Биомтерикалык паспорт алуу үчүн 4600гө жакын жарандан арыз түшкөн

Биометрикалык паспорт алгысы келгендердин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2-майдан тарта жаңы электрондук биомтерикалык паспорт бериле баштады. Алгачкы күндөн тарта эле 4600гө жакын жарандан арыз түшкөн. Буга чейин республика боюнча мындай көрсөткүч болгон эместигин мекеменин кызматкерлери белгилейт. Жаңы паспорт алууга өзгөчө Бишкек шаарынын тургундарынан көп кайрылуу болуп жатканы да маалым болду.

Айта кетсек, буга чейин талаш жараткан «улуту» деген графасы жана үй бүлөлүк абалы сыяктуу 19 маалымат жаңы биометрикалык паспорттордогу  чиптин ичине жайгашат. 2017-жылдын 2-майынан 31-декабрына чейин жаңы паспортту акысыз алмаштыруу боюнча  акция өтүп жатат. Андан кийин анын баасы 508 сом болот. Эгер жарандар биометрикалык каттоодон өтүшсө, анда паспортторрун алмаштыруу үчүн дээрлик документ топтоонун кереги жок болот.