“Кудайдан үмүт кылып 11 баланы асырап жатабыз”

Үлгү

Азыр да кымбатчылыкты, жумушсуздукту бетке кармабай ондон ашык балалуу болгон жаш үй-бүлөлөр бар. Алардын бири Кемин районунун Орловка шаарынын 39 жаштагы тургуну Алмаз АБДЫКАДЫРОВ менен 35 жаштагы Үмүт КУЛНАЗАРОВА. Учурда бул эки түгөй кыйналганына карабай 11 баланы жакшынакай багып, жети баланы мектепте окутуп жатышат. Улуу кызы 17ге чыккан, кичүүсүнө 1,5 ай болгон бул үй-бүлөнүн чакан үйүндө болуп, баарлаштык. Мамлекетке дооматын артпай ушунча баланы асырап жаткан бул үлгүлүү үй-бүлө чынында жардамга абдан муктаж экен. Макаланы окуган кайдыгер эмес боордоштор кайраттуу, сабырдуу, кийинки жаштарга үлгү боло турган каармандарыбызга кол сунушат деген үмүттөбүз

 -Алмаз мырза, алгач жубайыңыз менен кайсыл жылы, кандайча таанышып калганыңызды айтып берсеңиз?

-Өзүм Ат-Башыдан, жубайым Токтогулдан. Биз 2002-жылы Бишектен таанышып калганбыз. 2003-жылы баш коштук. Сегиз жыл батирлеп жашап жүрүп беш балалуу болдук. Балдарыбыз менен улам бир батирге которулмай. Балдарыбызды көргөндөр “балдарың көп экен, үйдү булгайт” деп батирин бербей коюшат. Ошентип Бишкекте бир топ жыл кыйналып жашадык.

Шаарда жашоо кыйындап кеткенде 2011-жылы бул жакка көчүп келип 6 жылдай батирлеп жүрдүк. 2017-жылы туугандар, атам жардам кылып, жетпегенинен кредит алып ушул чакан үйдү сатып алганбыз. Кредитти эки жыл төлөдүк. Үй каралбай калган орустун үйү болчу. Эптеп тегерек-четин  тосуп, оңдоп үй кылып келе жатабыз.

-Учурда 11 бала эмес 2-3 баланы багыш кыйын. Негизги каражат булагыңыздар кайдан болот?

Балдардан улам иштегенге шарты жок. Өзүм башында курулушта иштедим. Ден-соолукка байланыштуу курулуштан чыгып жеңилирээк деп такси кызматына өттүм. Башында таксини ижарага алып иштеп жүрдүм. Кийин тайкемдин машинесин алып айдап, оокат кылдым. Уулу армиядан келгенде машинени кайра берүүгө туура келди. Кийин ал кайра Россияга иштеп кетти. Ошондон тарта баягы машинени убактылуу алып Кеминден Бишкекке киши ташып иштеп жатам.

-Учурда канча балаңыз мектепте окуйт? Кийим, форма, окуу куралдары маселесин кантип чечтиңиз?

— Азыр мектепте алтоо окуйт. Азырынча балдарды толук кийинткенге мүмкүнчүлүк жок болгондуктан эптеп бирден ак көйнөк, кара шым, анан буттарына алып бердим. Калган жылуу кийимдерин кезек-кезеги менен суук түшкүчө бирден алып берермин деп турам. Балдардын кичүүлөрү улууларыныкын кийишет. Бизди түшүнгөн Орловкада бир-эки байке бар. Алар кээде кийим-кечектен каралашып калышат.

-Учурда канча балага жөлөк пул аласыздар? Мэриядан, жергиликтүү органдардан жардамдар болобу?

-Азыр сегиз балага 810 сомдон 6 480 сом алабыз. Келинчегим “Баатыр эне” болгондуктан энелер күнүндө айыл өкмөтү аз-маз белек-бечкек берип, куттуктайт. Өкмөт жактан көмүргө деп жыл сайын 2 000 сомдон беришет. Акыркы эки жылда шаарыбыздын мэри Бакыт Асаналиевич өз чөнтөгүнөн 5 000 сомдон материалдык жардам көрсөттү. Былтыркы карантин убагында Орловкадагы “Алтынкен” ишканасы азык-түлүк жагынан аз-маз жардам кылды. Ушуга да Кудайга шүгүр дедик.

-Мугалимдер сиздердин балдарды мектепке таза, тыкан келип, жакшы окушат дешет. Бул үй-бүлөлүк тартиптенби же балдарыңыздардын дээриненби?

-Мында келинчегимдин салымы зор. Апасы дайыма сабактарын карап, жардам берет. Былтыр онлайн окуп калганда гана балдар бир аз кыйналды. Негизи башынан баары жакшы окушат.

-Материалдык жактан кыйналып кеткен учурлар көп эле болсо керек?

-Адам болгон соң андайды да көрүш керек. Азыр аябай каржалып кеткен жокпуз, бирок кымбатчылык бир топ эле кыйнап койду. Азыр улуу кызым 17ге чыгып, КТУнун колледжинин 2-курсунда окуп жатат. Окуу акысы 27 000 сом. Аны окутуу милдетин эжем өз моюнуна алган. Кичүүбүзгө 1,5 ай болду. Кээде балдар ооруп калат. Андайда дарыканага барып акыбалды түшүндүрүп карызга дары алып турабыз. Каныкей деген дарыгер кыз бизди түшүнүп, керектүүлөрдү берип турат. Акча жокто бул биз үчүн чоң жардам.

-Азыр тамак-аш маселесин кантип чечип жатасыздар?

-Күнүңкү табылган акча күнүмдүк азык-түлүккө эле кетет. Мурда бир айлык азык-түлүк алып, ошону ченеп-өлчөп бир айга жеткирчүбүз. Азыр андай мүмкүнчүлүк болбой калды. Этти болсо үйгө келген коноктун шылтоосу менен эле жеп калбасак дайыма эт сатып ала албайбыз. Орловкада Эржан деген жигит жыл сайын Курман айтта курмандык чалып, элге таратат. Ошол жигит бизге шарты болгондо эт жагынан каралашып турат.

Бир айда биз эки мүшөк ун, жыйырма килограммдай кумшекер, 10 литр май керектейбиз. Эт, колбасаны жебейбиз деле.

-Кыргызда карым-катыш, той-топур, кошумча бермей деген бар. Бул жагынан кыйналып калган жоксуздарбы?

-Ооба, кыргыз болгондон кийин алыш-катыш болуш керек. Азыр акыбалыбыз мындай болуп турганда аны убактылуу кыскарттык. Жолдош балдар менен шеринебиз бар эле. Теңтуштарыма жагдайды түшүндүрүп “шеринеге катыша албайм, бирок жамандык жакшылыктарда кошумчамды берем” дегем.

Үйдү жылытуу маселесин кантип чечесиздер?

-Бизге бир кышка үч жарым тонна көмүр кетет. Былтыр акча тартыш болуп эки жарым тонна алдык эле февралда түгөнүп калды. Мүшөктөп алып бир мүшөк көмүрдү эки күнгө жеткирип жаттык.

-Сиздердин үй-бүлө жөнүндө жогорку бийликтегилер билишеби?

-Келинчегим 27 жашында жетинчи балабызды төрөп, 29 жашында гана “Баатыр эне” наамын алды. Бир күнү телевизордон ошол кездеги Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы “Эң жаш баатыр эне” деп 33 жаштагы таластык келинге үй белекке бергенин көрсөтүштү. Ал кезде менин келинчегим 29 жашта болчу. Анан биз тууралуу маалымат Өкмөткө жетпей калганбы же кол ийрисине тартат болуп тааныштык ойноп кеткенби деп отуруп калдык.

Үмүт КУЛНАЗАРОВА: “Бир мүшөк ун 15 күнгө жетет”

 -Сиз канча жашыңыздан бери балдар менен үйдө отурасыз?

-Мен 17 жашымда турмушка чыгып 18 жашыман бери эле балдар менен үйдөмүн. 27 жашымда сегизинчи баламды төрөп Баатыр эне болгом. Быйыл 35ке чыктым. Өзүм болсо 6 бир тууганмын. Ар бир баланы бергенге жараша Алла Таалам балдардын ырыскысын берет экен. Ошол ырыскы менен жашап жатабыз.

-Балдардын кийим-кечегин колго жууйсузбу же кир жуучу машине барбы?

-Көп жыл балдардын кийим-кечегин колго жуудум. Кээде эртең менен баштаган киримди түн жарымына чейин жууган учурлар болду. Кыштын күнү колдорум кадимкидей какшап чыкчу. Эки жыл мурун жолдошум мурда урунулган автомат машине сатып берип жыргап эле калдым.

-Нанды, тамакты күн алыс жасайсызбы же күнүгө жасайсызбы?

-Нанды күнүгө жасайм. Бир мүшөк ун он беш күнгө эле жетет. Бир килограмм кумшекер бир жарым күнгө жетет. Кумшекер жок болсо балдарым карандай чайды ичпей коюшат. Таттуу, жер жемиш, мөмө-жемиш алып бергенге дайыма эле мүмкүнчүлүк болбойт. Кээде тигини, муну жейм деп ыйлашканда “атаң келсе алып берем” деп алдап, сооротуп коём.

-Балдарыңыздардын баары мыкты окушабы же арасында жалкоороктору да барбы?

-Падемияга байланыштуу карантин жарыяланганга чейин баары жакшы окушчу. Карантин убагында чөнтөк телефондун жетишсиздигинен улам баары текши окуй албай калышты. Муну түшүнүп Орловка мэри Бакыт Чанчаров мырза менен шаардын №2 мектебинин директору Галина Владимировна экөө бирден чөнтөк телефон беришти. Балдарыбыздын баары ошол мектепте окушат.

-Учурда жаш келиндердин көпчүлүгү эки-үч баласын бага албай эле кыйналдык, кысталдык дешет. Сиз он бир баланы кантип багып жатасыз?

-Мен антип кейибейм. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө эле он балалуу болсок деп тилек кылчубуз, Кудайым бизге 11 бала берди. Көп жерде мени он баланын энеси деп сыйлап, урматтап турушат. Буга жеткен бар, жетпеген бар. Канчалаган энелер бала көрбөй зар какшап жүрүшөт. Азыр ден соолугум жакшы. Кудайым берем десе, жолдошум багам десе төрөгөндөн дагы деле качпайм. Баланы Жараткан сүйгөн пенделерине берет тура. Азыр убактылуу кыйналганыбыз менен балким балдарыбыздын арасынан кийин мыкты адистер, министрлер, таланттуу адамдар чыгаттыр. Ошол максатта балдарыбызды туура тарбиялаганга аракет кылып жатабыз. Жолдошум болсо болгон күч-аракетин жумшап бизди камсыздап, багып жатат. Ошонун акыбети кайтып кийин балпайган чоң ата, чоң эне болсок деген тилегим бар.

-Ызы-чуу болгондо балдарыңызды уруп-сабап ийген учурларыңыз болобу?

-Бала болгондон кийин урушушат, бир нерсе талашып ызылдайт, ыйлайт. Бирок, колуман келишинче сөз менен, мээрим менен тынчытканга аракет кылам. Кээде кошуна балдардын оюнчуктарын көрүп алышып “биздики эмнеге жок” дешкенде бир аз жаман болуп кетем.

-Бош убактыңызда тамаркасына жер-жемиш айдаганга мүмкүнчүлүгүңүз болобу?

-Мурда огородго картошка, пияз, помидор, бадыраң айдап алчубуз. Чоң жер болбогондуктан түшүмү деле аз болот экен. Кийин айдабай калдык. Кошуналардыкы бышып эле биздики негедир бышпайт.

-Он бир баланы жарык дүйнөгө алып келгенге ден соолук да керек. Учурда саламаттыгыңыз кандай?

-Кудайга шүгүр, жакшы. Кээде ооруп калган учурлар болот. Андайда балдарымды карап отуруп кайраттанып туруп кетем.

-Мугалимдер жашоо-турмушуңуздарга кызыгып үйүңүздөргө келип турушабы?

-Бейшегүл Жумалиева эжей эки жыл мурда “Адилет” коомдук бирикмесинин координатору Салтанат Урулдаеваны ээрчитип келип үй-бүлөбүз менен таанышып, балдардын кандай шартта окушарын көрүп, тартып кетишкен. Анын аркасы менен бир топ гуманитардык жардам алдык. Мектепке барганда айрым мугалимдер ата-энелерге бизди үлгү көрсөтүп, “Айрымдарыңыздар эки-үч балаңыздарды карай албай жатасыздар. Бул он балалуу үй-бүлөдөн үлгү албайсыздарбы. Балдарынын баары таза келишип, жакшы окушат”,-  деп калышат. Ошондо аябай сыймыктанып калам.

Мелис СОВЕТ уулу,

“Кыргыз Туусу”