НТС телеканалынын журналисти жол кырсыгынан каза тапты

НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жол кырсыгынан каза болду.

“Кабар” агенттигине Айбектин кесиптештери билдиргендей, кырсык 30-июлда эртең менен болгон.

“Учурда сөөктү Ошко алып кетишти. Биздин каналда ал журналист-стажер болчу”, — дешти Айтбаевдин кесиптештери.

ЖМК жана күбөлөр билдиргендей, жол кырсыгы 30-июлда 5:00 чамасында Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылынын аймагында болгон. Subaru маркасындагы эки унаа сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча 6 адам жабыркаган. Облустук милициядан аларга маалымат түшпөгөнүн билдиришти.