ЮНИСЕФ: “БУУнун жаңы программасы зордук-зомбулукту алдын алууда маанилүү ролду ойнойт”

 18-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги (DFID) жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) социалдык ынтымакты түзүү жана зомбулукту болтурбоо боюнча жаштар үчүн жаңы программа сунушташты. Суммасы 1,95 млн фунтстерлингди (2,5 млн АКШдоллары) түзгөн төрт жылдык программа Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы чек аранын жанындагы райондордо, ошондой эле Ысык-Ата жана Караколдо ишке ашырылат. Программа жамааттардагы социалдык ынтымакка, балдар укуктары тууралуу маалымдоого көмөктөшөт, ошондой эле теңсиздикти, чыңалууну азайтып, жаңжалдарды алдын алат.

Жаңы программа тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смит жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан айым маалымдашты.

 

ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан айым: «Өспүрүмдөр жана жаштар тынчтыкка жана өсүп-өнүгүүгө жетүү үчүн өтө маанилүү ролду аткарышат. Бул жаңы программа мурдагыдан да коопсуз жамааттарды түптөп, өз ара түшүнүшүүнү жакшыртып, жаштардын укуктарын коргойт, ошондой эле алардын жашоосуна таасирин тийгизген чечимдерге өз пикирлерин кошууга жардам берет. Бул жаштардын өздөрүнө гана эмес, жалпысынан коомго, мындан тышкары болочок муундарга пайда алып келет”, — деп кошумчалады ал.

Өспүрүмдөргө социалдык көйгөйлөргө реакция жасоонун аспаптарын берүү үчүн жарандык билим берүүнү стандартташтыруудан тышкары, балдарга жана жаштарга ак ниеттүү муниципалитетти түптөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз чечимдерин пландоосуна жана кабыл алуусуна, катышуусуна мүмкүнчүлүк алышат.

 

Уулу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит:

«Балдардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, көп тилдүү билим берүүнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын көтөрүү аркылуу бул программа коомдук биримдикти бекемдөөдө жана зордук-зомбулукту алдын алууда маанилүү ролду ойнойт. Баарыбыз биргеликте Кыргызстандын жаштарына сабырдуу жана туруктуу көз карашты өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк берип, ошондой эле жашоодо ийгиликттерге жетүү үчүн колдообузду көрсөтүшүбүз керек”,  — дейт элчи.

Көп тилдүү билим берүү мындан ары мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана мектептерде жайылтылат. Ошондой эле өспүрүмдөргө жана жаштарга жардам берүү үчүн программа зомбулуктун курмандыктары менен катаал кайрылуулардын курмандыктарына психилогиялык, юридикалык жана адистештирилген жардам берет. Мындан тышкары мыйзам менен байланышта турган балдар тийиштүү коргоо жана колдоого ээ болушат.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. Ал эми ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

 

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”