Президент бийликтин тынч өткөрүлүп бериле тургандыгына кепилдик берди

Чолпон-Атадагы №2 Мамлекеттик резиденцияда Президент Алмазбек Атамбаевдин жайкы маалымат жыйыны болуп өттү. Анда Мамлекет башчы акыркы жайкы маалымат жыйынын өткөрүп жатканын белгиледи. “Эгер ылайыгы келип калса кышында дагы 1-декабрдын алдында маалымат жыйынын уюштурабыз”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Иш-чарага 50дөн ашык журналисттер, саясатчылар жана эксперттер катышышты. Биз Президенттин суроолорго берген жооптору менен кыскартылган түрдө окурмандарды тааныштырабыз.

 Мамлекет башчы президенттиктен кеткенден кийин КСДП партиясынын катарын тазалоону пландап жатат. “Партияга жаңы муундар келиши керек. Парламентте партияны көрүп, андагы айрым адамдар үчүн кабатыр болосуң. Партия жаңы түптөлүп жатканда мен башында тургам, партия менин баламдай. КСДП 2020-жылы шайлоого барышы үчүн, аны бутуна тургузуш керек”, – деди ал.

Жогорку Нарынды чехтер курат

Эгер чехиялык «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы россиялык тарапка 37 млн. долларды төлөп берсе, анда аларга ишенсе болот. Төлөй албаса, башка инвесторлорду издеп баштайбыз. Мамлекет башчы журналисттерге мына ушундай пикирин билдирди.

Президенттин айтымында, ушуга окшогон долбоорлор пайда болгондон кийин “дароо айрымдар Атамбаевди жамандап башташат”. “Шашпаш керек болчу, россиялык «РусГидро” менен болгон келишими бузбаш керек болчу дегендер четтен чыгат”. Россиялык тарап менен келишимди бузганыбызды мен туура кадам деп эсептейм. Мен россиялык компания Жогорку Нарын ГЭСин жана Камбар-Ата ГЭСин курбай турганына ишендим. Мамлекеттик думада же парламентте кимдир бирөө жоопкерчилик алса, ал эч нерсени чечпейт. Биз бир гана Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлонушубуз керек. Бул долбоорлор ишке ашышы зарыл”, – деди Президент.

Чехиялык инвесторлор боюнча Атамбаев: “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда “Смелик” компаниянын башчысы бул суроолордун баарына жообун берди”, – деди. “Ал силер эмнеден коркуп жатасыңар деген суроону берип жатат. Болгону айрым жолдоштор, убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн тартып бул долбоордун ишке ашышын каалашпайт. Келишим жакшы түзүлдү. Ал Кыргызстан үчүн “РусГидро” менен болгон келишимге салыштырмалуу алда канча жемиштүү болот. Энергохолдингдин акционерлеринин жыйыны болгондон кийин, келишим боюнча чехтер карызды төлөөгө муктаж болушат”,- деди Атамбаев.

Мындан тышкары Атамбаев айрымдар долбоор ишке ашып кетет деп коркуп жатышканын белгиледи. “Ушуга чейин Атамбаев баштаган долбоорлор, Кудайга шүгүр, бүтүп жатат. Бул долбоор да ишке ашат. Аталган компания эч качан ГЭС куруп көрбөгөнүн айтып жатышат. Бирок Кыргызстан үчүн акчанын болгону маанилүү да. Эгер чехтер 37 млн. долларды төлөсө, анда аларга ишенсе болот. Эгер төлөй албай калса, анда башка инвестор издеп баштайбыз”, – деп кошумчалады өлкө башчы.

Максим жазаланчудай болуп калды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев боюнча жиптин учугу көрүндү, эми ал Англияда тиешелүү жазасын алат. Президент Алмазбек Атамбаевдин бул маселе боюнча пикири ушундай.

Президент бул иш мамлекеттик сыр болгонуна байланыштуу майдалап токтолгон жок. “Бул жерде бизде мүмкүнчүлүк пайда болду. Биз аны коё бербейбиз. Мен үчүн дагы бул эң маанилүү маселелердин бири”, – деп белгиледи А.Атамбаев.

Мамлекет башчы Максим Бакиевге утулган Улуу Британиянын соттору анын уурдалган каражаттарын алуусуна себепкер болгон. “Бул саам ал кутулуп кете албайт”, – деп кошумчалады А.Атамбаев.

Жээнбеков болбосо, Бабанов колдоо алмакпы?

Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында КСДП талапкерин көрсөтпөсө, Өмүрбек Бабановду колдомок экенин мойнуна алды. “Эгерде КСДПнын талапкери болбосо, Бабановду колдомокмун. Бул үгүт эмес, менин пикирим. КСДП өз талапкерин көрсөттү жана мен Жээнбековду Бабановдон жогору көрөм», – деп мойнуна алды Президент.

Себатты жаппай “Сапат” кылганыбыз туура болгон

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал өз сөзүндө Түркиянын таарынычы Кыргызстандын “Себат” билим берүү мекемесин жаппай койгону менен байланыштуу экенин билдирди. Аталган мекеме мыкты билим берип жатканын, андыктан ал жабылбай турганын, мамлекет анын 35 пайызын өзүнө алып, “Сапат” деп өзгөрткөнүн белгиледи.

“Түркиянын элчиси Кыргызстанда 3500 адам Гүленге иштеп жүрөт деп “Сапаттын” мугалимдерин айтты окшойт. Андай туура эмес”, – деген А.Атамбаевге Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалиловдун АКШда жашаган түркиялык диний аалым Фетхулла Гүленге жолукканы боюнча суроо да берилип, ага Президент: «Чубак Жалилов расмий кызматты ээлебеген адам, каалаганы менен кезигет» деген жооп кайтарды.

Текебаевге болушуп жатышабы, же Атамбаевге чабуул коюп жатышабы?

Президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Текебаевге болушуу үчүн эмес, мага каршы чабуул коюш үчүн биригип жатышат деген оюн айтты. Алардын көбү «былык» иштерим ачыкка чыгып калбасын деп коркуп жатышат деп билдирди. Атамбаев «Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин сотунда айтылган маселелер тууралуу суроого жооп берген учурда 2010-жылдын 13-майын эстей албай турганын, бирок 12-майдагы окуялар эсинде экенин белгиледи.

Президент ал күнү бийликти басып алуу аракети болгонун, өзү «Форум», «Кыргызавтомаш», «Дастан» заводунун кызматкерлерин, башка шаардыктарды баштап өкмөт үйүнүн алдына келгенин, ал кезде Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү качып кеткенин айтты. «Эгерде 12-майда биздин тарапкерлер болбосо бийликти колдон чыгармакпыз», – деп кошумчалады. Ал Ө.Текебаевдин иши боюнча сотко басым болуп жатат деп айтылгандарды четке какты.

Жаңы Премьердин ысымы августтун ортосунда билинет

Өлкөнүн жаңы Премьер-министри августтун орто ченинде, азыркы Премьер Сооронбай Жээнбеков президентикке талапкер болуп катталгандан кийин пайда болот. Президенттин пикири боюнча, Өкмөт башчы аны президентикке талапкер кылар замат ыйгарымдарын дароо эле тапшырууга милдеттүү эмес. Анткени, Боршайлооком кандайдыр-бир себептерден улам, аны каттабай коюшу да мүмкүн. Премьер-министр инаугурацияга чейин өз милдетин аткара алат. «Мен Президент болгондон кийин Премьер-министрдин ыйгарымдарын тапшырганмын. Азыр өлкө башка. Премьер-министр өз кызматын президентикке талапкер болуп катталгандан кийин тапшырып берет. Августтун ортосунда парламенттик көпчүлүк коалициясы жаңы премьерди жана министрлер кабинетинин жаңы курамын шайламакчы. Бул Өкмөт кийинки парламенттик шайлоого чейин иштейт деп ойлойм. Административдик ресурс колдонулбайт», — деп ишендирди Алмазбек Атамбаев.

Бийлик тынч өткөрүлүп берилет

Президент Алмазбек Атамбаев бийликтин тынч өткөрүлүп берилишине кепилдик бере турганын айтты. «Президенттик шайлоолордун жыйынтыгы кандай гана болбостон, таануу керек. Башкысы – биз добуштарды таза эсептөөгө кепилдик беребиз. Адамдардын өз добуштарын сатышы – башка кеп. Бул өтө кыйын. Айрым жарандар өздөрү үчүн жоопкерчилигин аягына чейин аңдай элек окшойт», – деди ал.

 

Даярдаган Т.ИСХАКОВ