Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

 

Ушул кезде Бектемирдин аста кыңкыстап:

– Ата?.. Ы-ых! – деп, Кудайга үнү жетип онтогону Касенди оюнан ойготуп жиберди. Абылайдан мурун учуп жетип, Бектемирдин тамырын кармады:

– Тезирээк айылга жетүүбүз керек!

***

Айылдын кенедей балдарынан тартып кемпир-чалдарына чейин, улам бир үйдөн сереңдеп чыга калып, карагандары эле тоо жак боло берди.

– Көрүнөбү?

– Жок…

– Капырай, мынча эмнеге жоголушту?! Деги аман-эсен келишкей эле.

– Аңгыча тамдын үстүнө чыгып алып карап отурган баланын: Келе жатыш-ат! Келе жатыша-ат! – деген кыйкырыгы бүт айылды дүрбөтүп койду. Улам бир үйдөн экиден-үчтөн, айрымдарынан беш-алтыдан катын-бала чуркап чыгып, баары жабыла тоо тарапты карап калышты.

– Ботом, жөө келе жатышабы?

– Жөө экен.

– Кудай, айланайын, деги тынччылык эле болсо экен…

Баарынан да сыртка да чыга албай, минтип кепке да аралаша албай, көздөрүн жалдыратып эле ар кимди караган Сайрага кыйын болду. Баятан тегеректеп, ансыз да ичинен өрттөнүп, тилсиз жаткан бечаранын жаратына ого бетер туз сээп, Бектемир менен Кызмончок тууралуу, ыраматылык Асылбек менен Сырга тууралуу, ошолордун айынан ушундай абалга кириптер болуп калган байкуш Абылай менен Сайра тууралуу билип да, билбей да сүйлөшүп, анткен менен ичтеринде Бектемир менен Кызмончоктун артынан кеткен өз жакындарын ойлоп отурган катын-калачтын баары тапырап сыртка чыгып кетишкенде Сайра өзүн чындап эле тирүүнүн өлүгү сезип кетти. “Адам э-эй, адам болбой калыш бат эле турбайбы, кокуй!..” – деди ичинен.

Кечээ эле сопсоо туруп тил-ооздон калган Алымканды шылдың кылып, жамандыгынан ушундай акыбалга келгендей түшүнбөдү беле. “Жаманды төө үстүнөн ит кабат” деген ошо! Таштап кетип, эри да туура кылат. Жарым жан эмени карап отура бермек беле! Ага да жашоо керек да кокуй!” – деп шордуунун элден четтеп, кирбиңдеген кебете-кешпиринен иренжип, киши катарына кошкусу, дит багып карагысы да келбей калган. Мына эми, ошол жаман Алымкандын жанында какылдап-какшап отуруп эле анын кейпин кийип, жок, андан да жаман акыбалда калбадыбы. Ал го, тил-ооздон калганы менен текилдеп басып жүргөн. Бул кантет эми?! Же жаманын жаап, жакшысын чыгарар кыз-келинден жок. Эркек киши канчага чыдайт дейсиң? Атакөрү-ү, көрсө, бат эле экен да? Адам бир аздан кийин эле өзүн эмне күтүп аларын билбейт турбайбы…” – деген ой, өксүк Сайранын тамагына кептелип, ысык жашка айланып, мөлтүлдөп жаагы ылдый куюла берди. “Балам эмне болду экен? – деди ошондо да жүрөгү кабынан ыргып кетүүчүдөй дүкүлдөп. – Аман-эсен келсе экен…”

Баласы азыр эшиктен кирип келсе эле бакырып ордунан тура калчудай, баары жай-жайына келип, бапыратып тойго камынчудай сезилип кетти ага.

Эшик тарапты карады. Мына:

– Апа?! –деп адатынча жароокерлене кирип келди уулу.

– Бекибай?! Балам?! – балбаалап ыйлап, эреркеп кетти. – Барсыңбы, балам?! Аман-эсенсиңби?! О, Кудайым, ай! Балам-м!.. Менин балам!

– Апа, сага эмне болгон? Кебетеңиз кантет? – уулунун элеси кудум баягысындай эле энесинин жанына чөгөлөп отура калып, колдорун ушалап, чекесинен өбөт.

– Эмне, эшикке чыкпай, бу жерде жалгыз жатасыз? Элдин баары тойго камынып жатса…

– Той? Эмне той?.. И-ий, балакетиңди алайын десе! Мен куруюн… Сени күтүп, сенин күйүтүңдөн… Болду эми, жатпайм… Жатпай калайын!

– Ошентчи, апа! Экинчи коркутпай жүрчү бизди, жарайбы? Тигине, келиниң да келе жатат.

– Келинимби? О, Кудай, айланайын!

Мунуңа да шүгүр, мунуңа да тобо! Ким болсо да мейли! Иши кылып эле балам бактылуу болсо болду мага! Кагылып кетем го сенден! Экөөңдөн тең кагылып кетем го! Кана, киргизчи бери?! Келинимди бир көрсөм, анан өлүп кетсем да мейли. Бешенесин бир көрсөм болду…

Бектемир апасын кучактап өөп, ыраазы болгонсуйт. Эшик тарапка жадырай карап:

– Кызмончок? – дейт.

Сайра жылан көргөндөй жыйрыла түшөт:

– Кызмончок?!. Кызмончок дейби?!

– Анан ким?

– Угузба! Кусурум урсун аны! Желкемдин чуңкуру көрсүн! Келбе үйүмө, жылан! Кирбе! Кет! Сага балам талак берген! Албайт эми! Алдырбайм!

Кыймылсыз жаткан Сайранын кош кареги чындап эле Кызмончокту кубалап жаткандай аңтарылып-теңтерилип, акшыңдап жатып, бир убакта кулагы чуулдап, үйдүн ичин чаар алакей чыбырчык каптап, аздан соң тынч алып жатып калды.

***

Бир баласын көтөрүп, бир баласын жетелеп, айрымдары субай-салтаң эле чурулдаган аялдар менен айылда калган эркектердин баары кары-жаш дебей чуркап, келе жаткан топ караандын алдын тосуп чыгышты.

– Кокуй, бир балакет болгон го?! Бирөөнү көтөрүп келе жатышат го, ыя?! – дикилдеп алдыда келаткан Асанбү адатынча баарына угуза кыйкырды.

– Деги кимдин шору катты экен?!

– Кызмончокпу? Бектемир эмеспи деги?

Экөө тең көрүнбөйт го?!

– Эмнеси болсо да түрлөрү жаман!

(Уландысы бар)

 

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.