Каржылык чалгындоо кызматы акчаны кантип чачат?

Мамлекеттик чалгындоо кызматы ушул жылдын 4-11-май күндөрү кылмыштуу каржы булактарын легалдаштырууга жана экстремизмди каржылоого каршы Евразиялык топтун жыйынын өткөргөн.

Жыйындын жыйынтыгы кандай болгонун ким билсин, бирок мамлекеттик чалгындоо кызматы 7 күндүн ичинде 1,4 милион сомду “жексен” кылганы маалым болду. “Чалгынчылар” бул жыйынга даярдыкту катуу көрүп, “Жанат” ресторанынын ижара акысына деп 500 миң сомду, кофе-брейкке 367, 5 миң сомду, монитор жана башка техниканын ижарасына деп 300 миң сом, типографиялык кызматка 200 миң сом, транспорттук чыгымдарга 70 эле миң сом коротушкан.