Антисанитардык абалга кызыккан орган барбы?

Бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулардын ооруканасына түшкөндөрдүн көптүгүнөн орун калбай, адамдар коридорлордо жатып калышууда. Аталган оорукананын башкы врачы Гүлжигит Алиевдин айтымында, быйыл ичеги-карындын курч мүнөздөгү оорулары менен түшкөндөр арбын. “Биздин ооруканага кайрылгандардын саны 2016-жылдын алты айында 38 миң 191 адам болсо, быйыл ал 38 592ге жетти. Ал эми ооруканадан былтыркы жылдын ушул мезгилинде 11 351 адам дарыланып чыккан. Быйыл болсо ал 12 миң 952 адамга жетти. Ага биринчиден, кыш күндөрү сасык тумоонун көп болгондугу себеп болду. Экинчиден, жайдын ысык мезгили башталаары менен ичеги-карындын курч мүнөздөгү оорусунун көбөйүшү себеп, — дейт ал

Оорунун эң башкы себеби – эң жөнөкөй санитардык нормаларды сактабагандык. Бизде: “Ичеги карындын курч мүнөздөгү оорусу – колдун киринин оорусу” деп айтылат. Айрыкча дааратканага баргандан кийин колду жакшылап жууганды балдар түгүл чоңдор да унутуп койгон жаман адат бар. Колду таза жууганды балдарга күн сайын эскертип, үйрөтүп туруу керек. Айрыкча жайдын ысык күндөрү көчөдө ачык сатылып жаткан тамактарды алып жегенди токтотуу зарыл. Жашылча-жемиштерди эки-үч сыйра таза сууга жуубай туруп, бет аарчыга, этек-жеңге сүртүп алып жей берген адаттан арылбаса болбойт. Андан тышкары, ата-энелер балдарына таза сууну гана ичүүгө үйрөтүшсүн. Аптаптуу ысыкта бала арыктан же тазалыгы кепилденбеген жерден суу ичип жибериши ыктымал.

Мына ушунун баары ичеги-карындын курч мүнөздөгү оорусуна алып келүүдө. Мисалы, үйдө кожейкелер сууну алдын ала кайнатып, кайра муздатып, балдарына бергенди унутпоого тийиш. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында эмгектеп жүргөн наристелер көбүрөөк болуп жатат. Апалары балдардын колдонгон буюмдарын жууп-кургатып, оюнчуктарын таза кармоодон эринбесе экен дейбиз. Эмгектеген бала колуна тийгендин баарын оозуна сала берүүсүнөн ооруп, көп көйгөйлөр чыгып жатат”, – дейт Г.Алиев.

Аталган ооруканага күн сайын 200-250 адам кайрылат. Анын ичинен 80-100 адам оорунун өтүшүп кеткен түрү менен келишет. Булардын арасында балдар 88,6 пайызды түзүп, бир жашка чейинки наристелер 62,3 пайызга жетип жатат. Кыргызда той-аш көп. Тойдон тийген устуканды баштыкка салып алып сапарга чыккандан эт бүксүп, аны жеп алгандар жок эмес. Ысык күндөрү кычкыл татымдар менен аралашкан салаттардын муздаткычта сакталбай көпкө туруп калуусу дагы абдан опурталдуу. Ушул жылдын апрелинде Жалал-Абад облусундагы бир тойдо эски салаттардан массалык жабыр тарткан адамдар ооруканага жаткырылганы буга мисал.

Бишкектин базарларындагы антисанитардык абал тиешелүү органдардын көзөмөлүнөн чыгып кеткендей. Башкасын айтпаганда да, машинелер эки метр жерден кыжы-кыйма болуп өтүп, элдин түртүшмөсүндө самсы, мантыларды сатып жаткандарды тыйган эч ким жок. Ош базарындагы максым, кымыз, бозо саткан аялдар идишти жыты “атырдай аңкыган” чүпүрөк менен аарчып коюп, суусундук куюп бериши кадыресе көрүнүш. Ал жерде тазалыктын эң жөнөкөй талаптары да сакталган эмес. Жакын жерде идиштерди жууй турган чорго жок. Мындайды базарлардын администрациясы көрсө да көрмөксөн. Ич ооруп кыйнала баштаганда дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл. Үй шартында өз алдынча дарылана берүүгө болбойт.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”