Улуу Британиянын парламенти өз ишин токтотту

Улуу Британиянын парламенти шаршембиге караган түнү мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотту. Өлкөдө 8-июнда кезексиз шайлоо өтөт.

Британ мыйзамдарына ылайык, шайлоого 25 жумушчу күн калганда парламенттин иши токтотулат жана Коомдук палата мүчөлөрү депутаттык макамдарынан ажырайт. Вестминстер сарайындагы иш орундарын бошотуу үчүн аларга бир нече күн берилет.

Бүгүн Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй ханыша Елизавета II менен жолугуп, ага парламенттин тарашы жана шайлоо кампаниясынын башталышы тууралуу маалымат берет.

18-апрелде Мэй парламенттен шайлоону мөөнөтүнөн үч жыл эрте өткөрүүнү сураган. Саясий өнөктүктүн жыйынтыгы менен премьер-министр – консерваторлордун лидери өз позициясын бекемдөө ниетинде.

2016-жылы жайында британдыктар Евробиримдиктен чыгуу боюнча добуш беришкен. Улуу Британия ЕБга 1973-жылы кошулган жана анын катарынан чыккан алгачкы өлкө болуп калат.