Кыргызстанда бир суткада 11 миң 287 адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 287 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 51 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 236 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 888 миң 484 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 672 миң 98 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кабар МАБ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *