Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Жолдорду ремонттоодо негизги көңүл иштин сапатына бурулат

Бул тууралуу Премьер-министр  Сооронбай Жээнбеков 19-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында  Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн биринде капиталдык ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Ал бүгүнкү күндө КР Өкмөтү өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын, ошондой эле бул багыттагы иштер улантылаарын айтты.

КР Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча район борборлорунун көчөлөрүн ремонттоо тизмесине ылайык, 2017-жылы Токтогул шаарында узундугу 1,7 чакырымды түзгөн Аширов көчөсү жана узундугу 1,3 чакырым болгон Суеркулов көчөсү асфальтталат.  Иштин өздүк наркы 13,5 млн сомду түзөт. Бул максатта республикалык бюджеттен 12 млн 278 мин сом каралган. 2017-жылдын  18-июлуна карата бюджеттен 5 млн. сом бөлүндү. Аширов көчөсүндө азыркы учурда негизги жолдун 1 километринде иштер  аяктады. Жакынкы күндөрү асфальттоо иштери башталат.

Андан ары Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Токтогул шаарындагы райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун көрдү. Аталган борбор 1950-жылы түзүлгөн. Мекеменин директору Дуйшөнаалы Курбаналиев маалымдагандай, борбор 90 миңге жакын жергиликтүү тургундарды тейлейт. Анын ичинде 32 миңи бул – 14жашка чейинки балдар. Директордун айтымында көпчүлүк имараттардын  эскилиги жетип, жаңы комплексти куруу зарыл.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тийешелүү мамлекеттик органдарга эски имаратты реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну  жана аталган объект боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.