Баян Есентаеванын китебин окуган Седокова көзүнө жаш алды

Украиналык ырчы Анна Седокова казакстандык актриса Баян Есентаеванын китебин окугандан кийинки сезимдери менен бөлүштү.

Учактын салонунда отурган ырчы китеп тууралуу пикирин өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

«Мен азыр учакта сиздин китебиңизди окуп баратам. Сиз башка аялдар айтпаган нерселерди жазыпсыз: өлүм, көралбастык, жек көрүүчүлүк, жолдошуңдун көлөкөсүнө айланбай ийгилик жаратуу сыяктуу турмуштук окуялар камтылган. Сонун китеп экен», — деп Седокова жазган.

Анткен менен айрым интернет колдонуучулар Седокованын постуна ишенбестик көрсөтүп, казакстандык актриса китепти жарнамалоо үчүн ага акча берген деп күмөн санашты.

Есентаеванын «Баян. Обо мне и не только» деген аталыштагы китеби июлда 20 миң нуска менен сатыкка чыккан. Бир китептин баасы 3750 тенге турат.

Эске салсак, былтыр 10-июнда белгилүү продюсер Баян Есентаева катуу сабалып жана бычакталып ооруканага түшкөн.

Кылмышка шектүү делип анан жолдошу Бахытбек Есентаев камакка алынган.

Кийинчерээк Есентаева күйөөсүн кечиргендигин билдирип, соттон аны эркинен ажыратпоону суранган.

Ал эми сот Есентаев оор кылмыш кылгандыктан, эркинен ажыратпай кое албай турганын билдирген.

Булак: Спутник