Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы «Күнчубак» («Солнышко») пансионатынын директору Калыбек НУРКОЖОЕВ: «Күнчубак» жыл бою эс алуучуларды кабыл алган пансионатка айланат…»

Нуркожоев Калыбек Токтосунович – 1970-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академиясын, Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызматынын академиясын аяктаган. Эмгек жолун «Би-ойл-Синтез» жоопкерчилиги чектелген ишканасында баштап, ЖК депутатынын консультанты, «Бишкек эт консерва комбинатында» директордун орун басары, Панфилов райондук кеңешинин төрагасы, Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты, «Деңиз» пансионатынын директору болуп келген. 2015-жылдан бери «Күнчубак» (Солнышко») пансионатынын директору. Үзүрлүү эмгеги үчүн ага «Мамлекеттик менчикти башкаруу системасынын мыктысы» төш белгиси, «КР муниципалдык кызматынын мыктысы» төш белгиси, «Панфилов районунун Ардактуу атуулу», «Фрунзе айыл аймагынын Ардактуу атуулу» жана бир катар Ардак грамоталар ыйгарылган.

Директордун орун басары Алмаз Кожокеев

– Калыбек Токтосунович, быйылкы туристтик эс алуу сезонун кандай даярдык менен ачтыңыздар? Эс алуучулардын келиши кандай?

– Быйылкы сезон, Кудайга шүгүр, жакшы башталды. Эс алуучулар көп. Өзүбүздүн атуулдардан сырткары Россия, Казакстандан келгендердин саны арбын. Жаз жаан-чачындуу болуп, сезон кеч башталганына карабастан, июль айында келген эс алуучулардын агымы көбөйдү. Ал эми конокторду кабыл алууга болгон даярдыгыбыз абдан жакшы десем жаңылышпаймын.

– Бул пансионат ошондо мамлекеттик болуп эсептелеби? Канча орундуу?

– Пансионат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна карайт. 264 орундуу.

Чарба бөлүмүнүн башчысы Нургүл Мадалбекова менен Мира Сейитова бассейинди текшерүүдө

– Азыр бардык орундар толуп жатабы?

– Жай табылбай калган учурлар болууда.

– Сиздерде эмгектенгендер сезон убагында гана

иштешеби?

– Азыр сезон учурунда 107 адам, ал эми кыш убактысында 27 адам эмгектенет.

– Эс алуучуларга түзүлгөн шартыңыздар кандай?

– Шартты жылдан-жылга жакшыртып келе жатабыз. Мындан да мыкты шарт түзөбүз деген пландарыбыз бар. Пансионат өзү 1968-жылдары тургузулуп, ошондон бери иштеп келе жатат. Суу, канализация түтүктөрү да эскилиги жеткен экен. Келгенден бери түтүктөрдүн эскилерин акырындап алмаштыруудабыз. Быйыл каражатыбыз бир аз тартыш болуп турат. Буюрса, эмдиги жылы бүтөбүз го деген ниетибиз бар. Анан суу топтой турган (водонапорный) мунара деп коёбуз, ошол жок экен, азыр тендерден өткөрүп, куруп алдык. 54 куб. суу бата турган, суу топтоло турган (водонапорный) мунара тургуздук. Аны ишке киргиздик. Бул мунара пансионатка абдан керек экен. Себеби кез-кезде жарык өчүп калган учурлар болот. Ал учурда мунара пасионатты 3 күн тынымсыз суу менен камсыз кыла алат. Бул бир. Экинчиден, электр энергиясын үнөмдөйбүз. Мунара коюлганга чейин насостор күн-түн иштеп турчу. Эми насосторду 2 күн өчүрүп турганга мүмкүнчүлүк жаралды.

Ашпозчулар Эркингүл Ашубаева, Чолпон Асанова жана Чынара Бейсенбиева

– Пансионатыңыздар Чок-Тал айылында экен, айылдын эли менен мамилеңиздер кандай?

– Эл менен мамилебиз Кудайга шүгүр, жакшы. Чок-Тал эли бир атадан тараган эл. Илгертеден бери айтылган сөз бар эмеспи “Конокко келсен Кожошко кел”-деген. Кожош эли өзүнүн меймандостугу, кең пейилдиги менен чөлкөмгө аты чыккан калк, бул жерде бир нече эс алуу жайлары бар. Анда бир гана Чок-Тал эли эмес, Кыргызстандын ар тарабынан келген атуулдар эмгектенет. Аларга болгон жылуу мамиле ишке да таасирин тийгизбей койбойт эмеспи. Биз да айыл элине колубуздан келишинче ар тараптуу жардамдарды берип, айыл инфраструктурасын жакшыртууга көмөктөшүүдөбүз. Ошондуктан элдин бизге болгон мамилеси эң жакшы деп ойлойм.

Башкы бухгалтер Жайдаркүл Ибраева

– Сиз бул пасионатка чейин дагы кайсыл жерде иштедиңиз эле? Пансионаттын иши менен тааныштыгыңыз бар беле дегеним?

– Ооба, буга чейин Сары-Ой айылындагы «Деңиз» эс алуу жайын жетектеп келгем. Ал жакта көп жакшы иштер бүткөрүлдү. Башкача айтканда, бул тармак менен жакындан таанышмын.

– Азыр сиз жетектеп турган пансионаттын абалы кандай?

– Жакшы. Былтыр жалпы бюджетибиз 18.5 млн. сомго чыкса, быйыл 20 млн. сомго чыкканы турабыз. Бизде негизинен Чок-Тал айылынын тургундары эмгектенишет, ар бири өз жумушун так аткарышат. Бул жерде 10-15 жылдан бери иштеп келе жаткандар бар. Ишке көздөрү каныккан, жоопкерчиликтүү адамдарыбыз көп. Эмгек жамаатыбыз ынтымактуу.

Жогоруда айткандай оңдоо иштерин колго алып, канализация системаларыбыздын бардыгы иштеп жатат. Мен келгенден бери КУ-200 системаларынын бардыгын жаңырттык. Биз суу, канализация түтүктөрүнүн бардыгын жаңырталы деп, бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн фирмаларга кайрылдык. Алардын эсеби боюнча 80-100 миң доллар керек экен. Бизде андай каражат азыр жок болгондуктан өзүбүз аракет кылып, түтүктөрдү четинен өз күчүбүз менен алмаштыра баштадык. “Көз коркок, кол баатыр, аракет кылса берекет”, – деген чын экен, бир топ ишти бүтүрүп алдык. Азыр бизде тазаланган сууну сугатка да колдонуудабыз. Суунун сапатын санэпидстанция жума сайын текшерип турат. Бул маселе боюнча көйгөй жок.

– Пансионатыңыздарды өнүктүрүүгө, шартты жакшыртууга мүмкүнчүлүк болуп жатабы?

– Пансионат 1968-жылдары курулгандыктан бардыгы эскирип бүткөн. Ошого карабастан зарыл болгон түтүктөрүн жылдан-жылга жаңыртуудабыз. Бул жер мурда пионер лаге- ри болгон. Бөлмөлөрдүн ичин жаңыртып, евроремонт кылып, душун, санузелдерин кафелдеп, аристон, телевизор, муздаткычтарды, жумшак эмеректерди коюп, жаңыладык. Эми Кудай буюрса, эмдиги жылы имараттардын сырттарын жаңыртабыз деп турабыз.

– Канча корпусуңуздар бар?

– 6 корпус бар. Анын бири жумушчулар үчүн жатак корпус. Мындан сырткары жер алдынан чыккан минералдык суу менен бассейнибиз бар. Каалагандар келип, түшүп эс алып кетишет.

– Кандай максаттарыңыздар бар?

– Максатыбыз көп. Эң негизгиси – бизде бир ирет эс алып кеткен киши “Күнчубак” пансионатын унутпай, өмүр бою даңазалап жүрүшүнө жетишсек дейбиз. Ошондуктан ар бир эс алуучуга жылуу маанай, эң жакшы шарттарды түзүп берүүгө аракеттенебиз. Биздин жарандар Кытайга, Түркияга барып эс албай, “Күнчубакка” келип эс алсын деп, жыл бою иштеткенге, жакшы шарт түзгөнгө аракет кылуудабыз. Буюрса, максатыбыз ишке ашат деген оюбуз бар.

Жыпар АКУНОВА, «Кыргыз Туусу»