Ийгиликсиз төңкөрүш

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 2016-жылы 15-июлда Түркиядагы болгон ийгиликсиз төңкөрүш тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Ал окуяга бир жыл толду.

Элчи Метин Кылычтын берген маалыматы боюнча, ал Түркия тарыхындагы эң чоң кандуу террористтик окуя болуп калды. Түркия журналисттери окуя болуп жаткан учурда көптөгөн далилдүү кадрларды тартып алышкан жана мамлекеттик уюмдар менен биргеликте элге бирдиктүү маалыматтарды бурмалабай, оперативдүү берип турушкан.

Түркия эли, Анкара менен Стамбулдун асманында аскердик самолеттордун учканын көрүшүп, эч нерсеге түшүнө алышпай нес болуп турушкан. Кийин гана белгилүү болгондой аскердик төңкөрүш жасайбыз деп аракет кылгандардын иши чоңоюп отуруп, ушундай абалга жеткен. Төңкөрүштү аскер адамдары уюштурганы белгилүү болгон. Ошол максатты ишке ашыруучулар Фетуллах Гүлен жана анын окуучулары экендиги дагы ачыкталган. Гүлен түзгөн FETO уюму террористтик уюм деп табылган. Ошол түнү болгон окуя демократия жана Түркия мамлекети үчүн сыноо болгонун белгиледи элчи.

Гүлендин “Себат” деп аталган окуу жайлар системасы түрк элине тиешелүү экени гана белгилүү болгон. Окуучуларды калктын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн тандап кабыл алышып, окутуп келишкен. 2013 – жылы Түркиянын укук коргоо органдары алардын жасаган иштерин иликтөөгө алганда, системанын шектүү иштери билине баштаган. “Кыргызстандан АКШга барган дин аалымы Чубак ажынын Гүлен менен жолугушуусу бизди тынсыздандырды. Башкача айтканда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин Гүлен менен жолуккан биринчи дин үгүттөөчү болуп калды”, – дейт, элчи Метин Кылыч.

Интернет булактарында Гүлен менен чогуу түшкөн сүрөтүнө карата ар кандай жоромолдор айтылып жатат, бирок ажынын эмнеге баргандыгы тууралуу жана ага кандай саясий баа берилери азырынча белгисиз. Төңкөрүштөн кийин Кыргызстан менен Түркия ортосундагы мамиле солгундап калганы айтылып келет, мунун себебин билгиси келген журналисттердин суроосуна Түрк элчиси мындай деди: “Эки боордош элдин ортосундагы достук алакалар, мамилелер, бул жеке эки өлкө лидерлерине гана тиешелүү эмес, анткени ортобуздагы жылуу мамилени эки элдин достугу түзөт. Бирок, Түркиядагы төңкөрүштү уюштурган уюмдун мүчөлөрүнө, тарапташтарына карата кыргыз бийлиги конструктивдүү иштерди жасабай жатат”.

Учурда Түркияда 13 миң кыргыз туруктуу жашап, иштеп жатат. Түркияга келип кетип иштеген кыргыз мигранттарынын саны мындан көп. Ал эми 10 миң түрк жараны Кыргызстанда жашашат жана 300гө жакын түрк капиталы менен ачылган ишканалар иштөөдө. Ошондой эле Түркияда дагы 100гө жакын кыргыз ишкерлеринин ишканалары бар.

Бактыгүл МУНДУЗОВА,

“Кыргыз Туусу”