Казакстан: Атышуудан алты киши жаракат алды

17-июлдан 18-июлга караган түнү Казакстандын Мангистау облусунун Каракыян районунундагы Курык айлында атышуу болгон. Натыйжада алты киши жаракат алган.

Жергиликтүү маалымат булактары белгилешкендей алардын үчөөнө жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн жана 20-23 жаштардагы дагы үч жигит ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Дарыгерлер алардын биринин абалы оор дешет.

Атышууда бир нече киши өлгөнү дагы айтылууда. Бул маалыматты азырынча тиешелүү органдар тастыктай элек.