Билимге кайдыгер жаштар

Көңүл өйүткөн ойлор

Билимге кайдыгер жаштардын мууну өсүп келатат. Улуттук илим тармагы деле кыйрап кеткен жок. Илимдин кандидаттарын, докторун станоктон чыгаргансып, “пачкалап” чыгарганыбыз менен жаштар арасында көзгө басар окумуштууларыбыз деле жок. Бул ачуу чындык.

Пандемия башталганы билим берүү тармагы кыйла артка кетти. Сабактардын онлайн режиминде өтүшү ансыз да китеп бетин ачып окубаган жаштарыбыздын билим алууга кызыгуусун ого бетер солгундатты. Көпчүлүк жаштардын билим деңгээли өтө төмөндөп кеткенинин эки себеби бардай. Бири кайдыгерлик болсо, кээ бирөө коронавирус менен ооругандар унутчаак болуп, эске тутуусу дагы начарлап калганын айтышууда. Мындайда коңгуроо кагылып, бул маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүшү керек эле. Бирок негедир, бул көйгөй көңүл сыртында калып, маани берген эч ким жок. Жаштардын билим алууга болгон кайдыгерлигинин, кабылдоосунун начарлашынын жана китеп окубай калгандыгынын себептерин иликтеп көрөлү.

Адам баласына табиятынан жаратмандык мүнөздүү. Анткен менен жаңы технологиялардын доору адам турмушуна өз алымча-кошумчаларын киргизип жаткандай. Бирок ошол өнүккөн технологиялар адам баласынын аң-сезимине, руханий дүйнөсүнө кандай таасир берет? Кеп мына ошондо. Учурда интернет аркылуу жер жүзүндө болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматтарды тез убакыттын аралыгында алуу мүмкүнчүлүгү жаралды, албетте, бул өнүккөн цивилизациянын жакшы жагы. Деген менен ошол эле учурда интернет булактарында ар кыл багыттагы жаштарды жолунан тайдырып, жүрүм-турумуна, психологиясына терс таасир берген маалыматтар менен оюндар, кинолор да жок эмес.

Ураа десе. Улунуп-жулунуп жөнөбөй, алды-артыбызды да карасак кантет? Дүйнөнү башкарган байлардын бири Билл Гейтс өзүнүн балдарына жана жакындарына 3 саат гана интернетти колдонууга уруксат берет экен. А биздин жаштардын колунан телефон күнү-түнү түшпөйт. Ал гана эмес, ата-энелер кичинекей балдарын сооротуш үчүн интернеттеги ар кыл оюндарды балдарына коюп беришет. Компьютерди канчалык узак колдонсо, ошончолук баланын ден соолугу начарлашы жана колдонуучу электро-магниттик нурданууга дуушар болору медицинада айтылып эле келе жатат.

Ырас интернет жакшы нерсе, аны казсаң, бардык керектүү маалыматтарды заматта таба аласың. Китепканаларга жүгүрүп, жолго убакыт кереги жок. Бирок, ошол эле учурда баары даяр болгон соң, анын өзү биздин ой жүгүртүүгө да таасир эткендей. Жаштардын логикасы өспөй, мурдунун учунан алысты көрө албай калганы мүмкүн ошондон улам болуп жүрбөсүн?

Кийинки муундагылардан эң жөнөкөй жадыбалды сурасаң айта алышпайт. Бул жакшы нерсе эмес. Жаш муундун акыл-эси өсүш үчүн жаштайынан ой жүгүртүүсү, ой чабыты кенен болушу абзел.

Балдар бешиктен бели чыга электе компьютер азгырыгына кирип кетишти. Мектеп жашына жете элек бала компьютердик оюнга ушунча кызыкса, өспүрүм курактагылардын азгырылуусун элестетүү кыйын эмес.

Көпчүлүк ата-энелер балдарын кем болбосун деген таризде ашыкча эркелетип, оюндагысынын баарын жасагандыктан ал балдарда каалагандай жашайм деген көз караш калыптанат. Социалдык тармактарга жогорку класстын окуучулары мугалимдерин шакаба чеккени, түртүп жана башка жосунсуз жоруктарды жасаганы байма-бай жарыяланып келет. Алардын мындай тарбиясыздыгын көрүп отуруп, келечегибиз кандай болоор экен туңгуюк суроого кептелесиң.

Жаштардын билим алууга жана китеп окууга болгон кызыгуусун начарлаткан дагы бир жагдай саны көп сапатсыз окуу жайлардын көптүгү. Кайсы окуу жайды алып карабайлы баардыгы акча төлөп, контрактын негизинде билим алышат. Акча төлөнсө болду, баары бир дипломго ээ болом деген кыязда жаштар, билим алуудан мурда каражат тапканга аракеттенишип, билим экинчи орунда калат. Окуу жайлар да, жаштардын билим деңгээлине караганда алар төлөөчү акчага басым жасап калышкандай.

Ал эми китеп окууга кызыгуунун жоктугунун бир себеби -жаштар окуй ала турган жеңил, жеткиликтүү жазылган китептердин тартыштыгы. Ошондой эле баладан сырткары үй-бүлө мүчөлөрүнүн китеп окубагандыгынын таасири жана айрым үй-бүлөлөрдө жашоо турмуштун начардыгы.

Мунун аягы келип келечегибизге кедергесин тийгизбей койбойт…

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *