Кийинки жылдан баштап бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырат

Кыргызстандагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2018-жылдан тарта мамлекеттик тил боюнча сынак (тест) тапшырып баштайт. Мындай талаптар «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарга киргизилгендигин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Мамлекеттик кадр кызматы кыргыз тилин билүүсү талап кылынган мамлекеттик кызматтардын тизмесин түзүүдө. Кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли «Кыргызтесттин» өкмөт тарабынан бекитилген бирдиктүү системасы менен аныкталат. Бирдиктүү система: жөнөкөй деңгээл (А1), базалык деңгээл (А2), орто деңгээл (В1), ортодон жогорку деңгээл (В2), жогорку деңгээлден (С1) турат.
Тестирлөө президенттин «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программа жана Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары тил саясатын жогорулатуу» тууралуу жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлөт.
«Кыргызтест» системасы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт. Ошондой эле, тестирлөөдөн бардык каалоочу жарандар дагы өтүүгө болот.