Жол кырсыгынан 8 адам каза болду

Бүгүн, 20-июлда болжол менен таңкы саат 6.00дө Таш-Көмүр шаарында оор жүк ташуучу МАN унаасы менен Honda Stepwgn жана Honda Odyssey унаалары кагышып, кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон.

Алардын бешөө эркек, экөөсү аял. Дагы бирөөсү беш жашар кыз. Бир жаран оор абалда Шамалды-Сай шаарындагы ооруканага жеткирилген. Анын мээсине доо кеткен.

— «Хонда Одиссей» унаасында 6 адам болгон. Учурда алардын абалы канааттандырарлык;
— Оор жүк ташуучу «МАН» унаасында 2 адам болгон, алардын абалы канааттандырарлык;
— «Хонда Стэпвагон» унаасында 9 адам болгон. Андагы 8 жүргүнчү окуя болгон жерде каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына тез жардам унаасы менен жөнөтүлгөн. Учурда абалы оор.