Маркум Табылды Эгембердиевдин стелла-айкели орнотулду

«Шоро» компаниясынын Бишкектеги баш кеңсесине маркум ишкер Табылды Эгембердиевдин стелла-айкели орнотулду. Стеллада Табылды Эгембердиевдин ишкерлик жолу чагылдырылган.

Сүрөттүн башында чакан казанга кайнап жаткан жарма, анын базарга чыгышы жана чоң компанияга айланышы тартылган. Анын алдында ишкердин андан аркы келечекти көрсөткөн тулкусу орнотулган.

“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, публицист, ишкер Т.Эгембердиев 1990-жылы май айында «Кыргызстан» демократиялык кыймылы (КДК) саясий блогун негиздөөгө катышып, анын Башкармалыгынын мүчөсү болгон жана Кыргызстанды демократиялаштыруу жүрүмүнө салым кошкон. 1992-жылы иниси Жумадыл Эгембердиев менен бирге улуттук суусундуктарды чыгарган «Шоро» компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу «Супара», «Супара-Чуңкурчак» этнокомплекстерин түптөгөн.