Эсенбай АБДЫШОВ: “Адам өмүрү скальпелдин учунда”

Дени сак өмүр

М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун бөлүм башчысы, дарыгер— хирург Эсенбай Абдышов менен учурда кандай оорулар басымдуу болуп жаткандыгы тууралуу баарлаштык.

-Дарыгерлик кесипти тандоого эмне түрткү болду?

-Бала кезден эле дарыгер болуу менен кыялым болчу. 8-классты бүткөндөн кийин Каракол шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырып, фельдшердик факультетти аяктап, Ак-Суу райондук ооруканада медбрат болуп иштөөдөн эмгек жолумду баштагам. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын 1999-жылы бүтүрүп, ушул Улуттук хирургия борборуна келип ординатор болгом. “Дарак бир жерден көгөрөт,”- дегендей, ушул жерде талыкпай иштеп, учурда бөлүм башчылыкты аркалап келем.

-Сиздерге кандай оорулар менен көп кайрылышат?

-Биздин борбор кечиктирилгис хирургия деп аталат. Курч аппендицит, өттүн, уйку бездин ооруп калышы, ошондой эле бычак сайылып, ок атылып жаракат алып келгендерге операция жасалат. Күнүгө 25ке чейин операция жасайбыз.

-Учурда оорунун кандай түрлөрү көп катталууда?

-Заманга жараша кайсы бир оору көбүрөөк болот. Мисалы, 1992-2000-жылдары бизде ашказан жарасы менен ооругандар көп болчу. Азыр өттөгү таш оорусу, аппендицит көбөйдү. Мындай оорулардын көп болушу элдин жашоосу оңолуп калгандыгын айгинелейт. Анткени, бул оорулар ар кандай тамак-ашты көп жегендиктен пайда болот. Ошондой эле биздин сууларыбыз  өттө ташты пайда кылуучу суулардын катарына кирет. Ошон үчүн колдон келсе сууну фильтрден өткөрүп, тазалап ичкен оң. Тамакты дагы аз-аздан жеп, туура тамактанууга өтсөк өттө таш болбойт. Ошондой эле акыркы учурларда боордун  цирроз, альвеококкоз оорулары күч алды. Альвеококкозго мурда биз операция жасачу эмеспиз. Ачып туруп, “рак” деп кайра жаап салчубуз. Азыр ал ооруну ийгиликтүү операция жасап калдык. Альвеококкоз мите-курту бир жукканда эле миңден, он миңге чейин жумуртка менен жугат. Майда жумурткалары көрүнбөй кан менен башка органдарга өтүп кетет. Ал эми эхинококкоз бир чоң жумуртка болот да, башка органдарга чанда гана өтөт. Аны операция кылган жеңил болот.

-Бул ооруну дары менен жок кылууга болбойбу?

-Биринчиден, сөзсүз операция кылыш керек, экинчиден,  альбендазол деген дары бар. Ал операциядан кийин жумурткалардын көбөйүшүн алдын алат.

-Альвеококкоз эмнеден улам күч алып жатат?

-Өзүңүздөр билгендей бул оору малдан жугат. Жапайы жаныбарлардын заңы чөптөрдө калат, аны мал жейт. Ал ооруган малды сойгондо боору жарабай калыптыр деп итке берип коюшат. Иттен анан адамга жугат. Ошондой эле чала бышырылган эт менен дагы жугат. Мисалы, шашлык, манты, боор жегенде дагы жугушу мүмкүн.Советтер Союзу учурунда бул курттарды өлтүрүү үчүн ветеринардык кызмат жакшы иштеп, талаа-түздөргө, тоолорго атайын дарыларды чачып турушчу. Азыркы учурда ветеринардык кызматка жакшы көңүл бурулбай ушундай оорулар күч алууда.

-Мындан бир нече жыл алдын бизде боорду ийгиликтүү алмаштырышты эле. Эмне үчүн боор алмаштыруу операциялары жолго коюлбай келет. Элдер көп акча төлөп чет өлкөдөн боор алмаштырууга мажбур болушууда.

-Көпчүлүк адамдар биздеги дарыгерлер органдарды алмаштыруу операцияларын жасай албайт деп ойлошот. Бирок бизден медициналык билим алып кеткен индиялык студенттер, өз өлкөсүнө барып органдарды алмаштыруу операцияларын жасап жатышат. Ал эми биздеги көп бейтаптар Индияга, Түркияга барып операция кылдырышат. Бизде билимдүү, күчтүү, тажрыйбалуу хирургдар көп. Болгону аппараттар жетишсиз. Ошондуктан жасалбай калууда.

-Хирург кесибинин өзгөчөлүгү эмнеде?

-Хирургияда Мамбет Мамакеев айткандай кол менен баштын иштеши дал келиш керек. Башка дарыгерлер дары-дармек менен дарылап койсо, хирургияда операциясыз болбойт. Билимиң, ошол эле учурда өзүңдүн жөндөмүң  да болсо, мыкты хирург болосуң. Ал эми эптеп окууну бүтүп алып, “Мен баарын билем. Аюну деле мотоцикль тепкенди үйрөтүп жатышпайбы,”- деп жулуна берсең скальпель башкача кесет дагы, азабын тартасың. Адамдын өмүрү скальпелдин учунда эле.

-Хирургдун бычагына кабылбаш үчүн адамдар эмнеге көп көңүл бурушу кажет?

-Жогоруда айткандай көпчүлүк учурда адамдар ашыкча тамактануудан оорушат. Ошондой эле биз кыргыздар өзүбүздү көп карабайбыз. Бир жылда бир жолу УЗИге түшүп текшерилип кой десе, “Текшерилсең эле сөзсүз бир ооруну табат. Анан ошону менен ооруларың башталат,”- деп барышпайт. Ошентип оору өтүшүп, ракка айланып кетет. Анан бизге келгенде “мурда текшерилбей кайда жүрдүң эле,”- деп айтабыз. Адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок, андыктан бир жылда бир жолу  сөзсүз текшерилип туруу керек. Мындан тышкары адамга кыймыл-аракет керек. Көбүрөөк жөө басып, көнүгүү жасоо зарыл.  Илгери орустар айтмакчы таза аба, суу, күн жана жашоого болгон жаркын маанай болсо эле адамдар оорубайт.

 

Наргиза КОЗУБАЕВА,

“Кыргыз Туусу”