Кыргыз – Түрк «Манас» университетинин философия кафедрасынын башчысы, профессор, философия илиминин доктору Жамгырбек БӨКӨШОВ: «Кыргыз эли байыркы цивилизацияны жараткан элдердин бири»

Жергебизде “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдердин форуму” өз ишин баштады. Аталган форум Евразиянын аймагында жашаган алтай элдеринин тилдерин, алардын тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулоо үчүн жаңы аянтча болуп калат.

– Алтай жери дегенде Манас атабыз эске түшөт, ал эми Алтай цивилизациясы дегенде биз эмнелерди айта алабыз?

– «Алтай цивилизациясы” – илимдеги жаңы маселелердин бири. Алтай тил тобу бар: буга түрк тилдери менен катар монгол, манжу, кайсы бир көз карашта, корей, япон тилдери кирет. Алтаистика деген тармак ушу тилдерге байланышкан тарыхый, маданий маселелерди изилдейт. Бирок, цивилизация тууралуу кеп кылганда көптөгөн дагы башка предметтерди камтыш керек. Географиялык түшүнүктө алсак, Алтай тоо кыркалары, Алтай өрөөнү, жаратылышы, тоо ташы суусу, кен байлыктарын атасак болот. Ал эми кыргыз тарыхына байланышта карасак,

Манастын атасы Жакып Алтайга көчүп барып, анда Манас төрөлүп, кийин кайра Ала-Тоого көчүп келиши баяндалат. Бирок, мунун да эпикалык бир сюжет катарында гана эмес, цивилизация темасынын алкагында карасак, мурун баамдалбаган бир топ нерсе ачылат. Археология “алтай киши” аталган байыркы сөөк тапканы маалым. Бул эң эски адам аттууга тиешелүү экени белгилүү. Алтай аймагына тиешелүү башка тарыхый, гуманитардык изилдөөлөр да бул чөлкөмдө байыркы чыгыш цивилизациясынын бир очогу болгонун айгинелейт. Ошондуктан жакында болчу конференциянын мааниси чоң деп ойлойм.

– Цивилизация деген түшүнүккө эмнелер кирет?

– Цивилизация деген маданиятка жакын түшүнүк. Бирок термин катары айырмалай келгенде цивилизациянын өзгөчө мазмуну бар- коомдун экономикалык мүнөзү, техникалык кубаты, интеллектуалдык деңгээли, рух байлыгы, каада-салты – ушунун баарын бириктирип турат. Ар цивилизациянын өзүнө мүнөздүү философиясы, тили, адабияты, ишеними болот. Анда Алтай цивилизациясы болгон деп эсептесек, ал кайсы учурда өнүккөн, кайсы учурда кедерине кеткен? Эмнеге жетишкен? Эмнеси сакталды? Илимий изилдөөлөр жүргүзүп, көп суроого жооп табышыбыз зарыл. Алтай тилдериндеги чыгармаларды, сюжеттерди, мифологиясын, башка көптөгөн тексттерди салыштырып карашыбыз керек. Техникалык өнүгүү, шаарлардын курулушу, аймактардын уюшулушу, андагы элдин каада — салттарынын сакталып калышы, оюн зооктор, ырым — жырым, майрамдардын окшош жактары, айырмачылыктарын тактап алып анан Алтай цивилизциясы болгон экен деген илимий жыйынтыкка келебиз. Аларды бириктирген өзөктү аныктайбыз. Бул байыркы цивилизация болуп эсептелинет. Карл Ясперс айткан “ок мезгилге” тушташ келет.

– Ошондо кайсы кылымдарга туура келет жана байыркы болгондо дагы кандай окшоштуктарды атасак болот?

-Анын анда башаты биздин заманга чейинки 6-5 – кылымдар болушу ыктымал. Эми изилдөө аймактарын кеңейтип, бул цивилизациянын өзгөчөлүгүн ырасташыбыз талап этилет. Буга кыргыз тарыхынын, маданиятынын, тилинин, адабиятынын, каада-салтынын тикеден тике тиешеси бар. Мен кыргыз рухий мурасын изилдеген киши катары “Манас” эпосунан алтай цивилизациясыны издерин, белгилерин тапканга аракет кылам. Манастын Алтайда төрөлүп, чоңоюшун тарыхый факт же фольклордук сюжет катары карап чектелбей, аны символикалык мааниде чечмелешке негиз бар деп ойлойм. айтаар элем. Манас ата Алтайда төрөлүп жатат, менин көз карашымда ал 100 жылга жетпеген убакыт болушу мүмкүн. “Кырк үйлүү кыргыз көчүп келдик” деп айтылат эпосто.

“Манас” деген аттын өзү Теңирге, асманга байланыштуу, Манас теңирлик адам, улуу адам деген мааниде. Манаста “курама жыйнап журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым”, “бугусун байлап, уй кылдым, ташты бузуп, жол салдым” – деп айтылат, бул цивилизация жараткан каармандарга берилчү мүнөздөмө. Манас тек гана эпикалык каарман эле эмес, артында символикалуу терең мааниси бар. Демек, Манасты дагы цивилизация түзгөн адам катары кабыл алсак болот.

Манаста Хан ордосун “он эки капкалуу дарбаза” – дейт, демек ошончо чоң шаар болгон, анын ичинде суу түтүгү жана башка чарбасы болгон. Ошонун баары цивилизация. Алтай келип, “Алтын казып байыдык” – дейт, бул да цивилизациянын белгиси. Алтайга барганда, жергиликтүү эл билбейт экен, “биз келип эгин эгип, дыйканчылык кылып байыдык”, бул дагы цивилизациянын көрсөткүчү. Аскердик стратегия, аскердик жүрүштөр, кийген кийимдер, колдонулган буюмдар, тамак — ашы, жашоо шарты, баарын Алтай цивилизациясына байланыштырып карасак болот.

– Келечекте биз биле элек дагы кандай маселелер изилденүүгө муктаж?

– Мен Сагынбай Орозбаковдун вариантында Кошой баатырга Кытай кыз жолугуп “Кытайдын аскерде жүргөн бир абышкасын өлтүрүп, мойнундагы асынып жүргөн буюмду тагынасың” – деп айтат. Бул буюм котормочу болот, ал 70 тилге которо алат. Кошой кыргызча сүйлөсө, кытай тилине которуп берет, Персиялык бала менен фарс тилинде тиги буюм аркылуу сүйлөшөт. Биздин азыркы тил менен айтканда котормочу компьютер. Ал эми муну Сагынбай өткөн кылымда айткан. Манасчыны же Кошойду котормочу компьютерди билген деп айтсак жарашпайт. Бирок, ушундай бир аппарат, техника болсо деген кыял-ой болгон да. Цивилизацияга байланышкан ушул сыяктуу бир фактыларды жомок деп кол шилтеп койбой, тарыхкка цивилизациянын натыйжаларына байланыштырсак, көмүскө жактарды ача алабыз.

– Ошол убактагы динге болгон ишеним кандай болгон, Теңирге ишенүү, ал дагы цивилизацияга киреби?

– Кыргыздар мусулманбыз деп эсептейбиз. Бирок, ислам кийин тараган, ага чейин Кыргыздар Теңирге сыйынып келишкен. Теңир бул кандайдыр бир диний көз караш десек, анда диний ой- түшүнүк жагынан кайрадан монголдор, япондор, корейлер менен жакындашабыз. Алар дагы асманга, күнгө, теңирге сыйынып келишкен. Мусулманчылык бизге кийин келсе дагы Теңирчилик менен бирин-бири танбай орун алган. Кудай дегенди Теңир деп түшүнүп, Алла дегенге синоним катары айтылат. Эриш-аркак жуурулушуп калган ишеним катары Теңирге болгон түшүнүктөр сакталып калган. Аны курчутуп, ага атайын бир иштерди жасоонун, конфликттерге баруунун зарылчылыгы жок. Адамдын өз жашоосун түшүнүү ал улуу багыт. Байыркы эл, бир улуу биз көрбөгөн күч болсо деп, биз аны менен эсептешип, ага мамиле оюбузду тактап алып жашасак деген улуу түшүнүк болгон. Бул жөнөкөй нерсе эмес, кудайды ойлоп табуу, ага болгон ишенимдер тээ илгерки убактан бери сакталып калган.

 

 

Бактыгүл МУНДУЗОВА,

“Кыргыз-Туусу”