Эртең Бишкекте кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт

Эртең, 15-октябрда КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында министр Данияр Амангелдиевдин жетекчилиги астында кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өтөт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын 10:00дө башталат.

Корей тараптан комиссияга Корея Республикасынын экономикалык маселелер боюнча тышкы иштер министринин орун басары Ли Сонг Хо жетекчилик кылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-отурумунун протоколуна кол коюлат.

Кабар МАБ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *