Орто Азиядан ондукка жалгыз Кыргызстан илинди

Дүйнөгө белгилүү National Geographic илимий-популярдуу журналы туристтер менен саякатчылар көп келиши керек делинген алдыңкы 10 мамлекеттин катарына Кыргызстанды кошту.

Бул тизмеге Орто Азия чөлкөмүнөн жалгыз Кыргызстан кошулган. Басылмадагылардын баамында Кыргызстандагы ажайып кооз жерлердин көптүгү, баалардын анча кымбат эместиги жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен болгон визасыз режим биздин өлкөгө туристтердин агылып келишин шарттайт.