Бишкекте “Парковка” рейди өтүүдө, үч күндө 1,6 миңден ашуун айдоочуга айып салынды

Бишкек шаарында “Парковка” аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейд 11нен 15-октябрга чейин өтөт. Үч күндүн ичинде айдоочулар тарабынан туура эмес токтотулган 1 миң 619 автоунаа аныкталган.

«Парковка» рейдинин максаты — жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле жол тыгындарын болтурбоо болуп саналат.

«Жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыздоо максатында мындай рейддик иш-чаралар мындан арыда улантылат», — деп кошумчалашты Кайгуул кызмматынын басма сөз кызматынан.

Кабар МАБ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *