Кыргызстанда 1-ноябрдан баштап электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт

Кыргызстанда 1-ноябрдан баштап электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Энергетика министрлигинин Электр энергиясы боюнча мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Айбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, пландалган оңдоп-түзөө иштери өкмөттүн токтомуна ылайык жүргүзүлдү. Ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында аткарылды.

“2021-жылдын 1-ноябрынан тарта электр энергияны пландалуу өчүрүүлөр болбойт. Бир гана авария жана калыбына келтирүү иштеринде гана өчүрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Кабар МАБ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *