Коом жана дин

Таблиги жамаат жана чыныгы Ислам

Кийинки жылдары өлкөбүздө таблигчилер кыймылынын кеңири жайылып жатканын байкоого болот. Алар «мусулман баалуулуктарын таратуучу» катары иш алып барышып, өздөрүнүн пикирлерин чечкиндүү түрдө таңуулоодо. Ал эми бул пикирлер биздин салттуу мусулмандык ишенимибизге ылайык келе бербейт, эл арасында келишпестикти жана шек жаратууну пайда кылышы мүмкүн.

Бул маселеге байланыштуу карапа­йым жарандар жана динге ишенгендер конкреттүү суроолорго конкреттүү жооп алууга муктаж. Мисалы: «Таблиги жа­мааттын» динди жайылтууга болгон каалоо­­су канчалык исламдын өзүнө туу­­ра келет»? «Мусулман кийими» жана «Батыштын тарбиясы» сыяктуу түшү­­нүк­­­төрдүн мааниси эмнеде»? Бул уюмдун маданияты биздин кыргыз мадания­­тына, азыркы коомдук турмушубуздагы мамилелерге туура келеби»? «Жалпысынан таблигдик идеологиянын теологиялык негизи эмнеде»?

Дегинкиси, маселени э башынан баштайлы. Кыймыл кантип жаралды? Негиз­­дөөчүсүнүн ким экенине, анын басып өткөн укмуштуу жолуна сереп салалы. “Таблиги жамааттын” негиздөөчүсү Мухаммад Ильяс Кандехлевинин айтымында, «даават» кыймылын (кыргызчасы –чакыруу, түшүндүрүү) түзүү идеясы ага 1925-жылы Меккеге экинчи ажылыкка барганда көргөн түшүнүн негизинде пайда болгон. Ошентип, ал 1926-жылы ал «Таблиги жамаат» уюмун түзөт. 1941-жылы бул кыймылдын 25 миң жолдоочуларынын катышуусу менен чоң машура (чогулуш) болуп өткөн. Бул мезгилде негиздөөчү жана анын жардамчылары ишти улантуучулардын тышкы жүрүм-турумуна түздөн-түз тиешелүү жамааттын үч негизги эрежесин иштеп чыгышкан, алар:

1) мусулман кийимдерин милдеттүү түрдө кийүү;

2) жаш муунга мусулмандык билимди алуудан мурда батыштыкын алууга ­тыюу салуу;

3) кыймылга катышуучулардын жалпы милдеттенмеси – дааватка чыгуу.

Балким, мындай эрежелер ошол заманда Британия империясынын колониясына айланган Индиядагы мусулмандардын абалына жана позициясына туура келген чыгар. Бирок ошол убакытта бул аймакта Индиянын мусулман коомунда диний негиздерди сактоого өбөлгө түзгөн татыктуу диний, диний-саясий жана консервативдик багыттар бар экенин эске алуу керек.

Белгилеп коюучу нерсе, Таблиги жа­мааттын бүгүнкү жолдоочулары кыймылдын негиздөөчүсүнүн кыялдарын ишке ашырып жатышат.

Негизги аспектилерин кененирээк талдап көрөлү.

Ислам теологиясында түш 3 категорияга бөлүнөт: мубашшират (кудайлык), нафсания (кадимки, күнүмдүк) жана шайтания (шайтандык). Түштүн аталган биринчи категориясы Алла-Тааланын элчилерине гана мүнөздүү. Бул аркылуу алар Кудуреттүү Кудайдан келечектеги жагдайлардын милдеттенмелерин же көрүнүштөрүн ала алышат – мисалы, Ибрахим (с.а.в), Жүсүп (с.а.в). Экинчи категория – нафсания. Түштүн бул категориясында адам кыялдарына жана эмнеге умтулганына байланыштуу түштөрдү көрөт. Мындай түштөр күнүмдүк түйшүктүн таасири астында, ошондой эле уктап жатканда болуп жаткан тышкы таасирлердин натыйжасында пайда болот. Үчүнчү категория шайтания деп аталат. Анда адам шайтандын азгырыгына дуушар болот. Мындай түштөр адамдарды жамандыктын көрүнүштөрүнө (бийликке умтулуу, мыйзамсыз баюу, жанкумардык жана бузукулук) байланышкан адамгерчиликсиз жана мыкаачылык иштерге түртөт. Ислам илиминде жөнөкөй адамдын түшү эч качан маалымат булагы, жүйөдалил же аргумент, деги эле кандайдыр бир милдеттенменин же өмүрлүк максаттардын булагы болгон эмес. Ушул себептен улам, кыялдагы түшкө гана негизделген диний чечимдерди орнотуу же жокко чыгаруу, ошондой эле ага ылайык жашооңузду багыттоо туура эмес болуп калат. Мухаммед Ильяс Кандехлевинин уйкудагы түшү аркылуу алган «Таблиги жа­маат» чакыруусун уюштуруу милдети тууралуу билдирүүлөрү социалдык жана психологиялык мүнөздөгү көй­­гөйлөрдү камтыйт.

Көпчүлүк аалымдардын жана теологдордун пикиринде, анын түшү нафсания же шайтания категориясына кирет. Бирок, эч кандай учурда аны кудайлык (мубашшират) деп таанууга эч кандай негиз жок. Бул аны пайгамбар деп таанытуу­­га түрткү берет. Бул Ислам баалуулуктарына жана ишенимдерине такыр каршы көз караш. Акыйда илими акыркы пайгамбар Мухаммед (с.а.в.) болгонун үйрөтөт жана чындыгында андан кийинки эч кандай пайгамбарлыкты тааныбайт. Демек, түш көрүүнүн негизинде түзүлгөн ар кандай диний кыймылдын эч кандай мааниси жана диний жакшылыгы болбойт, авантюристтик кыял бойдон калат.

Бул диндегилер аны негиздөөчүнү пайгамбар дебей, өздөрүн Исламга чакырган «дааватчыларбыз» деп гана айтканы менен өздөрүнүн жана башкалардын алданып жатканын элес албайт. Жана бул кыймылда болуунун өзү негиздөөчүнү пайгамбар деп таанууга алып келет.

Кыймылдын негизги максатына келсек – динди жайылтуу же динге чакыруу. Таблиги жамааттын жолдоочуларынын түшүнүгүндө, «Алладан башка Кудай жок» деген калиманын жайылышы, аныгы- диндин жайылышы.

Биринчиден, кыймылдын жолдоочулары Исламды эмес, Таблиги жамааттын эмирлеринин теологиялык көз караштарын жайылтууда.

Экинчиден, ээрчигендердин түшүнү­гүн­­­дө, динге чакыруу — пайгамбардын сүннөтү, бирок Мухаммед пайгамбар мындай сис­темалуу 40 күндүк (гашт) даа­­ватка чакырган эмес.

Үчүнчүдөн, дин – бул индивидуалдуу көрүнүш, жеке адамдын жеке түйшүгү, бул анын өзүнө гана тиешелүү. Адамдын ички дүйнөсүнө таасир этүү аракети анын жан дүйнөсүнө кол салуу катары каралат жана бул Пайгамбардын сүннөтүнө туура келбей тургандыгы түшүнүктүү. Курандын үч жеринде Алла-Таала пайгамбарына мындай деп айтат: «…сен аларга кепил эмессиң» (Сүрөлөр: Үй айбандары, 6/107; Топтошкон адамдар, 39/41; Кеңешүү, 42/6). Топтошкон адамдар (Зумар) сүрөсүнүн 41 аятында: “(Мухаммад с.а.в), аныгында сага Куранды адам баласы үчүн чындык боюнча түшүрдүк. Ошондо ким туура жолго түшсө – өзү үчүн. Ал ким адашса, ал өз зыянына. Сен аларга кепил эмессиң”,- деп айтылган.

«Таблиги жамаат» кыймылына тие­шелүү үч эреже жөнүндө кеп»

  1. «Мусулман» кийимин гана кийүү

Мусулман кийими — бул жаңы термин. Бул терминдин чыкканына жүз жылдан көп болгон жок, бирок ал исламдагы реалдуу түшүнүк катары диний адамдардын аң-сезиминен орун алды. Кээ бир учурларда динге берилгендер «диний кийимге» өзгөчө даража катары карашат. Мусулмандык же диний кийим эмнени билдирет? Эч ким конкреттүү түрдө жооп бере албайт. Ар бир адам өз элинин маданиятына мүнөздүү болгон салттуу кийимдердин кадыр-баркын билет. Кийимдердин, көйнөктөрдүн жана шымдардын салттуу түрлөрү бар, XIX кылымдын аягына чейин эч бир дин аалымы адамдын кийимине карап диний аныктама берген эмес. Анткени, ислам дининде диний же мусулмандык кийим деген түшүнүк жок. Кийим тигил же бул этникалык топтун же элдин маданиятына түздөн-түз байланышкан салттуу кийинүү болушу мүмкүн.

Качантан бери кыска шым, жакасы жок көйнөк (камис) мусулман кийими болуп калды? Же баары Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) айткандары боюнча жасалганбы? Дароо айтып коюу зарыл: хадистерде да, Куранда да «мусулман» же «диний» кийим сыяктуу формула жок. Куран дин менен салттын чегин так аныктап берген. Качантан бери Пайгамбарыбыздын сүннөтү салт катары ар бир мусулмандын жүрүм-турумуна шаблон болуп калды? Ал ар дайым үлгү гана болгон, бирок шаблон эмес, арабдардын кийим кийүү салты эч качан диндин белгиси катары каралбаган. Таблигчилердин индиялык-пакистандык кийимдери эч качан мусулмандык же диний кийим катары эсептелбейт, бул дин өңүтүнөн гана эмес, аң-сезим көз карашынан алганда да акылга сыйбаган абсурд.

Исламда диний кийимдердин бар экенин ырастоо – бул диндин тымызын христиандашуусу. Чынында эле, хрис­тиандыкта дин кызматчыларынын – поптун, монахтын рясасы, атайын ки­йимдери бар. Көргөзгөнгө тыюу салынган дене мүчөлөрүн жаап турган кийимди эмне үчүн диний же мусулмандык кийим деп аташыбыз керек? Бул өтө жөнөкөй көрүнүш. Кийим кийүү – инсандын коомдогу моралдык жүрүм-туруму. Адамдын кийими динге таандык болушу шарт эмес. Көптөгөн динчил эмес адамдар моралдык жүрүм-турумга ылайык кийинишет, башкача айтканда, одоно кийинбейт. Бул жерде дин эмес, тарбия чоң роль аткарат. «Дин жолундабыз» деп жүргөндөрдүн көпчүлүгүнүн жүрүм-турумунда атына заты шай келбегендик да кезигет. Кийим адамды мусулман же динчил кыла албайт, адамдын өзү мусулман же динчил болушу мүмкүн. Кийим — адамдын эстетикасына басым жасаган аксессуар. Кийимди динге таңуулоо – адепсиздик.

  1. Балдарга адегенде динди үйрө­­түүдөн мурда «батыш билимин» алуу­­­га тыюу салуу

Ислам дин катары жер жүзүн Батыш менен Чыгышка бөлбөйт. Ошондуктан, ал батыштык же чыгыштык билим берүүгө акцент жасабайт. Бул өңүттө илимдин улуттук, этникалык, өзгөчө диний тиешелүүлүгү жок. Илим – бул бүткүл адамзаттын ийгилиги, ал динамикалык түрдө дүйнөнүн бардык окумуштууларынын акыл-ойлору менен идеяларынын динамикалык түрдө жуу­рулушуп өнүгүүсү. Албетте, баланы тарбиялоодо диний маданият керек. Анткени дин адеп-ах­­­лакка үйрөтөт, адамдын жүрүм-турумуна негиз түзөт, бирок адамдын эркиндигине шек келтирбейт, анын ­коомго пайдалуу болуусуна жардам берет. Мусулман медреселеринде миң жылдар бою диний илимдер менен катар астрономия, математика, химия ж.б. сабактар бирдей деңгээлде окутулган. Балким, динди биринчи орунга коюу­ Таблиги жамааттын негиздөөчүсү жашаган мезгилде ошол аймакта (Индияда) керек болгон чыгар. Бул постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн, анын ичинде Борбор Азия элдеринин менталитетине жана маданиятына туура келет деп айтуу кыйын.

Мусулмандын (адамдын) билим алуусуна түрткү берген көптөгөн уламыштар, хадистер бар. Чынында эле, билим – бул күч, мейли ал батыштык же кытайлык болсун, деги эле биринчи кезекте диний сабаттуулук берилсе да, себеби билим жаратылыштын сырларын издөөгө негиз түзөт, адамдын ишенимин бекемдейт.

  1. Дааваттын (динге чакыруунун) бардык мусулмандарга жайылтылышы

Биз бул маселени пикирибиздин башында эле айтканбыз. Элестетип көрүңүз, бир мусулман башка мусулманга келип: «Алладан башка Кудай жок», — деп айт» дейт. Бул сөздү таңуулай берүү адамдарды динден алыстатып жибериши да мүмкүн.

Тарыхый булактар  XX кылымдын башында британдык Индия аймагында диндин абалы өтө аянычтуу болгонун көрсөтөт. Өлкөдөгү мусулмандар саясий жана со­циалдык кызыкчылыктар үчүн динден баш тарта башташты жана өздөрүнүн индиялык диний маданиятына кайтуу башталды. Ошондуктан, мусулмандарды Ислам динине кайтаруу Таблиги жамааттын негиздөөчүсүнүн биринчи кезектеги милдети болуп калды. Баары логикалуу, албетте. Бирок эмне үчүн Кандехлеви жаңы кыймылды түзүү демилгесин Сауд падышалыгына ажылыкка баргандан кийин баштаган. Бул эч кимди кызыктырган эмес. Бир нече жылдан кийин Сауд Арабиясынын падышалыгы расмий түрдө ваххабисттик идеологияны карманган өлкөгө айланат.

XIX кылымда ваххабизмдин пайда болуусу коомдун ыркы кетүүсүнө жана адамдардын диндин негизинен баш тартуусуна байланыштуу болду. Аларды динге кайтаруу таблигчилердин ыкмаларына караганда, ашкере радикалдык жол менен жүргүзүлгөн. Кыязы, маселе таблигди негиз­­­­дөөчүнүн түш көрүүсүнө байланыштуу эмес сыяктуу. Ал өз кызыкчылыгын көздөө менен катар сауддийлер менен тыгыз мамиле түзгүсү келгендир. Бул – божомолубуз. Чындыгын бир Алла-Таала билет. Бирок, «Таблиги жамаатты» жолдоочулар эмне менен алпурушуп жүргөнүн тереңирээк ойлонушса, бул жол кайда алып барарына баам салышса дейм.

Кыймылга баа берүүчүлөрдүн пикирлерине карасак, бардыгы дээрлик бул уюмду саясаттан тышкары болушу керек деп эсептешет. Таблигчилердин өзүлөрү да саясатка кийлигишпөөгө, социалдык кубулуштарга астейдил мамиле жасоого чакырат. Алар Ислам жана исламдык катнаштар бар болуп турганда саясаттын зарылчылыгы жок деп эсептейт. Чынына келгенде, таблигчилер бизди жана өзүлөрүнүн жактоочуларын бейсаясат менен алдап жаткандай. Адамдардын кандайдыр бир бирдиктүү коомго биригүүсүнүн өзү ­саясий кадам болуп эсептелери мурдатан эле купуя нерсе эмес. Себеби, бул диний ураандардын астындагы жыйындар «исламдык» чогулуш ж.б. деп аталса да, анын алга койгон максаттары бар.

Төртүнчү халиф Алинин (р.а.) бийлиги доорунда хариджиттердин да «Алланын өкүмүнөн (мыйзамынан) башка өкүм жок» деген диний урааны болгон. Ал эми таблигчилерде – «Мусулман, мусулман бол!» делинет. Бирок, мусулмандык, бул – эмне? Адамдын коомдогу диний же саясий позициясыбы түшүндүрүлбөйт.

Таблигди негиздөөчү Мауляна Мухаммад Ильяс Кандехлевинин Индияда британдыктарга каршы активдүү күрөшкөнүн, жана биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Осман халифатын калыбына келтирүүнү колдогонун бардыгы биле бербейт. Ушул кыймыл «Джамаатуль-Исламиянын» негиз­дөөчүсү М.Маудидини таш-талкан кылган чечим чыгарган. Бул, албетте, саясат. Адилетсиз атаандаштык. Социологияда бул – кош стандарттуулук деп аталат.

Жогоруда айтылгандардын бардыгын эске алганда, таблигдердин кыймылы бирден-бир «туура жол» эмес экени жана ал ички карама -каршылыктарга толтура экендиги белгилүү болду. Ага катышуу – динин бек кармаган мусулмандар үчүн адашуу, чыныгы Исламдан алыстоо. Көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде биздин кошуна өлкөлөр «Таблиги жамааттан» прогрессти көрбөгөн соң, өз өлкөлөрүндө коопсуздукту сактоого байланыштуу, бул диний агымдын ишмердүүлүгүнө тыюу салышты. Биздин муун ата-бабаларыбыздын маданиятына, үрп-адаттарына жана салттарына чыккынчылык кылбай, Кыргызстандын келечекте гүлдөп-өсүшү үчүн тиешелүү чечимди кабыл алышы керек. Кылымдар бою кыргыз эли ханафиттик ислам жолунда жүрүп, аны эң прогрессивдүү, салттуу жана алгылыктуу деп эсептеген.

 

Бекмурат КЕМЕЛЖАНОВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *