Алымкандын уулунун артынан беттенип калган Касендин тизесин кучактап отура калды:

– Антпе, Касен? Бир тууганбыз, бир боорбуз. Мени эмне, жыргаганымдан же көпкөнүмдөн ушуга барып жатат дейсиңби?! Бул – салт, ата бабадан келе жаткан ырым. Болбосо, Бектемир да, Асан да, тиги бала да мен үчүн бирдей… Суранам, Каке? Асанды агалары издеп кетпедиби, сөзсүз таап келишет. Көрөсүң го. Менин жүрөгүм сезип эле жатат. Ал аман-эсен, ойноп-күлүп эле келе жатат. А Бектемириң сенин көз алдыңда жатпайбы минтип?!. Кантип таштап кетесиң?! Балаң үчүн батамды берейин, каалаганыңды берейин, Каке?!

Абылайдын: «Менин жүрөгүм сезип эле жатат. Ал аман-эсен, ойноп-күлүп эле келе жатат», – дегенине бир аз ток пейил тарта түштү. Анткени, өзүн да сооротуп келе жаткан ушул ой болчу. “Болбосо, мына бу башканын тамырын тартып, башканын ички дүйнөсүн билген жүрөк өз балама келгенде кантип эле эч нерсени сезбей, жайбаракат калсын? Бир жамандык болсо, сезет элем… Ылайым эле ошондой болсо экен”, – деди оюнда.

Алардын талаш-тартышын угуп, сезип, денеси от менен жалын болуп келе жаткан Бектемир катуу бир онтоп алды. Чындап эле ага боору оорудубу же дагы эмне болуп кетет деп коркуп, эптеп эле айылга жеткиси келдиби, Таңырбай:

– Каке, “урушта – туруш жок” дейт. Алладан жаман уулуңдун аманчылыгын, жакшылыгын тилейли. Бектемир да сенин балаң, айткандай эле өмүрү сенин колуңда турат. Ай-талаага калтырып кетсең болбойт го? Сен деген касиеттүү жайчы атанын тукумусуң да, Касен?! – деп кыйпычыктап жиберди.

“Жайчы атанын тукумусуң да” дегенди укканда, ушул атка эзелтен кир жугузгусу келбеген Касендин денеси ымыр-чымыр болуп, эми эле тарамыштай түйүлгөн булчуңдары бошоп, өзүнө келе түштү. Анткени, бул сөз анын бала чагынан берки кулагына кыттай куюлган, жагымдуу сөз эле. Бала кезде ыйлап калса да чоң энеси менен өз энеси: “Кагылайын, ыйлаба. Сен деген касиеттүү атанын тукумусуң. Акылдуу болушуң керек. Сен жөн бала эмессиң да”, – деп сооротуп, бооруна кысчу. Аталары да аны ушул сөз менен шыктандырып, ошол сөздүн арты менен башка балдардын арасында өзүн-өзү баалап, көтөрүп жүрүүгө үйрөтүшкөн. Кийин, ата сакалы ээгине бүтүп, пайгамбар жашынан өтүп калган ушу учурда деле касиеттүү жайчы атанын тукуму экени ага дем, күч, кубат берип келет. Өзү да уул-кыздарын ушул сөз менен оозандырып, ушул сөз менен таптап, өстүргөн. Айрыкча муну Асанга көп айтар эле: “Балам, сенин ата-бабаларың жөн кишилер болгон эмес. Сен деген тектүү тукумдун урпагысың. Ата-бабаларыңдын арасында кыш чилдеде торгой сайратып, жай чилдеде кар жаадырган катуу жайчы болгон. Ошол жайчы атабыздын ай десе – айдай, күн десе – күндөй болгон, акылына ай ааламдын бүт аялзатынын акылы чак келе албаган жалгыз кызы болуптур. Атасы ушул кызына өз өнөрүн төкпөй-чачпай үйрөткөн имиш… Мына ошол өнөрдүн керемети менен биздин эжебиз бир айыл элди чоң алааматтан сактап калган имиш…”

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.