Чек ара боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү тогуз күнгө созулду

Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын делегацияларынын чек ара боюнча сүйлөшүүлөрү соңуна чыкты. Кезектеги сүйлөшүүлөр тогуз күнгө созулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча биргелешкен аракеттерди улантышты. Бул маселе боюнча Өзбекстан делегациясынын жетекчиси Илхом Неъматов Кыргызстандын вице-премьер министри Жеңиш Разаков менен жолугушту.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-өзбек чек арасы 1 миң 379 чакырым болсо, бүгүнкү күндө анын ичинен 1 миң 55 чакырымы такталган.