Суюлтулган газ суу эмес, анын эрежеси бар

Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы 19-июнда газ куюучу станциядагы жарылуунун кубаттуулугунан 20 килограммдык баллондор 500 метрге чейин учуп түшкөнүн көргөндөр бар. Ошол учурда 50 жаштагы сокулуктук жаран газ ташып келип, он жаштагы уулун көлгө түшүрө кетмекчи болуп жанына ала жүргөн. Бирок, ата-бала ошол кырсыкта тирүүлөй күйүп кетти. Бүгүнкү күнгө чейин ооруканадан каза болгондорун кошкондо беш кишинин өмүрү кыйылды.. Денесинин 70 пайызы күйгөн дагы бир жаран ооруканада оор абалда жатат. Түрдүү жаракат алып, дарылангандары да болду.

 

Эскертүүгө эсирген мамиле жасалыптыр…

Териштирип көрсөк, жарылган газ куюучу жай жергиликтүү жаран Виктор Бориского тиешелүү экен. Союз учурунда ал жерде МАИ кызматынын контору болуптур. Бориско ал жерди ижарасыз эле алып, көп мезгилден бери иштетип жүргөн. Бориского тиешелүү газ куюучу жайдын абалы кооптуу болгондуктан, жер ижарасы, өрт коопсуздугу, экотехникалык коопсуздук маселелерине жооптуу органдар кырсыкка чейин бир ай мурда барышып, иштөөгө тыюу салып кетишкен. Бирок, Бориско тыюу салуу үчүн жабыштырылган пломбаны өзүм билемдик менен сыйрып таштап, кайрадан иштете берген. Бизге жеткен маалыматтар боюнча анын Бишкектеги күч түзүмдөрүнүн биринен колдогон кожосу болгондугу айтылууда. Ал коопсуздук боюнча эскертүү берген органдарды “крышасы” менен опузалап: “Сага эмне проблема керек болуп жатабы?” , – деп кекетип жүргөн. Кырсык каш-кабактын ортосунда деп бекер айтылбайт. Ошол каргашалуу күнү Виктор Бориско бир таанышын чакырып алып, газ толтуруу процесси жүрүп жаткан учурда 15 метрдей аралыкта оңдоо иштерин жүргүздүрүп жаткан экен. Болгондо да темир кесүүчү болгарка менен иш башташткан. Электр тогу менен иштөөдөн чыккан учкундар суюлтулган газ менен детонация болуудан жарылуу чыккан. Болгарка менен иштеген жигит окуянын эртеси ооруканадан каза тапкан. Көп жылдан бери суюлтулган газ менен ишкердик жүргүзүп келген Бориско адам өлүмү менен коштоло турган чоң окуя чыгарын түшүнүп туруп, эмне үчүн тобокелчиликке барганын эч ким билбейт.

Адистердин айтымында Ананьеводагы окуя мындан да катуу кесепеттерге алып келмек экен. Чүйдөн ташып барылган суюлтулган газ толтурулган көлөмдүү жабдуу Голландиянын өндүрүшүнөн чыгарылгандыктан, өрткө каршы коргонуу сапаты өтө жогору болгон. Ошол себептүү ал жарылбай калыптыр. Эгерде жалын анын ичиндеги 7 тонна суюлтулган газга жеткенде тегерегиндеги 15-20 чакты турак үйлөрдү кошо “жалмап” кетмек. Чоң көлөмдөгү газ абаны кысып өйдө көтөрүлгөндө, терезелердин айнектерин кошо талкалап, үйдүн ичине кирмек. Ансыз да ошол трагедиялуу окуяга тиешеси жок, бейкүнөө адамдар жабыр тартып калышты. Аптаптуу ысыкта машиненин айнегин ачып алып, жолдон өтүп бара жаткан “Мерседес” үлгүсүндөгү бир автоунаанын салонуна жалын бүркүлгөн. Жарылуунун күчү машинени жарым метрдей өйдө көтөрүп, кайра тыштап жиберген. Тилекке жараша, анын ичиндеги айдоочусу аман калыптыр. Окуяны иликтөөгө алган мамлекеттик органдардын кызматкерлери ооруканадан Борисконун өзү менен бир аз гана сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. “Эчтеке болбос”, – деген шалаакылык адамдардын өмүрүн алып, үй-бүлөлөрүнө кайгы алып келгенине эми о дүйнө кеткен Бориско жооп бере албайт…

 

Былтыр Бишкекте, быйыл Ысык-Көлдө жана Ошто…

– Ысык-Көлдөгү трагедиядан бир ай өтө электе суюлтулган газдын жарылуусунан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы “Встреча у Дастана” кафеси өрттөнүп отурат. Андан кафенин 47 жаштагы ашпозчусу каза таап, экинчи ашпозчу өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Республика аймагында мындай окуя биринчи жолу чыгып жаткан жок. Өткөн жылдын 6-июнунда Бишкекте “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдогу СПАД фирмасындагы газдын жарылуусунан алты адам каза болгон. Ал жерде дагы Ананьево окуясынын кудум өзүндөгүдөй коопсуздук эрежелери одоно бузулган. Газды куюп жатканда шлангдын жарылышынан газ агып жатканын көрбөгөн бирөөсү тамекини таштагандан улам өрт чыккан. Совет мезгилинде суюлтулган газдын Ошто, Бишкекте, Балыкчыда станциялары болгон. Ал ишканалар газ баллондорду алып келип, текшерип, сыноодон өткөрүүгө чейинки бардык жумуштарды өздөрү аткарышчу. Жергебизге демократиянын желаргысы келе баштаганда эле бул иш дээрлик башаламан жолго түшө баштаган. “Ишкерлерге бут тоспогула, текшербегиле”, – деген принцип коюлгандан бери ар ким өз билгенин кылып, коопсуздукту сактоону унутушкан. Бүгүнкү күндө жүк ташуучу машинеге суюлтулган газдын жабдуусун орнотуп алышып, “Дордой” базарынын ичиндеги көптөгөн тамак-аш бышыруучу жайлардын туш келген жерлеринде куюп жүргөндөрдү көрүүгө болот. Коомдук тамактануучу жайлардын иши газ баллондорсуз жүрбөйт. Газ жеткирүүчүлөр техникалык коопсуздукту сактоо мындай турсун, адам өмүрүнө одоно коркунуч келип жатканына карабай кафелердин ичине кирип, куюп кетип жатышат. Совет учурунда газды толтуруучу мекемелер газ баллондун коопсуздугуна дагы өздөрү жооп беришкен болсо, азыркы учурда баллондун коопсуздугун, ага кайсы фирма куйганын текшерип билүү өтө кыйын.

Азыркы учурда республиканын аймагында “Элгаз”, “Газпром нефть Азия” жана “Нургаз” деген үч газ толтуруучу станция бар. Алар жалпысынан болжол менен 12000 -13000 газ баллондорго ээ. Бирок, республикадагы газ ишмердүүлүгү булар менен эле чектелип калган жок. Казакстандан контрабандалык жол менен газ ташыгандар тыйылбай келүүдө. Себеби, казактарда газ арзаныраак. Жашыруун газды ташуудан кынык алгандарга “жыргал” болуп, талаа-түздөн, каалаган жерден куюп берип жатышат.

 

“Дордойдогу” коркунучту четтетүү керек

Калк эң көп кирип-чыгып турган “Дордой” базарында жогорудагыдай кооптуу кырдаал толтура экендиги дайын болууда. Ал жактагы тамак-аш бышыруучу жайларга баллондорду колдонуу абдан башаламан, техникалак эрежелерди сактоо эч кимдин оюна келбейт. Жогорудагы кайгылуу окуялардан улам “Дордой” базарында рейддерди өткөрүү акыркы күндөрү колго алына баштады. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Өкмөттүн протоколдук тапшырмасын алгандан кийин, баллонду колдонуунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө киришти. Газ баллонду күн кайнап турган ысык жерге коюуга болбойт. Имараттын ичинде бир нерсе менен жаап коюу да жарабайт. Шаардагы кафелердин ичинде газды иштетип коюп, кайра жабууну унутуп кеткенден да кырсык чыгыш ыктымал. Эреже боюнча газ баллонду сыртка чыгарып, көлөкө жерге, шамалдап туруучу жайда кармоо ылайыктуу.

Бүгүнкү күндө Бишкектин көчөлөрүндө кайнаган ысыкта газ боллондорду коюп алып, тоок-гриль бышыргандар жайнап кетти. Буларга Экотехинспекциянын кызматкерлери көчөмө-көчө кыдырып эскертүүлөрдү жазып жатышкан чагы. “Биз жол патруль кызматы менен биргелешип иштебесек болбой калды. Анткени, “Дордой” базарына газ ташыгандар уурданып кирип, газды толтуруп бере салып, качып кетип жатышат. Эртеси күнү кармаганы барсак, машинесин башка жерге жашырып коюп алышат же качкан боюнча үйүнө кирип барып токтотуп коёт. Бизде шопурду үйүнөн кармап чыгууга укук жок. Конституциябызда жарандын жеке менчик мүлкүнө кол тийгизүүгө болбойт деп жазылган. Мындай “качаанчаак” шопурларды газды куюп жаткан жеринен кармоо да оңой жумуш эмес. Эреже боюнча баллонду тыюу салынган жерде толтурууга болбойт. Анткени, куюп жаткан учурда кырсык көп болот. Аны атайын газды куюп берген жерге алып барып толтуруп, коопсуздугун текшертип ташып келүү керек”, – дейт, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өнөр жай коопсуздугу боюнча ага инспектору Таалай Айдаркулов.

Базардан колу бошобогондор баллонду ташып баргысы келбейт. Анын ордуна өзүнүн да, айланасында жүргөн башкалардын да өмүрүн тобокелге салып, ташып келип саткандардан толтуруп калууну эп көрүп алышкан. Газ ташыгандар бир баллондон 130-140 сомго чейин пайда көрүшөт. Бир күндө он баллонду толтурушса 1400 сом. Алар 10 баллонду бир эле кафеге куюшат. А чынында алардын бир күндүк “жайыты” абдан эле кенен…

 

Рейддер жүргүзүлөт, тартип күчөтүлөт

Газ куюунун эрежелери тууралуу Таалай Айдаркулов мындай дейт. “Газды толтуруунун эң жөнөкөй эрежелери бар. Газды толтуруунун алдында машиненин дөңгөлөктөрү катуу нерселер менен тирелиши керек. Машиненин кыймылдаткычын биротоло өчүрүү зарыл. Ал учурда машиненин ичинде башкасын кой, магнитофонду да ойнотууга болбойт. Адамдар дагы сыртка чыгуусу зарыл”, – дейт. Газ толтуруучу ишканалар баллондорду 5 жыл сайын техникалык сыноодон өткөрүп, эгерде жарактуу болсо паспортуна уруксат берилет. Ал ар бир баллондун үстүнкү бөлүгүндө бекитилген калай болот. Газ таратуучу ишканалар кардарларга адегенде газ баллондун ооз бөлүктөрү дыкаттык менен бекитилгенин аныктап бериши керек. Тилекке каршы, газ толтуруучу ишканалардын көпчүлүгү баллондорду сыноодон өткөрүүчү адистердин кызмат ордун жоюп салышкан. Бүгүнкү күндө газ толтуруучу машинелер сыноо мөөнөтү өткөн, сырдалбаган, тиешелүү жазуусу жок баллондорду текшербей туруп, көчөдөн эле толтуруп кетип жатышат. Баллондун ичин мурда куюлган заттардан тазалап туруп анан толтуруу талабы сакталбайт. Газ баллонун колдонуучулар биринчи кезекте анын техникалык сыноодон өткөндүгүн тастыктаган датага көңүл бурушу зарыл. Баллон майышпай, сырдалып, ачып-жабууда вентилдери болушуна көңүл буруу керек.

Өткөн аптада Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков адам өмүрүн алган акыркы окуядан кийин газ коопсуздугун четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерине жыйын өткөрдү. Машинелерине газ жабдыктарын оронтуп алып, арзан газ саткан айдоочулардын кесепетинен кырсыктар көбөйгөнүн белгиледи. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Муратбеков бүгүнкү күндө өлкөдө 116 унаа газ станциялары иштеп жаткандыгын, текшере келгеде 233 эреже бузуулар катталгандыгын айтты. Аларга айып пул салынып, административдик чаралар көрүлгөн. 10 унаа газ станциясынын иши убактылуу токтотулган. Кырсыктын дээрлик баары көзөмөлдүн жетишсиздигинен жана газды куюп жатканда басымдын чегин көбөйтүп жибергенден болуп жатат. Ушул кезге чейин газ станцияларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу бирдиктүү эреже иштелип чыга элек. Ушуга байланыштуу Экономика министрлигине, өзгөчө кырдаалдар министрлигине, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине суюлтулган газды ташуу, сактоо жанасатууну жөнгө салган өнөр жай коопсуздугу тармагындагы ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгып, Өкмөттүн кароосуна киргизүү тапшырылды. Мындан ары аларга рейддерди күчөтүү, эреже бузгандардын ишин токтотууга чейин чаралар көрүлмөй болууда.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,

“Кыргыз Туусу”