Түркияда күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталды

Түркияда күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:31 чамаларында катталды. Жер титирөөнүн борбору белгилүү «Бодрум» курортунун түштүк жагында 12 км жана Грециянын «Кос» аралынан 16 км алыстыкта орун алган.

Учурда кырсыктын кесепетинен жабыр тарткандар такталууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дагы Түркиядагы бул жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жогун аныктап жаткандыгын аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда жер титирөөдөн соң Бодрум шаарынын 70тен ашуун тургуну медициналык жардам үчүн кайрылышкан.