Президенттикке талапкерлердин саны 40ка чукулдады

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо атаандаштар жетишерлик эле боло тургандай. Борбордук шайлоо комитетинин берген маалыматына таянсак, 22-июлда президенттикке ат салышууну көздөгөн Таалатбек Масадыковдун, Арсланбек Малиевдин, Азимбек Бекназаровдун жана Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды.

Жалпысынан президенттикке талапкерлердин саны кыркка чукулдады. 22-июлда БШКга «Ата Журт» партиясынан Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев арыз тапшырса, өзүн-өзү көрсөткөн укук коргоочу Токтоайым Үмөталева дагы өз арызын БШКга жолдоду.

Талапкер болчулардын арыздары 1-августка чейин кабыл алынат жана акыркы тизме 10-сентябрда жарыяланат.