Манасчылар руханий тууну кармагандар, Улуу өнөргө бүт өмүрүн арнагандар…

“Манас” муундан – муунга мурас болуп, ооздон-оозго өтүп турган. Таланты таш жарган эчен бир Манасчылардын ысмы эл ичинде жүздөгөн жылдар бою унутулбай, айтылып жүрөт”

Чыңгыз Айтматов

 

Ырамандын ырчы уулу

 Ырамандын ырчы уулу,

Ыр дүйнөсүн аралап.

Эл коргогон эрендин,

Эрдиктерин дааналап.

Эскерүүдөн эриген,

Эрте-кечте сабалап.

Ышкы отунун илеби,

Ыраак жерге таралат.

Улуттун улуу мурасы,

Умтулуп алга баратат.

Укпагандар уксак деп,

Урмат менен самашат.

Азаматтар тандалып,

Айтышууга камданат.

Ырга салган ысымы,

Ырас алгач аталат.

Урпактары бүгүнкү,

Ушуга кылып канагат.

Эл оозунан түптөлгөн,

Элдик эпос жаралат.

Эч убакта жоголбойт,

Элим турса саламат.

 

Сагынбай Орозбаков

Кеңеш өкмөт кел-кел заманында,

Кеменгерче баштаган кадамында.

Эл эсинде сакталган Эр Манасты,

Эртелеп жазып алуу алкагында.

Кепке тартып алп манасчы Сагымбайды,

Келберсиген Нарындын ак жайында.

Урмат менен алууга элдик баянды,

Умтулушуп илимпоздор жазганында,

Өрөпкүшүп, кубанып сүйүнүшкөн,

Өрнөк  болор бул ишти тапканына.

Өзгөчө жигер коштоп манасчыны,

Өз оозунан төгүлтүп айтканында.

Сакең чындап сап – сап ырды чубаган,

Сары майдай сактаган, катканында.

Мелмилдеген кыйырлар кала берген,

Мезгил сызып жаңылбас таскагында.

Китеп болуп ал эмгек турат мына,

Кыргыздардын руханий асманында.

 

II

Сагынбай айткан Манасты,

Сансыз саптан жаңылбай.

Зарурат ишти аткарган,

Санаага батып кабылбай.

Айтайылап издеген,

Атаандашы табылбай.

Уккандарды сүйүнтүп,

Уядагы өчпөс жалындай.

Айткандары уланып,

Айлап, жылдап арылбай.

Булар анык байлыктай,

Урпактарга зарылдай.

Канча окуя, сөздөрү,

Каны менен таралган.

Кубат алып туруучу,

Курчап турган замандан.

Таланты сүрөп күүлөгөн,

Тарых  түйнүң чечмелеп.

Жан дүйнөсү ташкындап,

Жаратмандык жетелеп.

Жаңы заман талабын,

Жакшы туюп түшүнгөн.

Ушу бойдон урпактар,

Укса экен деп күтүнгөн.

Оргуштаган ойлору,

Оозунуп турчу муздабай.

Жардам берип балдарга,

Жазгын дечи уктабай.

Азыркыдай шарт болсо,

Айткандарын бүтүндөй.

Адамзатка тарттуулап.

Аксакал айтмак тилегин,

Ак дилинен аруулап.

 

Саякбайдан бир сабак

Жылдардын бир жылында,

Кечээги өткөн кылымда,

Улуттук илимдер академияда,

Эки жигит иштеген.

Улуу Манас дастандан,

Илимий сыр издеген.

Эсеналы жана Райкул,

Колдору бошой калганда,

Эскини эске салганда,

Айтып күлүп калышчы

Келди — дешчи, — бир күнү

Мойнуна куржун асынган,

Кадимки Саякбай манасчы

өнөрдүн өр жолунда

Ким андан жол талашчы

Көтөрүп чаап куржунду,

Алгыла, — дейт акчаны.

Алып тең бөлгүлө,

Айткан сөзгө көңгүлө,

Бул силердин акчаңар,

Мен айтып силер жаздыңар.

Оозуман чыккан жел үчүн,

Акчаны кантип алайын?!

Өмүрдүн өтөп далайын,

Бекер оокат көрбөгөм,

Ачка жүрүп өлбөгөм.

Көрсө басмакана чакырып.

Китебиңиз үчүн деп,

Калем акы төлөгөн.

Аны салып куржунга

Бизди карай жөнөгөн.

Улуу адамдын мүнөзүн,

Айткан сайын күлөсүң.

Айтматов кезинде –

Алпеилин белгилеп,

Айкөл деген турбайбы!

 

Шапак Рысмендеев

Кайратына келгенде,

Калың эли уюлдай.

Биригишип, пир тутуп,

Бир кыйындык туюлбай.

Кайран баатыр Манастын,

Касиети ушундай.

Шапак айткан туусундай.

Окуялар кезмети

Оошпогон бузулбай.

Ага Манас айтууну,

Балык баштап үйрөткөн.

Кайран асыл Сагынбай

Кастарлаган, күүлөнткөн.

Найманбай менен Акылбек,

Назар салып гүлдөткөн.

Манастын ата тегинен,

Машырлантып сүйлөткөн.

 

Мамбет Чокморов

Кайран  Мамбет Чокморов,

Кадимки бала чагында.

Козу–улакты кайтарып,

Жүрүп аптап жайында.

Тастар тоону этектеп,

Оюн салып дайымга.

Жыргал күндү өткөргөн,

Аты тарап айылга.

Балалыктын заманы,

Баштан өткөн ар жандын.

Ата–эне сүйүнүп,

Алпештеген ардагын.

Бир кечте кабар тарады,

Айылды түп көтөрүп.

Кантип аны эскербей,

Кайманадай өтөлүк.

Козу–улагы бүт түгөл,

Жатат жуушап бейкапар.

А баладан дайын жок,

Айласын анын ким табар?!

Ата–энеси алсырап,

Карайт элди жалдырап,

Улуу–кичүү дебестен,

Көтөрүлүп бүт баары,

Тоонун үңкүр–чуңкурун,

Тинттүү салып бир даары.

Чындап эле чарчашат.

Баланын тагдыр–тарыхы,

Тынчытпай кайра аттанат.

Жума бою айылдын,

Тынч өмүрү дүрбөлөң.

Бир–биринен сурашат,

Айтсаң аны ким көргөн.

Анан туура шашкеде,

Тоодон түшүп ойногон,

Бала келет, эл көрөт,

Баарын тып-тынч койбогон.

Кайтып келген баладан,

Кайда жүрдүң дешпейби?

Бакыраң көз, балжууран

Бала чындап эстейби!

-Келип бир топ адамдар,

Көтөрүшүп алышып,

Дүрүлдөкө салышып,

Асман менен кеткенбиз,

Алыс жерге жеткенбиз.

Түлөө жасап мен үчүн

Жандык кармап союшкан.

Айтор, ойноп уктатып,

өз эркиме коюшкан.

Мындан кийин балага,

Суроо берүү тыйылган.

өз ара узак сүйлөшүп,

Тараган эл жыйылган.

Эртеси Мамбет балакай,

Ай-буюңа карабай,

Манас айтып шатырап,

Элдин оозун ачырат.

 

Уркаш Мамбеталиев

Айтайынчы Уркашты,

Айрымдарга курдашты

Эл аралап жаялбай,

Эске албай убакты.

Мээримдүү бир жан эле,

Мезгилди далай узатты.

Канча жанды жыргатып.

Жан дүйнөсүн кубантты.

Сыртта калып жатсада,

Сыймыктанып дайыма,

Сыр билгизбей башкага.

Сыпайы өмүр өтөдү,

Сылыктыгы жагынан.

Кыйла жандын көсөмү.

Машырланып калчу эле,

Майрам жасап көчөнү.

Көрүнбөгөн бир дагы,

Көңүлдөгү көксөөсү.

Чүнчүбөй майда–баратка,

Чүкөнү айкүр өкчөчү.

Өзү билген милдети,

Өксүтпөй мыкты өтөөчү.

Мамбеталиев Уркашты

Манасын айтса уксакпы?!

 

 

Түлөн АКМАТАЛИЕВ,

акын, журналист