Кыргызстанда дан эгиндеринин дүң жыйымынын олуттуу төмөндөшү белгиленүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 0,9% га аз.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, бир миллион тоннадан ашык эгин (баштапкы кириштелген салмакта) же 34%га аз бастырылды.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттады. Мында, жалпы республика боюнча буудайдын дүң жыйымы 42,1%га, арпанын — 48,7%га, бакча өсүмдүктөрү — 14,6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү — 6,5%га, картошка — 5%га жана жашылчанын түшүмү — 1,6%га кыскарды.

Кабар МАБ