Нурак АБДРАХМАНОВ: «Менин жаным комуз менен бир болуп калган тура»

 Нурактын дүйнө салганына үч жылдын жүзү болуптур. 2014-жылдын 24-майы болчу. Суук кабарды Баетовдон кырк чакырым алыстыктагы телефондун сигналы жетпей турган Бабачал деген жайлоодо жүрүп, капысынан угуп калдым. Мен уккан күндүн мурунку күнү көз жумган экен. Байбичем экөөбүз дароо жөнөдүк. Шаардан кетерде ооруканага барып, учурашып кеткен элек. Начарлап эле калган болчу. Бирок канчалык начар болсо да качан деп жамандыкка кыя албайсың да. Кайран залкар, жаны кейип турса да, анысын билгизбеген болуп: «Жакшы барып келгиле», – деп калган эле.

Ошентип, жаман кабар угуп, жолдо ката оюбуз да, сүйлөшкөн сөзүбүз да Нурак болуп келдик. Радионун толкуну жеткен жерден баштап машинанын радиосу өчкөн жок. Кайсы каналды кошпосом да, ар сааттын аягында он минутачадан жалаң Нурак жөнүндө берүүлөр болуп келди. Биринчи радио, Кыргыз радиосу. Бир маалда «Азаттык» каналы, андан соң «Би-Би-Си» каналдары да жарым саатка чукул убакыттан берип жатышты көрүнөт. Радиодо иштегендерге да, көзү өтүп, трагедия болуп жатса да, Нурактын эл ичиндеги калыптанып калган кадыр-баркына да ыраазы болуп келдим. Баягы менин кулагыма тааныш, каныма сиңип калган күүлөр – «Ата мурасы», «Соң-Көл баяны», «Улуу тоолор», «Сары-Өзөк», «Найман Эне», «Атилла хан» жана башка күүлөрү берилип, негедир ээсин жоготкон сыяктуу баштагыдан кайгылуу жаңыргансып жатты. Жол узун эмеспи. Радио өчкөн жок. Кайталанып да чертилип келди. Көбүрөөк «Ата Мурасы» аттуу күүсү, Карамолдонун «Көкөй кестисине» тектеш күү эмеспи, ушул жолу чучукка жете өзгөчө жаңырып жатты. Нукемди эстеп, көз жашы да болуп жаттык. Мурда ал күүнү көп эле укчумун. Ушул жолкусунда башкача муңдуу жаңырып, күүнүн тереңиндеги чыныгы мааниси мага эми гана жетип жаткансыды. «Кантти экен? – дедим – тиги дүйнө бар болуп, ал дүйнөдө арбактар бири бирин табат деген уламыш чын болсо, атасынын арбагына кабылды бекен?» – деп калам. Атасы Абдрахманга арнаган ушул күүсү атасына белгилүү болду бекен.

Нукем өзү айтып калчу эле, атам – ырдасаң ыр деле жакшы, бирок күүгө жетпейт, күү өнөрү бийик турат, күү үйрөн, күүгө көбүрөөк бурул дегендей кеңеш айтчу – деп. Нукем 20дай күү жаратты. Баары залкар күүлөр. Ошолордун ичинен эң эле алгачкы күүлөрүнүн бири ушул “Ата мурасы” эле. Эң оболу “Шаттык” аттуу күү чыгарып, райондун өздүк көркөм чыгармачылык ийриминдеги кыздар жамааты чертип жүрчү. Алар азыр да Бишкектеги Нурактын концерттерине келишип, чертип жүрүшөт. Кийин ал күү «Кулунчак» болуп аталып кетти.

Атасын көп айтар эле. Эмне себеп болгонун билбейм, айтор, атасы Нуракты алып, ал алты жашка чыкканчакты жайдыр, кыштыр Соң-Көлдө, улуу тоолордун арасында жашашкан имиш. Ал кезде өздүк көркөм чыгармачылыктын көргөзмөсү болуп турар эле. Ага мен да мандолин чертип, ырдап катышчумун. Ал комуз чертип келчү. Бир катар чоң күүлөрдү чертип калган экен. Элге тез алынып, райондо аны «бала комузчу» деп атап калышкан. Туулгандан өзгөчө жөндөмү бар балдарды вундеркинд деп атаган эл аралык түшүнүк бар. Мисалы алты жашынан музыка жазып, тогуз жашынан опера жазган Моцартты да ошентип коюшат. Андайлар сейрек жаралат. Нурак дагы, кийин ойлосом ошондой вундеркинддин бири экен. 1960-жылы Тоголок Молдо атабыздын жүз жылдыгына арналган чоң иш-чаралар өткөн. Республикалык кароо сынак да өткөн. Ошол сынакта Нурак бир нече күү чертип барып, алтын саат менен сыйланган. Фамилиясы Абдрахманов эмеспи, Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахмановдун) небереси экен деген да сөз тарап кеткен болот ошондо.

Мына ошентип, Нурактын чыгармачыл жолу ушундай пайдалуу легенда менен башталат. Ал кездерде жогоруда айтылгандай жыл сайын кароо сынактар өтүп турар эле. Ага райондун баардык айылдары катышчу. Ошол иш-чаралар эл ичинде көркөм өнөрдү арттырууга багышталган партиянын саясаты болгон экен. 1966-жылкы кароо-сынактын жыйынтыгы менен республикага отчеттук концерт даярдалып калды. Ал кезде улуу муундардан да комуз кармагандардан Кадаңаалы Акунов, Токторбай Жукаев, Дербишкан Ажиев, Токон Айдаркулов, Рысбай Өскөнбаев, Кемелгазы Ниязов жана башкалар тартылышты. Ал даярдыкка жаштардан Нурак, үйрөнчүктөрдөнболуп мен, ал кезде «кыз комузчу» аталып жүргөн азыркы менин жолдошум Рапыш жана Самаган Эсеналиев кошулуп калдык. Жетекчибиз Дербишкан эле. Нурак ал кезде комуз эле эмес, аккордеонду да «сүйлөтүп» калган экен. Күү чертүүдөн башка дагы бир нече ырларды өзүн-өзү коштоп абдан жакшы ырдачу.

Аксуубайдын «Кыргыз жерин» ырдаганы күнү бүгүнкүдөй эсимде турат. Обон да чыгарып калган. «Болсоң эгер менин жарым, болбос эле эч арманым…» деп бир укмуштуудай жадырап ырдап калар эле. Азыр Бакыт Шатенов аткарып жүрөт ал ырды. Кезинде биринчи үйлөнгөн  колуктусу Күмүшайга ашык болуп жүргөндө чыгарса керек деп азыр ойлоп калам.

Репетиция катары Фрунзеге кете электе кечкурун айылдардын клубдарына алып барып, концерттерди койдурушчу эле. Автобуска олтуруп алып, жөнөп калчубуз. Жолдо катар тынбай ырдап барчубуз. Солистибиз – Нурак болор эле. Кийин Фрунзеге жөнөп калдык. 1966 – жыл болсо керек. Бир автобус болобуз. Эң алдыда айдоочунун жанында Нурак барат. Ийнинде илинген аккордеону бар. Дөрбөлжүндөн чыккандан Фрунзеге чейин ырдап барат. Үнү да чарчабайт, өзү да чарчабайт. «Ала-Тоо таңшыйт» деген ыр жыйнагын бүт эле ырдап чыккандай болчу. Көрсө ошол кезде жыйырма жаштан жаңы ашып, жетилип, таланты ташып турган кези экен. Концерттерде бир кишиге бир эле номер тиет. Ага Нурактын эргүүсү батпайт. Андыктан, жан дүйнөсүнө батпай кайнап жаткан көркөм энергия жол тартканда жарылчу экен. Ал кезде азыркыдай продюсер жөнүндө түшүнүк да жок. Продюсер болгон күндө дагы Нурактын өнөрүн сүрөп, жарпын жаса турган аудитория да жок эле. Эгерде бар болгондо италиялык Робертино Лоретти сыяктуу бала кезинде дүйнөгө таанымал болот беле деп да калам. Кыскасы ошол кезде Нуракты таптап, күлүк сууткандай суутуп, элге тартуулай турган жагдай болбоду. Анын жеке концерттерин уюштурган адамдар да болбоптур. Генийлердин шедеврлери көбүнчө жашында жаралган. Атактуу Моцарт алты жашында концерт берип, жети жашында симфония жазса, тогуз жашында опера жазган. Ал бар болгону 35 жыл гана жашап, артына өлбөс, өчпөс из калтырган. Ошол сыяктуу, эгерде жашында сүрөөнгө алганда Нукемдин жан дүйнөсүнөн дагы далай шедеврлер жарылып чыкмак. Тилекке каршы, бийикте жаткан обочо таза мөңгүдөн агып түшкөн тентек шар, өзүнчө агып чыга турган башка нук таба албай, эки тоонун ортосундагы жалпы агымга кошулуп, агып кете берген сыяктуу, анын дарамети бар болгону айылдык өздүк көркөм чыгармачылыктын рамкасынан чыга албай калганы өкүнүчтүү. Ырас, кийин чыкты, бирок, жаштыктын деминен жарала турган чыгармалары, же кечикти, же жаралбастан кала берди…

Нурак жаш кезинде эле токтоо, бир калыпта жүргөн, сырын чыгарбаган, жан болчу. Шайкелеңдигин деле байкаган эмесмин. Кийин жыл өткөн сайын өзүнүн залкар дараметине татыктуу күткөн жупуну мүнөзү калыптанып, улам өзүнүн курбалына жараша салабат, сөөлөт күтө баштады. Андай болууга атайын аракет деле жасаган жок, жөн гана табиятынан ошондой калыптана баштаган.

Улам жашына жаш кошулуп, элүү, алтымыш жашка таяна баштагандан сайын анын мүнөзүндө эл оозунда уламыш болуп айтылып жүргөн илгерки кыргыздын улуу адамдарынын образына окшогон жүрүш-туруш пайда боло баштаганын байкоочумун. Сылык, сыпайы, бирөөгө катуу сүйлөбөгөн, ачуу чакырбаган адам болуп чыга келди. Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова Нукем менен көп иштешип калбадыбы. Бир видеотасмада ал Нуракты сүрөттөп келип: «Илгерки нарктуу карыялардан калып калган жалгыз өкүл сыяктуу сезилет», – дегендей бир айтканы бар эле. Анысы туура. Анан калса, артист катары өзүнүн сырткы көрүнүшү, кийимдеринин жасалгасы да өзүнчө эле. Келбетине жарашкан кыска сакал, муруту, кооздолгон бийик калпактары, ар түрдүү оюлар басылган узун чапандары, өңдөш өтүктөрү, айтор баары тең атайын Нуракка гана тиешелүү эле. Андай жасалганы мен башка эч кимден көрө албадым.

Нукем даана кыргыз эле. Кыргыз болуп төрөлүп, кыргызча жашап, кыргыздын каада-салтын, маданиятын сыйлап, күтүнүп жүрүп өттү. Дүйнөнү көп кыдырды. Барган жерлерде улуттун салттуу маданиятын даңазалап, көптөрдү таң калтырып, кыргызды көрбөгөн, укпаган элдердин арасында: «Ушундай көркөм өнөрлүү эл бар турбайбы», – дедирип келип жүрдү. Ал гана эмес, Францияда, Японияда, Америкада Нурактын аткаруусундагы ыр, күүлөрдү өзүнчө альбом кылып чыгарышып, саттыртып да турушту. Ошол дисктер классиктердин чыгармалары менен бир катарда дүкөндөрдө турду. Алардан бирден экземплярлары менин да үйүмдө сакталып турат.

Комуз Нурактын атагын чыгарып, залкар кылды. Нурак кайра комуздун атагын чыгарып, дүйнөгө таанытты. Нурак комузу менен эриш аркак жашап, анын өмүр жолу комуз менен башталып, комуз менен бүттү. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө небересинен: «Комузду алып берчи», – деп өтүнгөн экен. Чертүүгө алы келбей: «Менин жаным комуз менен бир болуп калган тура», – дегенге араң жарап, комуз колунда калган бойдон жан берген экен, кайран залкар! Ким билет, мүмкүн ошол кезде анын жан дүйнөсүндө дагы бир шедевр пайда болуп, чертип кетсемби деп үмүт кылгандыр… Бирок дарттын айынан черткенге кудурети жетпестен, жаралбай калган ал чыгарма Нурактын жаны менен кошо денесинен айрылып, кайып болуп кеткендир… Атаганат дечи. Нурактын күүлөрү бүгүн кыргыздын алтын казынасында турат. Жөн эле турбастан эфирде, же болбосо аткаруучулардын чертүүсүндө жаңырып келет. Бий болуп бийленип, же оркестрлердин репертуарларында аткарылууда. Өлбөстүк, түбөлүктүүлүк, улуулук деген ушул да. Нукем көз жумганда ушул саптар жазылды эле, келтире кетейин:

Бүгүн Нукем улуулуктун сапарында,

Болот дайым кыргызымдын капарында.

Бар болгону түбөлүк жашоого өттү,

Карамолдо, Ыбырайдын катарында!

Акын Гүлжамила Шакированын:

«Эгер Нурак миң жыл мурда жаралганда, күү атасы Камбар эмес Нурак болмок», – деген саптары бар эле. Анын сыңарындай, кеч төрөлсө да Нукем өзү жашап кеткен учурдун күү атасы болуп калган. Мен өзүм комуз сүйүүчүлөрдүн биримин. Аздыр, көптүр күү черте калып жүрдүм. Андыктан баа берүүгө өзүмдүн деңгээлимде жөндөмүм бар го деп эсептейм. Кыргызда көп залкар күүчүлөр өткөн экен. Алардын күүлөрү бизге башка аткаруучулар аркылуу жетти.

Терең философиялык мааниси бар кара күүлөрдүн авторлорунун ичинен бизге жеткени Карамолдо менен Ыбырай. Ал экөө өз күүлөрүн өздөрү чертип берип калтырышты. Асанбек Кыдырназаровдон бир аз күүлөр калды. Алардан кийин терең мааниси бар кара күүлөрдү калтырган жалгыз Нурак деп эсептейм. Эл арасында күү чыгара калгандар деле бар. Бирок алардын күүлөрүнө менин көөнүм толбой жүрөт. Ыр жазгандардын ичинде деле көп айырмачылыктар бар эмеспи. Бирөөлөр ыр деп мааниси жок уйкаштыктардын топтомун ыр деп чыгарат, же болбосо оюн ырга салган болот, бирок уйкаштыктар жарашпайт. Ошолордун катарында залкар акындар бар. Алар терең ой толгоолорду, лирикалык толгонууларды, же учурдун көйгөйлөрүн ушунчалык чеберлик менен кынаптап, жакшынакай, элпек, курч сөздөр менен эсте каларлык кылып чыгарма жаратышат. Мына ошол чыгармаларды поэзия дейт эмеспизби. Анын сыңарындай күүнүн да поэзиясы болот тура. Күүнүн терең философиялык мааниси бар. Билген кишиге күү сүйлөйт, комуздун кылы, чебердин колу менен сүйлөйт. Күүдө кыргыздын тарыхы катылган, күүдө арман да, шаң да бар, күүдө кербез да, сүйүү да бар. Мына ошондой терең күүлөрдүн поэзиясын жаратып кеткендердин бири замандашыбыз Нурак болгон.

«Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» – деген эл оозундагы сөз Нурак сыяктуулардан улам чыкса керек. Нукем көп өнөр багып жүрдү. Акын болуп ырларды, термелерди жаратты. Жазуучу, санжырачы катары барган өлкөлөрдүн булактарын казып, эл оозундагы уламыштарды улап, кыргыздын алты миң жылдык тарыхын талдап, «Улуу баян» деген көлөмдүү эмгегин жаратты. Лирикалуу бир катар обондорду жазды. «Аппак сүйүү» аттуу ыры Чехияда ырдалып, андан соң бизде хитке айланды. Кыргыздын салттуу чыгармачылыгына кайрылып, унутулуп бара жаткан элдик болуп калган ырларын кайра жаратып, ырдап чыкты эле, жаштар ал ырларды өз репертуарларына кошуп, азыр биринен сала бири улап кетти. Нурактын арты менен ал ырлар «өлбөй» калды. Аткаруучу катары бир катар элдик күүлөрдү да чертип жүрдү.

Колу да эптүү эле. Комуз, ээрлерди чаап жүрдү. Карамолдонун комузунун добушун табам деп өмүр бою аракетинен жазган жок. Кайда болбосун макисин жанына салып алып, колу бошой калса эле комузун жонуп, кырып жүрөр эле. Акыры өз купулуна толгон комуз чапты. Ошол комуз чабылса күүлөрүмдү кайра жаздырам деп жүрчү эле. Ал тилегине жетпей калды. Себеби табылга кеч табылып, колу да ойдогудай болбой калган. Сүрөткерлик да, айкелчил да өнөрү бар эле. Атасынын, апасынын бюсттарын оз колу менен жасаган жайы болгон. Кийинки жылдары үй жылытчу натыйжалуу мештин макетин түздү. Ал тургай түбөлүк кыймылдаткычтын да моделин түзгөн эле. Кайда болбосун, жаштардын талбаган устаты болуп жүрдү. Жаш кезинде Ак-Талаада «Шаттык» деген кыздардын ансамблин түзгөн. Ал кыздар азыр да Нурактын концерттерине келип катышып жүрүшөт. Борбордо жүргөндө жүздөгөн шакирттерди чыгарды. Окуучулары көптөгөн эл аралык сынактарда баш байге алып жүрүштү.

Нурактын дагы бир чоң эмгеги – комуз үчүн оңой үйрөнө турган классикалык нотадан айырмаланган эн белгилери менен нота жаратты. Ага шакирттерин үйрөттү. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен атайын окуу китебин, көргөзмө видеодискиси менен кошо чыгарды. Мындан төрт-беш жыл мурда ошол эн тамга менен комуз үйрөнгөндөрдүн чоң концертине катышкан элем. Жети облустан тең Нурактын окуучулары келишип, алар кайра устат болуп үйрөткөн алардын кийинки шакирттери менен жүздөн ашык адам катышкан эле. Чыгып сүйлөгөндөр Нурактын ыкмасын чын дилдеринен макташып, үйрөнгөнгө оңой экен дешкени эсимде.

Нурак документи боюнча 1947-жылдын 19-октябрында төрөлгөн болуп жүрөт. Бирок өзү 1946-жылкымын деп жүрчү. Документи боюнча быйыл жетимиш жашка келмек. Маданият коому бул маараке тууралуу кеп салганын уга элекмин. Башка элде жок, бирок кыргызды кылымдар бою коштоп келген үч өнөрү бар эмеспи. Манасчылык, төкмөлүк анан күүчүлүк. Биз ошол үч өнөрүбүз бар үчүн кыргыз улуту болуп келебиз. Биздин руханий кенчибиз да ушул үчөө.

Кыйырда болуп далай жамандыктар,

Кыйраса да нечендеген кагандыктар,

Кыргыздар кыргыздыгын сактап калган,

Руханий байлыктары амандыктан.

Мына ушул руханий байлыгыбызды жоготпой, алып жүргөн адамдар улуттун сыймыгы эмеспи. Андай болсо эмне үчүн бүгүн Нурак эскерилбейт? Эч кандай иш чара белгиленбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары деле кулак какпайт. Жогору жакта колдогон тууганы болбосо ушул экен да, – деп үшкүрүп тим боло турган болдукпу. Бийликке азыр шайлоо кымбат болуп тургансыйт. Бирок Нукем тирүү бойдон элдин эсинде.

Өтөлүндө өзгөчө бир кебим бар,

Өчпөй турган эс тутумда сезим бар.

Өлдү Нурак дегендерге кошулбайм,

“Өлүп, бирок, жашай берчү өмүр бар”.*

Өлбөстөрдөй из калтырды артында,

Өлбөйт Нурак, жашай берет дегим бар.

 

 

Замандашы Карыпбек АСАНОВ