Бүгүнкү күндө тоо туризмине карата чет элдиктердин кызыгуусу артууда

Мындай пикирди Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 20-июлдагы 2017-жылдагы жайкы эс алуу сезону боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

«Бүгүнкү күндө тоо туризмине карата чет элдиктердин кызыгуусу артууда. Бул табигый атаандаштык  шарттарын пайда кылат. Буга байланыштуу мамлекеттин милдети – эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу. Туристтер үчүн ыңгайлуулук жана коопсуздук мыкты реклама болуп саналат. Өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү аймактарда туристтик инфраструктураны жакшыртууга жол ачат жана сабаттуу пландоо жана башкаруу зарыл», – деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

 

«Туристтик сезон убагында биздин жарандарга жана чет элдик конокторго максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик  органдардын иши системалуу жана  туруктуу негизде болушу керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПдагы  туризмдин үлүшү 21 млрд 458 млн сомду түздү же  4,7 %.  Туризмден түшкөн салык төлөмдөрүнүн жогорулагандыгы байкалган. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча аталган тармактан  респуликалык бюджетке 103,5млн сом түшкөн. Ошондой эле 2015-жылга салыштырмалуу 1,5 млрд сомго туризм чөйрөсүндөгү капиталдык салымдардын көлөмү өскөн.