64 жаштагы Т.Таласбаева дагы БШКга документтерин тапшырды

Президенттикке ат салышкандардын катарына дагы эки аял кошулду.

БШК берген маалыматка таянсак, алардын бири 64 жаштагы «Улуу чындык» коомдук фондунун жетекчиси Токтобүбү Таласбаева өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталды.

Ал эми экинчиси 56 жаштагы Дамира Токтосунова.

Белгилей кетсек, 20-июлга карата Борбордук шайлоо комитетине  32 жарандан шайлоого катталуу үчүн арыз келип түшкөн.