Бишкектин конуштары өз балабы, же өгөй балабы?

 Акыркы 26 жыл аралыгында борбор калаанын жака-белине түшкөн жаңы конуштардын саны 60ка чукулдады. “Үңкүр да болсо үйүм бар” демекчи, айылдан шаарга келген жаштардын, шаардык жаштардын шаар чегинен жер алып, мамлекетке догун артпай, өз каражаттарына үй салып жаткандыктары, борбор калаанын толук кандуу тургундарына айланып, шаардын ачуу-таттуусун бирге татып жатканы жакшы көрүнүш. Бирок, ошол эле учурда кейиштүү нерсе — ошол конуштардын бири сууга жетсе, бири жолго жетпей, жолго жеткени жарыкка жетпей, жарыкка жеткени бала бакчага жетпей, бала бакчага жеткени мектепке жетпей, же шаар, же айыл эмес болуп, арабөк калганында. Жашырганда эмне, ушул мезгилге чейин Бишкектин жаңы конуштарына шаар бийлиги тарабынан өгөй баладай мамиле жасалып келди. Шаар калкынын дээрлик 400-500 миң тургуну жашаган (эгер, ар бир конушта 5-10 миңдин тегерегинде киши жашайт дегенде, 400-500 миң киши жашайт дегенибиз реалдуу эле сан, бирок расмий маалыматтарда жаңы конуштарда 250-350 миңдин айланасында киши жашайт делип жүрөт) бул конуштар Бишкек шаарынын өз баласыбы же өгөй баласыбы деп айгай салганыбыз ошондон.

Бишкек шаарынын конуштары өз балабы же өгөй балабы деген суроого жоопту бир эле конуштун, Арча-Бешиктин мисалында жооп издеп көрөлү. Бишкек шаарынын түштүк-батышындагы Арча-Бешик конушу түптөлгөнүнө 26-27 жылдын жүзү болуп, жашы чейрек кылымдан ашып калды. Арча-Бешик жаңыдан түптөлө баштаганда жер алган 25-30дун тегерегиндеги жаштардын алды 60тан ашты. Жашоо мыйзамынан эч кайда кача албайт экенбиз, асты о дүйнөгө узап, турмуш өз нугу менен уланып жатат. Арча-Бешикке жаңыдан келгенде төрөлгөндөр 26-27ге келип, үйлөнүп-жайланып, балалуу-чакалуу болушуп, өзүнчө түтүн булатып, жаңы конуш кура турган куракка келди.

Өткөн кылымдын 90-жылдарында 25-30 жаштагы жаштар эптеп үйгө жетсек, буюрса калганы болот деп ойлошкон. Арийне, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен, Арча-Бешикке “цивилизация” өтө кеч келди, дегинкисинде дагыле келе элек. “Эптеп” деген нерсе жаман экен, эске салсак, Кыргыз Өкмөтүнүн 1990-жылдын 19-сентябрындагы №464 токтомунун негизинде борбор калаадагы жеке турак жайлардын курулушун өнүктүрүү үчүн, “Арча-Бешик” жаңы конушунун техникалык-экономикалык негиздемесине ылайык, 15-кичирайонго үй куруу үчүн 718,5 гектар бөлүнгөн. Анын 312 гектары 3893 жер тилкесине бөлүнүп, жеке турак жайларын куруу үчүн берилген. Кыскасы, мунун 3503 жер тилкеси өзүмдүк үй куруучуларга берилип, көп кабаттуу үйлөргө 14 гектар, мектептерди курууга 17,2 гектар жана балдар бакчаларын курууга 6,1 гектар бөлүнгөн. Жалпысынан, Арча-Бешик жаңы конушу 25 миң адамга эсептелген болчу. Алардын 19 500ү жеке турак жайларга, 5500ү көп кабаттуу үйлөргө отурукташмак. Арча-Бешиктин техникалык-экономикалык негиздемесине ылайык, 2900 окуучуга ылайыкталган 8 мектеп; 1260 балага эсептелген 9 балдар бакчасы; аянты 1220 метр квадрат болгон 9 дүкөн; 2 мончо; 1 турмуш-тиричилик үйү; 7 ФАП; 1 беш кабаттуу мейманкана; 2 байланыш бөлүмдөрү (почта, сактоочу касса); 4 дарыкана түйүнү; 2 сүт азыктар ашканасы; 1 кафетерий; 3 базар комплекси; төрт кабаттуу 44 турак жай курулушу керек эле. Бүгүн ушул тизмедегилердин ичинен болгону 2 мектеп менен 2 ФАП гана курулган. Калган социалдык-маданий инфраструктуранын бири да жок. А №3 “Арча-Бешик” МТУсунун маалыматына таянсак, азыркы учурда “Арча-Бешик” жаңы конушунда 38 миң киши жашайт. Жеке турак-жай үчүн бөлүнгөн 3893 үйдүн ордуна 7336 жеке турак жай курулган.

Бишкек бийлигинин борбор калаанын жака белиндеги конуштарга өгөй баладай мамиле кылганы туура эмес. Эмне үчүн? Айталы, бүгүн Нарын областынын борбору Нарын шаарына салыштырмалуу Бишкектин Арча-Бешик конушунда эки эсе көп киши жашайт. Талас областынын борбору болгон Талас шаары да Арча-Бешиктен эки эсе кичине. 38 миң киши –- Кыргызстандын Нарын, Талас сыяктуу эки шаарынын калкы. Республикабыздын кээ бир райондорунда 20-23 миңдин тегерегинде эле эл жашайт. Бирок, Арча-Бешик шаар эмес, район да эмес, конуш деп аталат. Мэрия да ага конуш катары эле карайт, демек шаар бюджетинен да дал ошондой бир аз акча бөлүнөт. Анда жашагандар да “шаарга барып келели” дешет, шаардын борборуна чыкканда.

Ырас, Арча-Бешик электр жарыгына эрте жетти, бирок асфальт жол конушка 2010-жылдан кийин гана салынды. Арча-Бешиктеги негизги чоң трасса болуп эсептелинген Чортеков көчөсү менен Түштүк магистраль көчөлөрү асфальтталды. Жолго асфальт төшөлгөнү – буга чейин “Арча-Бешик” десе, “желкемдин чуңкуру көрсүн” деген маршруткалар жүрүп, таксилер каттап, конуштун тургундары транспорт жагынан оңуп калды. “Газпромдун” Кыргызстандагы спортту колдоо долбооруна ылайык, заманбап спорт комплекси курулуп, бул да Арча-Бешик үчүн кубанычтуу нерсе болду. Мына ушунун баары 38 миң киши жашаган Арча-Бешик түптөлгөндөн 20 жылдан кийин гана курулду. Мына арадан дагы жети жыл өткөн соң, шаардын мэри Албек Ибраимовдун тушунда Арча-Бешик конушундагы Д.Күйүкова, Ш.Термечиков көчөлөрүнө асфальт төшөлүп жатат, бу да буюрса, жакшылыктын жышаанасы. Ахунбаев көчөсүнүн батышка карай Арча-Бешикти аралай кеткен уландысында да жол оңдолуп-түздөлө баштады. Сыягы асфальт төшөлөт окшоду. Эгерде, андай болсо бул жакшы көрүнүш.

Ии, баса, акыркы 3-4 жылга чейин Арча-Бешикте таштанды чыгаруу маселеси өтө чоң көйгөйлөрдүн бири болуп келген, бул көйгөйгө мэр А.Ибраимовдун тушунда гана чекит коюлуп, былтыр чоң көчөлөрдүн кесилиштерине таштанды салуучу контейнерлер коюлуп, таштандылар ар бир короодо жумалап сасып жатпай, шаардагыдай күн сайын чыгарыла баштады. Бирок, ошентсе да Бишкектин конуштары өгөй балага айланган дегенибиз, айталы сөз болуп жаткан конушта ТЭОдо көрсөтүлгөн 8 мектептин ордунда эки мектеп гана бар. Демек, бул Арча-Бешикте жашаган балдар убап-чубап шаардын мектептеринде окуйт деген кеп. Арча-Бешик үчүн ТЭОдо 9 бала бакча белгиленсе, бүгүн 38 миң киши жашаган Арча-Бешикте муниципалдык бир да бала бакча жок. Таптакыр эле жок деп айтканда болбойт, бирин-эки жеке менчик бала бакча бар. Ал эми ал бала бакчаларга бир бала үчүн айына 7-8 миң сом төлөш керек. А ТЭО боюнча, 1260 орундуу 9 бала бакча болуш керек эле. ТЭО 25 миң кишиге гана эсептелгенин, а учурда конушта 38 миң киши жашарын эске алсак, демек, бери дегенде эле 2 миң орундуу 15тей бала бакча ушул бүгүн зарыл. Тилекке каршы, Арча-Бешикте бала бакча жоктугуна байланыштуу ата- энелер балдарын шаардын ичиндеги бала бакчаларга ташышат.

Айттык, Арча-Бешикке асфальт жол 2010-жылдан кийин түштү. Ырасында, конуштагы негизги чоң таш жолдор гана шаардын эсебинен жасалбаса, ички жолдорун анда жашагандар жыл сайын акча чогултуп, өздөрү жасап келатканы да чындык. Шагылды да өздөрү төктүрүп, бульдозерун да өздөрү таап, акчасын берип, түрттүрүп, түздөтүп келаткандар анда жашагандар өздөрү. Биз деле ошол конушта жашайбыз, мэрияга барып, жолумду жасап бер деген бир да арчабешиктикти көргөн жокпуз. Бир кездеги ээн талааны Бишкектин гүл бакчалуу конушуна айлантканы үчүн, барга каниет, жокко топук кылганы үчүн арчабешиктиктерге, алардын атынан жалпы эле Бишкектин жака белинде жашаган миңдеген конуш тургундарына ыраазычылык айтсак болот.

Бул айткандарыбыз бир эле Арча-Бешик конушуна эмес, Бишкектеги 57 конушка тиешелүү нерсе. Ал конуштарда да ТЭОдо белгиленген бала бакчалар, мектептер, жолдор, ж.б. күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү нерселер курула элек. Анын өзү шаар бийлигинин жаңы конуштарга өгөй баладай жасаган мамилеси эмей эмне?

Борбор калаа жылдан жылга өзгөрүп, жаңыланып барат. Бирок, анын жака белиндеги конуштар борбор калаанын борбордук бөлүгүнөн 50-100 жылга артта калууда. Жаңы конуштардын инфраструктурасы качан шаардын борборундагыдай болот, буга азырынча жооп берүү кыйын. Бирок, бизге бир нерсе дайын, бул үчүн шаар бийлиги конуштарга өгөй баладай мамиле жасабай, өз баладай мамиле жасап, жыл сайын шаар бюджетинен миллиондогон каражаттарды конуштардын инфраструктурасынын өнүгүшү үчүн жумшоого тийиш. Балким, жаңы конуштардын капиталдык курулуш маселесин тейлеген башкармалык ачып койсо, ал башкармалык да конуштардын көйгөйүн чечүү үчүн шымаланып киришер беле ким билет?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”