Кайнардагы мектеп эки тараптын «кармашуусунун»объектисиби? Же чын эле ал жерде көйгөйлөр арбынбы?..

Курулуш иштери талапка жооп бербегендиктен, 2016-жылдын апрель айында экотехинспекция тарабынан токтотулган Кара-Буура районундагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктабай жатып, чуусу республикага жетти.

«Кыргыз Туусунун» 7-июлдагы санында мектеп саздак жерге курула тургандыктан, жер алдындагы суунун деңгээлин ылдый түшүрүү максатында дренаж куруу каралганы, бирок капиталдык курулуш башкармасынын адистеринин маалыматы боюнча 4,69 метр эмес, 2,8 метр тереңдикте гана курулуп калганын жазганбыз.

Капиталдык курулуш башкармасынын адистеринин маалыматына караганда, мектептин фундаментинин бир нече жеринен жарака кеткен. Өткөн жылдын 15-июлунда өткөн Мамлекеттик экотехинспекциянын техникалык кеңешинин жыйынында Кайнар айылындагы мектептин деффектилерин четтетүү белгиленген. Жыйында суу алдындагы сууларга гидрологиялык байкоолорду жүргүзүү, мектептин фундаментиндеги жаракалардын чоңоюшуна бөгөт коюу боюнча кошумча иш-аракеттерди жүргүзүү милдеттери коюлган. Ошондой эле фундаменттин жарака кеткен жерлерин бекемдөө иштери да каралган. Мындан тышкары көптөгөн кемчиликтерди, өксүктөрдү четтетүү боюнча көрсөтмөлөр да берилген. Техкеңештин жыйында экотехинспекциянын начальниги Г.Ибраимова саздак жердин көйгөйүн чечүү үчүн кыртышты изилдөөнү кайрадан жүргүзүү маселесин айткан.

– Долбоордун автору Н.Чыналиев аппаратты алып келип кыртышты изилдөө ишин кайрадан 10 күндүн ичинде жүргүзүүгө убада берген. Бирок ал убадасын аткарган жок, – дейт башкы подрядчик А.Домахин. Башкы подрядчиктин айтымында, УКС (капиталдык курулуш башкармалыгы) техкеңештин чечимдерин ишке ашырууга аракет кылат, башкы подрядчиктин кат менен кайрылуусуна тыңгылыктуу жооп берүүнүн ордуна, тескерисинче бир нече жолу ар кандай комиссиялардын текшерүүлөрүн уюштурган.

Бир сөз менен айтканда, УКС белгисиз себептер менен ишке тоскоолдук жаратып, мектептин курулушун өз мөөнөтүндө бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Натыйжада мектептин курулуш иштери бир жарым жылдан бери токтоп турат. Мектептин фундаментиндеги жаракалары бекемделип, дубалы тургузулуп чатыры гана жабылган. Эгер бюрократиялык тоскоолдуктар болбогондо тезинен курулуш иштерине киришет элек дейт,- башкы подрядчик.

Мектептин фундаментинен неге жарака кетти деген суроого башкы подрядчик А.Домахин дренаждын курулушунун долбоору 2015-жылы 14-январда мамлекеттик экспертизадан өткөндүгүн, б.а. курулуш иштери аяктаган соң өткөндүгүн айтат. Кыртышты изилдөө иштери гана жүргүзүлгөндүктөн, ал фундаменттин жарака кетишине алып келгендигин жашырбайт.

Ал эми дренаждын сапатсыз курулгандыгы тууралуу маалымат туура эмес. Аны жараксыз деп жокко чыгаруу да жөнсүз дейт. Себеби 2015-жылы ноябрь айында Мамлекеттик экотехинспекциянын Талас облусу боюнча начальниги Г.Ибраимованын колу коюлуп, мөөрү басылып, бекиткен аталган курулуш объектини эксплуатацияга берүү боюнча актыны көрсөттү. Ал актыны сот гана жокко чыгара аларын кошумчалады. Аталган актыда 3 млн. 850 миң сомдук курулуш иштери аткарылгандыгы көрсөтүлгөн.

Чечимге долбоордун автору М.Асылбеков, заказчы-капиталдык курулуш башкармалыгы, мамэкотехинспекциянын ага инспектору Т.Байтанаев, башкы подрядчик А.Домахин кол коюшкан. Ошентип, А.Домахиндин айтуусунда дренаж бардык курулуш талаптары боюнча курулуп, кадимкидей эле иштеп жатат. Ал орун алган көйгөйлөргө, реалдуу деп эсептеген көрүнүштөргө баа берип, маселени оңунан чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен Кыргыз Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик экотехинспекциянын директору К.Муратбековго, КР мамлекеттик курулуш департаментинин директору Ш. Атамбековго каттар менен кайрылган.

А.Домахин ошондой эле жаңы начальник М.Мураталиев кызматка келген соң отчеттор текшерилгенде аткарылбаган 4 млн. 458040 сомдук жумуштар аткарылды деп киргизилгендиги да чындыкка коошпойт дейт.

Мындан тышкары Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын соңку маалыматы боюнча подрядчиктин бюджеттен алган акча каражаты 33 млн. 375100 сомду түзүп, ал эми аткарылган жумуш 25 млн. 702978 сомду түзүп, башкы подрядчиктин мамлекетке карызы 7 млн. 676122 сом чыкканы тууралуу маалымат да так эмес. Анын айтымында, мамлекет тескерисинче ага карыз.

Эске ала кетүүчү жагдай, курулуш башкармалыктын мурдагы начальниги С.Салыбаев өз таламын коргоп, Бишкекте үч инстанцияда утушка ээ болгон. Кайнар мектебинин курулушундагы алешемдиктер «кармашып» жаткан эки тараптын да объектисине айланганын дагы белгилеп кетүү акыйкаттык болор. Башкы подрядчик долбоордун авторлоруна айып тагып жатса, мектеп тургузулчу жердин кыртышын изилдөөгө көмөктөшпөгөндүгү үчүн мамэкотехинспекция, капиталдык курулуш башкармалыгынын аракетсиздигине күйүп-бышса, тигил мекеме уюмдар болсо башкы подрядчикти күнөөлөп, натыйжада фундаменти жарака мектеп курулуп бүтөйүн деп калды. Азыркы учурда текшерүүлөр, иликтөөлөр бүтө элек. Окуя кандай өнүгөт, редакция кара кылды как жарган калыс позициядан аны чагылдырмакчы. Басма сөз мыйзамынын принциби менен бул жолу экинчи тараптын жүйөлүү деген аргументтерин чагылдырдык.

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”