Шайың кандай, Шайлообай?

Дүрбү

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышуучу партиялардын жана бир мандаттуу округдан шайлануучу талапкерлердин документтеринин толук пакетин кабыл алуу 18-октябрда токторун билдирди. Эми буга чейин камаарабай жаткан, өзүнө ишене албаган партиялар бири-бирине “куда түшүп”, бирине-бири “сөйкө сала” башташты. Ошол эле кезде шайлоочулардан колдоо таба аларынан күмөн санаган айрым партиялар шайлоо өнөктүгүнө катышуудан баш тарта башташты.

Анткен менен бул жолу да депутаттык креслого жетүүгө ашыккандар арбын. Анын үстүнө 120 депутаттын 90го кыскарышы “саясат самсасынан” татканып калгандарды бир топ эле бушайман кылууда. Буга чейин “Ата Мекен”  менен “Реформа” партиялары алгачкылардан болуп биригип “Эгемен” коалициясын түзгөн. Кийин ага октябрь башаламандыгы боюнча айыпталып абакта жаткан Жеңиш Молдокматовдун “Туран” партиясы кошулду. Андан соң “Ар Намыс”, “Улуттар биримдиги”, КЭДП партиялары менен “Элдик көзөмөл”, “Мекен сакчысы”, “Көзөмөл” жана “Мекендештер” коомдук бирикмелеринин жетекчилери “Ар намыс жана тартип” аталыштагы партиялар биримдигине биригишти.

Ал эми “Бир бол” менен “Республика” саясий партиялары “Альянс” саясий биримдигине баш кошушуп, кийинчерээк ага азыркы депутат Жанар Акаевдин Либерал-демократиялык партиясы да кошулду. Ошондой эле Марлен Маматалиев башында турган “Ынтымак” партиясына “Чоң казат” жана “Келечек” партиялары кирди. Бул саясий күчкө эми “Бирге”, “Эл үчүн” партиялары кошулат деген маалымат бар. Баса, “Ынтымак” партиясынын тизмесинде азыркы Жогорку Кеңеш спикери Талант Мамытов менен Алманбет Шыкмаматов да бар.  Мындан сырткары, буга чейин “кудалашышыптыр” делген Канат Исаевдин “Кыргызстан” партиясы менен Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиялары эми бирикпей турган болушту. “Бүтүн Кыргызстан” Исхак Масалиевдин “Коммунисттер партиясы” менен биригип бул альянсты А.Мадумаров жетектемей болду. Бул партиянын алдыңкы бештигинде Исхак Масалиев, азыркы акыйкатчы Токон Мамытов, активист Орозайым Нарматова бар.

Бул биригүүлөрдүн баары 2020-жылдагы шайлоолордо “сүткө оозун күйгүзүп алган” партиялардын, саясатчылардын азыр абайлап, “айранды үйлөп ичип” калганын көрсөтүп турат. Партиялардын көбү шайлоодон кийин “уйдан жок же уй байлаган жиптен жок” отуруп калуудан коркуп турушат.

Мурдагы шайлоолордо партияларга олчойгон акча бөлүп аягында ара жолдо калгандардын бул шайлоодо мүмкүнчүлүгү кенен. Себеби, алардын шайлоого жумшаган ар бир сому өзү үчүн гана иштейт. Ошол себептен бир мандаттуу шайлоо округдарынан ат салышкандар оголе көп. Алардын арасында азыркы депутаттардан Тазабек Икрамов, Дастанбек Жумабеков, Канат Исаев, Дастан Бекешев, Камчыбек Жолдошбаев, Алтынбек Сулайманов, Нурбек Алимбеков жана Искендер Матраимов бар.

Ошентип өзүн дагы бир ирет саясатта сынагысы келген экс-саясатчылардын айрымдары бир мандаттуу округдардан талапкерлигин көрсөтсө, айрымдары партияларга киришкен.  Мурдагы БШК төрагасы Акылбек Сариев, экс-депутат Арсланбек Малиев бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтүшсө, экс-депутаттар Ахматбек Келдибеков, Азамат Арапбаев, Исмаил Исаков, бир тууган Салымбековдор өңдүү эски жүздөр парттизме аркылуу кайрадан депутат болсок деп турушат. Эски жүздөрдөн бир мандаттуу шайлоо округдарынан Аалы Карашев, Дамира Ниязалиева, Туратбек Мадылбеков, Мелис Турганбаев, Нурланбек Шакиев, Нурбек Мурашев, Азизбек Турсунбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Нурбек Токтакунов, Акбөкөн Таштанбеков, Эркин Бөлөкбаев, Жусупжан Жээнбеков өңдүү бир топ саясатчылар өз талапкерлигин көрсөтүшкөн. БШКнын 10-октябрга карата берген маалыматы боюнча бир мандаттуу шайлоо округунан өз талапкерлигин жалпы 194 адам көрсөткөн.

Партияларга келсек сентябрь айында шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн 75 партиянын айрымдары шайлоого катышуудан баш тартышса, айрымдары жогорудагыдай ирилешип бир альянска бириге башташты. 18-октябрга чейин дагы бир топ партиялар оюндан чыгышы мүмкүн. Эксперттердин айтымдарында, учурда бардык эле партиялардын капчыгы шайлоо өнөктүгүнө катышууга жетиштүү эмес. Анын үстүнө көп партиялар буга чейин эл үмүтүн актай алышкан эмес.

Ал эми шайлоонун өтүшү тууралуу кеп кылсак, айрым саясатчылардын айтымында, бул жолу таза жана атаандаштык шайлоо болушу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Административдик ресурсту колдоно турган мурдагыдай бирдиктүү күч же бийликчил партия да жок. Добуштарды сатып алууга мурдагыдай калың капчыктуулардан түзүлгөн партиялар биримдиги да түптөлгөн эмес. Эксперттер болсо добуш сатып алуулар болуп, октябрь сценарийи кайталанса, Кыргызстан дагы бир төңкөрүшкө тушугарын жана ал экономикага өтө чоң сокку болорун айтышат. Президенттик администрация азыртадан шайлоого эч кандай кийлигишүү болбой турганын билдирүүдө.

 

Мелис СОВЕТ уулу,

“Кыргыз Туусу” 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *