Түштүк Кореянын экс-президенти камакка алынды

Түштүк Кореянын соту Кореянын экс-президенти Пак Кын Хени пара алуу боюнча айыптоолордун негизинде камакка алуу өкүмүн чыгарды.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлоодо. Маалыматка ылайык, буга чейин Түштүк Кореянын парламенти 2013-жылы Түштүк Кореянын президенти болуп шайланган Пак Кын Хени пара алган деген айыптар менен импичмент жарыялаган.

Экс-президенттин каршылаштары экс-президентти курбусу менен ири корпорациялардан өзүнүн кайрымдуулук фонддоруна көптөгөн каражат өндүргөн деп айыптаган.

Эскерте кетсек, 10-мартта Пак Кын Хе соттун чечими менен толук бойдон кызматтан четтетилген.