Бир жыл өттү, саясий баа берилүүдө

22 саатка созулган, аягы эмне менен бүтөрү белгисиз болгон кагылышуу. Ок атуучу куралдан тарта брондолгон техникалар, аба кемелери жана самолетко чейинки аскердик курал-жарактарды колдонуу. 249 адам өмүрүнүн кыйылуусу жана ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан 2 193 адам. Булар – өткөн жылы 15-июлда Түркияда болуп өткөн, азыр түрк бийликтери тарабынан ийгиликсиз путч катары бааланып жаткан окуя боюнча статистикалык маалыматтар. 52 өлкөдөн 347 журналист. Мына ушунча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бул окуянын бир жылдыгына арналган бир жумага созулган иш чараларды чагылдыруу үчүн Түркияга чакырылды.

Кыргызстандан жана Казакстандан барган журналисттер

Журналисттер үчүн Өкмөт мүчөлөрү менен брифингдер, көргөзмө, путч убагында каза болгондор жөнүндө чыгарылган китептин бет ачары уюштурулду. Андан тышкары, бул окуяга арналган мемориал ачылды жана окуянын жылдыгына карата митинг өткөрүлдү. Эң акырында 15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркиянын бардык бийлик бутактарынын башчылары, парламент депутаттары жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен парламенттин алдында чоң иш чара болуп өттү. Алгач өткөн жылдагы окуя боюнча хронологиялык тартипте кыска экскурс жасайлы. Жума күнгө туш келген 2016-жылдын 15-июль күнү саат 22:00дө стратегиялык мааниге ээ Босфор көпүрөсү путчисттерге кошулган аскер күчтөрү тарабынан жабылган. Анкаранын үстүнөн аскер самолеттору жапыз уча башташкан. Аскер күчтөрүнүн Генералдык штабынын штаб-квартирасы жана ТРТ телеканалынын имараты путчисттер тарабынан басып алынган.

Мындай учурда саат 23:05те биринчи болуп Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым бир катар телеканалдарга байланышып, окуяны “төңкөрүш жасоо аракети” катарында баалоо менен ал токтотула турганын билдирген. Саат 23:30да Генералдык штабдын начальниги армиянын генералы Хулуси Акар путчисттер тарабынан барымтага алынган. Саат 00:09да Улуттук чалгындоо башкармалыгынын имараты вертолеттон аткылоого алынган. Саат 00:11де ошол учурда отпускада болуп үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн Президент Режеп Тайип Эрдоган Мармаристен Стамбулдагы аэропортко жөнөгөн. Саат 00:13тө Путчисттер ТРТ телеканалынан декларацияны окутушкан. Саат 00:26да Президент Эрдоган Facetaime пайдалануу менен CNN Turk каналынан түз эфирде элди аянтка чыгууга чакырган. Саат 00:30да көчөлөргө эл чыга баштаган. Саат 00:54тө Гельбашыдагы Атайын багыттагы полициянын күчтөрүн даярдоо борбору абадан чабуулга алынган. Саат 01:01де путчисттер Анкаранын Коопсуздук башкармалыгынын имаратына аскер самолеттору жана вертолеттору менен чабуул жасашкан. Саат 01:35те парламенттин спикери Исмаил Кахрамон баштаган депутаттар Түркиянын Жогорку элдик жыйынына чогулушкан. Саат 02:00дөн баштап путчисттерди кармоо башталган. 02:16да прапорщик Омер Халисдемир путчисттердин башчысы генерал Семих Терзини өлтүрүү менен бул окуянын андан ары өөрчүшүнүн багытын аныктап койгондой болду. Ал өзү да өлтүрүлгөн. Саат 02:32де Түркиянын парламентинин имараты самолеттордон бомбалоого алынган. Cаат 03:00дө Мармаристеги Президент Эрдоган турган отель аткылоого алынган, бирок бул учурда Эрдоган ал жерден чыгып кетип калган. Саат 04:15те Президент Эрдоган Ататүрк атындагы аэропортко келип брифинг өткөргөн. Саат 04:40та Премьер-министр Йылдырым Анкаранын бардык маанилүү стратегиялык объектилеринин үстүнөн учуп өткөн бардык аскердик аба кемелери атып түшүрүлө тургандыгы жөнүндө билдирүү жасаган. Саат 06:30да Босфор көпүрөсүн басып алышкан путчисттер багынып беришкен. Ошол эле учурда алардын арасындагы координациялоочу күчтүн жоктугунан улам, саат 06:43тө путчисттер президенттик комплексти бомбалашкан. Саат 08:32де Штабдын начальниги Хулуси Акар Анкарадагы 4-аскер базасынын командачылыгынын операциясынын жүрүшүндө бошотулган. Саат 12:57де Премьер-министр Бинали Йылдырым басма сөз үчүн билдирүүсүндө төңкөрүш аракети болтурулбай коюлгандыгы жөнүндө айткан. Мына ошентип, дээрлик 15 саатка созулган мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети анын демилгечилеринин жеңилүүсү менен аяктаган.

Эми биз бул окуяга карата түрк расмий бийликтеринин көз карашы боюнча маалымат берип коелу. Бийлик өкүлдөрү бул окуялардын башында бир убакта гуманист жана би лим берүү программаларынын башында турган, азыр Америка Кошмо Штаттарында жашап жаткан Фетуллах Гүлен тургандыгын айтышууда. Ошондон улам азыр түрк бийликтери АКШдан Гүленди өткөрүп берүү же эч болбогондо үй камагына алуу талабын коюшууда. Ал эми АКШ жана Европанын көпчүлүк мамлекеттери Түркиянын расмий органдарынын мындай пикирине кошула беришпейт.

Азыр Түркиянын учурдагы бийлигинин тынчын алган төңкөрүш жасоо аракетине дээрлик 8,7 миңдей аскер адамдары катышканы да айтылууда. Бул жалпы армиянын санынын 1,5%ын түзө турганын эске алсак, анын масштабы түшүнүктүү болот. Козголоң убагында путчисттердин карамагында үч корабль, 74 танк, 246 БТР, 3 990 ок атуучу курал болгону, 35 самолет жана 37 вертолет тартылганы да билдирилүүдө.

Путч ишке ашпай калгандан кийинки бардык тармактарда жүргөн масштабдуу “тазалоодо” Конституциялык соттун бир судьясы кармалса, 3 миңден ашуун судьялар, 30 губернатор, президенттин айрым кеңешчилерин кошо алганда бир катар мамлекеттик кызматкерлер иштен алынышкан. Дагы бир статистика – Спорт министрлигинин 250 кызматкери, Дин иштер боюнча башкармалыктын 490 чиновниги, бардык аскер прокурорлору кызматтарынан четтетилишкен. Жүздөн ашуун адмиралдар жана генералдар кармалса, соттун чечими менен алардын 43ү камакка алынган. Полициянын 10 миңден ашуун кызматкери иштен бошотулса, полковник наамындагы 600дөй офицер отставкага жөнөтүлгөн. 626 окуу жайынын, анын ичинен 524 менчик мектептин иши убактылуу токтотулса, 15 миңдей окутуучулар, бир жарым миң декан, төрт университеттин ректору да ишсиз калышкан. Путчка байланыштуу 1 200 фонд жана кайрымдуулук уюмдары, 19 профсоюз, 15 университет, 35 медициналык мекеме жабылган. Билим берүү тармагынын 27 миңден ашуун иштөөчүсү иштен четтетилген. Жалпысынан 150 миң адам иштен четтетилип, 100 миңге жакын адам иштен чыгарылган. Мындай жазалоодон массалык маалымат каражаттары да “куру” калган жок. 3 маалымат агенттиги, 16 телеканал, 23 радиостанция, 45 гезит жана 15 журнал жабылып, 20дан ашуун жаңылыктар сайттарына жеткиликтүүлүккө бөгөт коюлган. 29 басмакананын лицензиялары кайра чакыртылып алынып, Cihan маалымат агенттигинин 60 кызматкери иштен бошотулган. Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматы боюнча, Түркия бийликтери ММКлардын кызматкерлерин камакка алууга 88 ордер берсе, дагы 330 журналист аккредитациядан ажыратылган.

Азыркы учурда Анкаранын жана Стамбулдун сотторунда путчту уюштургандарга жана ага катышкандарга карата бир нече соттук процесстер жүрүүдө. Аларга карата өлкөнүн 23 облусунда 78 кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда бийликтегилер ал соттук процесстердин мыйзамдуу жана ачык жүрүшүн камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлгөндүгүн билдиришүүдө. Учурда 47 миң адам камакта калууда. Анын ичинде 10 732 полиция кызматкери, 7 643 аскер кызматкери, 168 генерал, 2 575 судья жана прокурор, 208 мамлекеттик чиновник жана 26 177 жаран бардыгы билдирилүүдө. Жалпысынан 113 260 адам кармалса, 65,36 миң адам кийин боштондукка чыгарылган, алардын ичинен 41,5 миң укук коргоо органдарынын көзөмөлү алдында турууда.

Путчтан кийин өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, ал быйылкы жылга чейин узартылган. Бүгүнкү күнгө карата мурда жабылган 300дөн ашуун мекеме кайра ачылып, 30 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер ишине кайра коюлган. Мына ошентип путч болгондон кийинки бир жыл аралыгында ал окуяларга саясий баа берилгени менен юридикалык баа берүү аягына чыга элек. Учурда мындай баа берүү аракети жүрүүдө. Сот адилеттиги аягына чыгарылгандан кийин гана өткөн жылдын 15-июлунда болгон окуяны толук квалификациялоого мүмкүн болмокчу.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,

“Кыргыз Туусу”,

Бишкек – Анкара – Бишкек