Таласта өрт кырсыгынын саны 8,5%га азайды

2021-жылдын 9-ай ичинде Талас облусунда 75 өрт кырсыгы катталып өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 8,5% азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн материалдык чыгым 12 млн 984 миң 451 сомду түздү.

Өрттүн кесепетинен 2 адам анын ичинен 1-жаш бала каза болуп, 12 адам жаракат алган (2020-жылы каза болгондор жок, 1 адам жаракат алган).

Белгиленгендей, 2021-жылы өрттөн 51 млн 976 миң сомдук товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык – 21 (28%);

— мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонуу – 10 (13,3%);

— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 13 (17,3%);

— балдардын от менен ойноосу – 9 (12%).

Кырсыктын аймактар боюнча бөлүнүшү:

— Талас шаарында — 9;

— Талас районунда — 14;

— Манас районунда — 19;

— Кара-Буура районунда — 23;

— Бакай-Ата районунда – 10 өрт катталган.

Кабар МАБ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *