Замира ДЖУМАГУЛОВА: «Эмгегибиз мамлекеттин тарыхы менен байланыштуу»

(Коомдук-саясий документтер архивине – 80 жыл)

 

Архив кызматы мамлекеттин коомдук турмушунда өтө маанилүү. Уникалдуу архивдик материалдар ар бир жарандын, мамлекеттик уюмдардын басып өткөн тарыхын тастыктап турат. Мына ушундай баалуу мурастарды көздүн карегиндей сактап, жоопкерчилик менен иш алып барышкан архив кызматкерлери келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү үчүн талыкпай эмгектенип келишүүдө. Улуу тарыхты камтыган коомдук-саясий документтер архиви быйыл 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат.Учурдан пайдаланып, мекеменин директору Замира Джумагулованы сөзгө тартып, кыскача маек уюштурганбыз.

– Замира Санчибековна, сиз башкарган коомдук-саясий док ументтер архиви негизинен кайсыл тармак боюнча иш алып барат?

– Архивдин негизги ишмердүүлүгүнө токтолордон мурда, тарыхыбызга бир аз кайрылып кетели. 1937-жылдын 23-июлунда Кыргызстандын КП(б)БКнын токтому менен КП(б)БКнын партиялык архиви түзүлгөн. Мамлекеттик эмес уюмдар менен иштешүүдө ар кандай маселелер жаралгандыктан 2016-жылы архивдин аталышы өзгөрүлтүп, КР борбордук мамлекеттик коомдук- саясий документтер архиви деп аталды. Быйыл биздин архивдин түптөлгөнүнө туура 80 жыл толуп отурат.

Архивдин аты айтып тургандай саясий партиялар, коомдук бирикмелер, профсоюздук уюмдар, аялдар комитети, ЖМК менен иш алып барат. Мекемелерге семинар-кеңешме өтүп турабыз. Ар бир мекемеге кураторлор бөлүнүп берилген. Алар практикалык, методикалык жардамдарды берип турушат.

– Архивдин материалдык-техникалык базасы замандын талабына жооп береби?

– 1991-жылдын 9-январында КРнын Министрлер кабинетинин «КРнын Саясий документациясынын борбордук мамлекеттик архиви» жөнүндү №568 токтому чыккан. Ушул токтомдун негизинде КРнын Саясий документациясынын борбордук мамлекеттик архиви КРнын Министрлер кабинетине караштуу башкы архив башкармалыгына баш ийүү менен бирге Ош шаарындагы филиалы менен түзүлгөн. КРнын улуттук архивдик фондунун курамына мурунку Кыргызстан КП БКга караштуу партиянын архивдик документтери сакталып турат. Техникалык базабыз албетте, замандын талабына жооп берет.

– Мекемеде кадрдык мүмкүнчүлүк жетиштүүбү? Айлык-маяналары канааттандырарлыкпы?

– 2014-жылы айлык маяналарыбыз көтөрүлүп кызматкерлерибиз көңүлдүү иштеп жатышат десем жаңылышпаймын. Ал эми архив кызматында жаш кадрлар менен жылдан-жылга толукталып жатат.

– Мааракенин алдын да жамаатыңызга, жалпы эле коллегаларыңызга майрамдык каалоо-тилектериңиз?

– Биздин жамаатыбыздын ар бир жасаган эмгеги мамлекеттин тарыхы менен түздөн-түз байланыштуу. Демек, биз зор тарыхты түзүүчүлөрдүн бирибиз десем жарашат. Ошону менен бирге биздин мойнубузда ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу милдеттер турат. Улуу мааракенин алдында жамаатымды, жалпы коллегаларымды архивдин 80 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм. Алардын иштеринде албан ийгиликтерди, узун өмүр, чың ден соолук, ар биринин үй-бүлөсүндө ынтымак — ырыс жылоолосун. Архивдин ишин илгерилете беришин каалайм.

Шекербек КАЛЫКОВ,

“Кыргыз Туусу”