Президент: «Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз бар»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чоң Сары-Ойдогу«Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумунун ачылышында сөз сүйлөп жатып:

“Биздин аялдар эч качан баштарына кап кийишкен эмес. Бизде башынан эле демократия, гендердик теңчилик бар болчу. Буга Курманжан Датка апабыз мисал болуп бере алат. Аны бир кездерде Финляндиянын келечектеги президенти Маннергейм ат үстүндө сүрөткө тартып алган. Анда биздин улуу Алай канышабыз 96 жашта болгон”,-деди.

Өлкө башчысы араб маданияты менен динди чаташтырбоо керектигин баса белгилөө менен “Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз бар”,-деп кошумчалады.